Эркин Эгембердиев:«ЭРКЕКТЕР МЫШЫК СЫЯКТУУБУЗ, ЭРКЕЛЕТКЕН САЙЫН ДАГЫ ДЕЙБИЗ»

Туулган жери – Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылы
Туулган жылы – 1985-жыл
Бою – 175 см
Салмагы – 81 кг
Кинодогу ролдору – «Белгисиз маршрут», «Боз салкын», «Сен эмне кылмаксың?»
Театрдагы ролдору – «Аюу» (Чехов), «Үйлөнүү» (Гоголь), «Абийир кечирбейт» (Абдумомунов)

Таланты, кинолордо жараткан образдары менен элдин эсинде калган актёрлорубуздун көзгө толумдууларынын бири – Эркин Эгембердиев. Бул жигит кесиптештеринин арасында курчтугу, анча-мынча тентектиги жана ачык, шайырлыгы менен бөлүнүп турат.

– Байланышканымда «конокто жүрдүк эле» дедиң, отко киргизип чакыргандардын аягы дале сууй элекпи?
– Үйлөнгөнүбүзгө 9 ай болду, отко кирип эле жатабыз, кирип эле жатабыз, күйүп кеткен жокпуз. Эл көзүндө жүргөн адам болгондуктан туугандарыбыздан, тааныштарыбыздан сырткары күйөрмандарым деле чакырып жатышат. Чакырган жерден калбай таттууларыбызды көтөрүп алып келинчегим экөөбүз жөнөп калабыз. Кыргыздын каада-салты аябай жакшы экен. Салтыбыз үй-бүлөнүн өнүгүшүнө бир топ салымын кошот десем жаңылышпайм. Отко киргизгенде идиш-аяк берет экен ырымдап. Диана экөөбүз үйлөнгөндөн бери бир чыны да алган жокпуз. Ошол идиштерге тамак ичип жатабыз.

– Диана кайсы жердин кызы?
– Келинчегим Нарындын Кочкор айылынан болот. Бирок шаарда чоңойгон. Күндүз борбордогу банктардын биринде иштесе, кечкисин ресторанда ырдайт.

– Эки жумушта иштеп сага караганда көп акча табат турбайбы анда?
– Анын тырбалаңдап эки жума иштеп тапканын мен кээде эки саатта таап коём. Тойлорго тамадалык кылам. Кинолорго үн коштойм, көрнөк-жарнак тартабыз же аларга өзүм тартылам, кыскасы, көп эле табам.

– Келинчегиң ресторанда иштесе кеч келет экен. Мындай көрүнүш эркектерге жакпайт го же сага жагабы?
– Жаңы үйлөнгөнүбүздө «иштебейсиң» деп тыйып койгом. Өзүм деле үйгө кеч келем да. Анан Диана эртеден кечке телефон чалып «кайда жүрөсүң, качан келесиң?» деп, телефондон чыккан үндү тыңшап «саунада жүргөн жоксуңбу?» деп кыйкым таппай кыйнала берди. Үйгө барсам урушкусу келип турат. Ойлонуп отуруп, кайрадан иштесе иштесин деп уруксат бергем. Сүйүнгөн боюнча иштеп кетти.

– Кызганбайсыңбы?
– Жок. Бири-бирибизге болгон ишеним күч.

– «Нарындык кыздар жагат» деп жүрүп, акыры кыялыңа жетиптирсиң да?
– Ооба, ошентип айта коём деп нарындык чоң эле бир эжеден укмуш жеме уккам. Жеме эмес, мени жеп сала жаздаган. Бир жолу телеканалдардын биринде түз эфирде отургам. Бир кыз телефон чалып «кайсы жердин кыздары жагат?» дегенинен «Нарындыкы, анткени алар ысык-суукка чыдамдуу келишет» дедим. Анан ал кыз «кожабы?» деп жатпайбы. Бышык, айрылбайт, кытайдыкы эмес деген мааниде. Мен «ооба, кожа» деп койгом. Бир жолу маршруткадан мага катарлаш турган эже мени бир карап туруп, ого бетер жакындай түштү. Бетиме карап алып, «уяты жок десе, эмне нарындыктарды кожа дейсиң?! Мына мен дагы нарындыкмын. Менин кыздарымдын баары сага кожа болуп калдыбы?!» деп шыбырап уруша баштады. Жөн эле тирмиңдейт. Мен шыбырап «кечирип коюңуз, эже» дегенден башка эч нерсе айта албайм десең. Анан дагы кээде айрымдар менден сурап да коюшпайт, жабыша турушат да, чырк дедирип телефондоруна тартып алышат. Ай деп ыңгайсыз боло түшсөм, «эмне?» деп кайра мени жаман көздөрү менен карап коюшат. Эми кызык адамдар көп да.

– Кинодогу ролдоруңа байланып көрөрмандар сага тийишсе кандай жооп кыласың?
– Аябай жаман реакция кылам. «Бир жолу кафеде отурсак, милиция кызматкерлери тийишип, кол көтөргөнгө чейин барышты» дебедим беле. Ал иш видеого тартылып калыптыр, ошону көтөрүп алып арыз жазып, башчысына киргем. Ал «кыргызча эле бүтүрөлү» дегенинен болбой койгом. Анан тийишкендер кечирим сурашты. Кийин «наамдарын алып койдук» дешти. Ошону менен ал ишке кайра кайрылган жокмун.

