Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир абышка-кемпир жашаптыр. Алардын ичер суусу түгөнүп баратканда шаарда жашаган небересин чакырып, керээзин айтмакчы болушат. Чоң ата, чоң энеси тирүү кезинде кыштакка өмүрү басып келбеген небереси алардын катуу ооруп жатканын билип, күттүрбөй жетип келет. Максаты – абышка-кемпирди жерге берип, үйүн сатып, акчасын кем-карчына жумшоо. Чоң атасы небересинин башын сылап:
– Кичинекейим, биздин тукум улоочубуз сенсиң. Биз көз жумганда бейитибизге келбесең да, ушул атаң чоңойгон үйгө келип куран окуп тур. Эч кимге сатпа, бербе дагы. Ар айда келип биз отурган бактарды сугарып, күзүндө түшүмүн жыйнап ал. Адал эмгек менен тапкан ашың дайыма таттуу болот, уулум, ушуну эсиңе тут. Сенден суранарыбыз, ушул үйгө баш-көз болуп, биротоло үй-бүлөң менен көчүп келсең, мындан да сонун болмок,- дейт.
Сөзү оозунан түшүп калган небереси дендароо болуп, эмне деп жооп беришин билбейт. Мындайды күтпөгөн небере эптеп макул болумуш этет. Күндөр өтүп, абышка-кемпир көз жумат. Сөөгүн жерге бергенден кийин бейтааныш адамдарга үйүн сатып, шаарга кетип калат.
(Уландысы кийинки санда)
Лунара Бекиева
balakai@super.kg