– Ата-энең, бир туугандарың тууралуу кеп салсаң...
– Ата-энем беш балалуу болгондуктан көп жер, анан мал алышкан, илгери Союз убагында. Азыр ошону менен алектенишет. Балыкчы шаарынын жанындагы Таш-Сарай айылында турушат. Биздин айыл тоонун боорунда, шар аккан суунун боюнда жайгашкан. Балалыгым мына ошол таза аба, кооз жаратылыш коюнунда өттү. Балдардын улуусу болгондуктан, төрт иниме өтө күйүмдүү болуп өстүм. Эрте да жетилдим. Үй-бүлөлүк кризис болуп, эл кийген кийимди кие албай, эл ичкен тамакты иче албай калган да учур болгон. Жокту көп баштан өткөргөндүктөнбү, жөнөкөй, түшүнүктүү баламын.

– Материалдык байлыгың кандай?
– Өтө баймын. Жакында машина алам, батирде турам дегендей :)

– «Жылдызмын» деген ырыңдан кийин ырчылар нааразы болушкан жокпу?
– Өзүмдүн эле агам Замир Арыкбаев катуу таарынды.

– «Демдин» жигиттеринин катуу тамашалашарын көргөм. Аягында кызаңдап урушуп кетпейсиңерби?
– Ооба, катуу тамашалашабыз, моокумубуз кангыча. Бирок бизде урмат-сый күчтүү. Улууларды кичүүлөр сыйлап, ийменип турабыз. Ортодо бекем ынтымак бар. Жамандык-жакшылыктарда чогуу болобуз. Биз үйдө 10 эле саат болуп, аны дагы уйку менен өткөрөбүз. Калган учурда «Демдин» балдары чогуу жүрөбүз. Театрда иштегендерди мен өтө сыйлайм. Баягыда бир милиция кызматкери «мен болгону 27 000 сом алам. Качан айлыгыбыз көтөрүлөт?» деп кыйкырып жатат. Бизде болгону 5000 сом айлык. Бир да жолу нааразыланып «качан көбөйөт?» деген эмесмин. Театрда эң көп алган адамдыкы 7000 сом.

– Орган кызматкерлерине катуу таарынып калган окшойсуң, ээ?
– Жок, андай эмес. Милиция досторум көп. Полковник дос агаларым бар. Кафеде «бир карын майды бир кумалак чиритет» болуп кетти да.

– Өзүң жөнүндө айтылган ушактардын түбүнө жетесиңби?
– Эл арасында айтылып жаткан сөздөргө көңүл деле бурбайм. Бирок өз чөйрөмдө айтылып жатса, аны териштирип, түбүнө жетем.

– «Нервим жука» деп моюнга алып жатасың, жубайың экөөң үйдө көп урушат экенсиңер да?
– Диана менден болгону 3 жашка кичүү. Ошого карабай мага «сиз» деп кайрылат. Сыйлаган үчүн мени менен такыр урушпайт. Урушпаган киши менен кантип урушам?

– Диана сени кантип эркелетет?
– Эркелеткенде да шумдук эркелетет, улам жаңы сөздөрдү таап чыгып. Аны айтпай эле коёюн, уялып жатам. Эркектер мышык сыяктуу келебиз. Эркелеткен сайын дагы эркелетсе дейсиң. Мен аны «мутуска, кара жаным, мышыгым, коёнум» дейм.

– Келинчегиң кайын журтка кандай келин болууда?
– Биз беш эркекпиз дебедимби, ошондуктан Диана үйдүн келини эмес, кызы болуп жатат. Апам экөө курбу. Апамда болгон жаңылыктарды «апей, сен билбейсиңби?» деп мага айтып келет. Баса, менден кичүү инимдин кызы бар. Биздин үйдүн ханышасы мына ошол карындашым Арууке. Баарыбыз жантыгыбыздан жата калып жакшы көрөбүз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эркин Эгембердиев эми ырчы болом дейт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
konfetka_love
2013-05-06 13:47:06
Baktyluu bolgula! Koz tiibesin!
0
Angel92
2013-05-06 14:41:16
Суйуунуздор очпосун
0
nazira1989
2013-05-06 20:40:56
Бактылуу болуп,ишинерди ийгиликтер коштой берсин.ДЕМдин жигиттеринин баары сыйлоого татыктуу адамдарсынар,талантынарга таазим.
0
ruslan1969
2013-05-06 21:00:09
озун мышыкка окшош болсон эле баардык эркектерди мышык кыла бересинби
-4
altinim
2013-05-09 21:17:36
ruslan1969, уаахахаааа
0
maksimus
2013-05-07 16:44:51
Арстанбыз да асртан
0
general2030
2013-05-08 08:22:29
Бактылуу болгула, чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын Эркин ака...
0
RIO
2013-05-09 10:12:00
Кыргыздын чыныгы тайманбас жигиттери алга! Кандай бактылуу адам, оз жан дуйносунун азыгын тапкан.
0
nazarova_89.28
2013-05-10 22:11:11
ммм да жакшы жакшы
0
aizish
2013-05-12 11:27:15
бактылуу болгула! Ошол "Турмушка жол"- деген кыска тасманызды корууго болобу?
0
Mir4ik
2013-05-12 23:28:56
Мышыка окшошпуз дейби акем лучше арстан денчи....
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан