АТЫ ЖОК АЙЫЛДА ООРУСАҢ ООРУКАНА, ӨЛСӨҢ КӨРҮСТӨН ТАБЫЛБАЙТ

21-кылым, дүйнө ар тараптан өнүгүп жаткан кез. Ал эми Ош шаарынын Батыш кичи районуна караштуу бул айылдын жашоосу, өздөрү айткандай, Николайдын доорунда калып кеткен. Айыл тургундары менен сүйлөшүп отуруп чыныгы көйгөй ушуларда экенин билдим. Себеби суу, газ, жарык, мектеп, оорукана, жадакалса сөөк жашырганга көрүстөнү да жок экен.

«АК-ЖОЛДУ АЙЫЛЫБЫЗГА ЫЙГАРБАЙБЫЗ»
Ош шаарынан 9-10 чакырым алыстыкта жайгашкан бул конуштун аталышы да жок. 2004-жылы Элдик ревалюциядан кийин Ош шаарында жер алуучулардын кезегинде көп жылдан бери жүргөндөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана шаарга көп жыл кызмат кылган, бирок үйү жок 476 үй-бүлөгө бөлүнүп берилген. Ошол учурда президент Курманбек Бакиев келип, ушул жерден аларга
4-5-6 сотыхтан жер берүүгө буйрук чыгарып, Ак-Жол деген атты ыйгарыптыр. Бирок жергиликтүү эл «Бакиевдин партиясынын атын айылыбызга ыйгарбайбыз» деп ал аттан баш тартышкан. Ошондон бери аты жок, тек гана Батыш кичи районуна караштуу Керме-Тоо аймактык округунун 218-кварталы деп аталып келет.
Алгач эле унаа маселеси курч. Өткөн жылы гана бул айылдын көчөсү менен маршруттук такси каттай баштаган. Ал да бир саатта араң келип турат. Эл ошого да ыраазы экенин жашырбады. «Мындан эки жыл мурун 3 чакырым жерге чейин жөө барып, анан маршруткага отурчубуз» дешет.
Көйгөй көп. Унаадан түшкөндө эле четки турак үйлөрдөн 30 метр алыстыкта жайгашкан аскердик машыгуучу талаа бар. Атуу боюнча машыккан аскерлер тынбай тарсылдатып турушат. Айыл тургундары менен маектешип бүткөнчө тарсылдактан жүрөк түштү. Ал эми атышууга жакын эле жерде балдар ойноп жүрүшөт. Жер кыртышы таштуу, сары топурактуу болгондуктан, ал жерге бир нерсе эгип өстүрө албайсың.

Айыл тургуну АЙНУРА АЗИМОВА буларды айтып берди:
– Балдарды окуусуна жиберерде бутуна өтүк кийгизип чоң көчөгө чейин алып чыгабыз, анан өзүнүн бут кийими менен андан ары кетет. Келгенде кайра өтүктү кийгизип, үйгө алып келебиз. Жаан жааган учурда машиналар тыгылып жүрбөй калат. Жолго шагыл төгүп беришсе жакшы болмок. Тапкан таштарыбызды жолго таштайбыз. Малы барлар мал менен жан багышат, калгандары соода-сатык менен базарда.
Айылыбыздагы маселе боюнча мэриянын эшигин какпаган күнүбүз калбады. Мелис Мырзакматовго бизди жеткиришпей куушат. Өткөндө шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабировго кирип арыз- муңумду айтсам, «жаз, каалаган жериңе бар. Башта жерлерди алып жатып «бизге ушул жер деле боло берет» дегенсиңер. Мен эч нерсе кылып бере албайм» деп койду. Бизге ушул аскердик бөлүктү алыстатып, анан суу маселесин чечип беришсе жакшы болор эле. Жамгыр жаап калса, үйдөгү чака, чуңкур идиштерибиздин баарын сыртка тосуп коёбуз. Суу толуп калса, ошого кир жууп, ошол суудан ичебиз. Анан да Араван цементи бизге жакын болгондуктан, андан чыккан чаң үйлөргө чейин каптайт. Кечээ күнү топтогон сууларымдын баары капкара чаң болуп калды. Ушинтип жүрүп кайсы күнү ооруп калабыз деп корком.

ОК АТЫЛЫП КЕТИП БИР НЕЧЕ АДАМ КАЗА БОЛГОН
Айылда оорусаң бара калчу оорукана жок. Үйлөрдүн жанында 50 метр тереңдикке чейин жайгашкан түтүк бар, аны менен суу чыгарса болот. Бирок туздуу суу чыгат экен. Ошону чыгарттырып алалы дешкен айыл тургундарынын тилегин таш кааптыр. Эл аралык уюмда долбоорлор боюнча сынак болуп жаткан экен, долбоор жазып барышса, ага аймактык округдун башчылары ажаткана, салон курганга долбоор жазып, айыл тургундарыныкын кабыл алдырбай коюшуптур.
Бул айылда суу маселеси чоң көйгөйдү жаратат. 6 жылдан бери суунун 1 тоннасын 600 сомго сатып алышса, учурда ал кымбаттап, 1000 сомдон алып жатканын айтып нааразы. Ага дайыма эле акча боло бербейт эмеспи. Бир алган сууну жыттанып кеткенине карабай үнөмдөп коротушат. Үйдө эптеп жуунушуп, кээде шаарга барып мончого түшүп келүүгө туура келет.
Электр жарыгынын чырактан айырмасы жок. Трансформатор жок, кошуна айылдардан зым тартып келип үйлөрүнө жарык киргизишкен. Зым тартылган карагайлар жерден эки жарым метр гана бийиктикте турат. Айыл көйгөйү туурасында КАНЫКЕЙ КУДАЙБЕРДИЕВА да буларга токтолду:
– Ушул күнгө чейин эч бир электрик келип жарык маселесин карап кеткен эмес. Шаар жетекчилигине барсак киргизишпейт. Ушуга окшогон маселелерден тажаганда жетекчилик укпай койсо, анан кагаздарга жазып алып митинг кылганга барат экенсиң да. Биздин да айлабыз калбады.
Полигонду айылдан алысыраак жылдырып койсо болот. Ушулардын айынан 2008-жылы үч адам каза болду. Окторун атып-атып туруп кетип калышат. Алардын аткан окторун айылдын балдары терип алып, ичиндеги металлдарын сатышат. 2008-жылы да ошентип атып туруп кетип калышыптыр. Балдар барып ок терип келип, бир огу атылбай калган экен, анын ичинен металлын алабыз деп таш менен урганда ок атылып кетип апасы, баласы, баласынын досу каза болгон. Ошондой окуялар болуп жатса да көчүрүп кетишпейт. Тарсылдап ок атылган сайын үй, терезелер титиреп кетет.
Айылда мектеп жок, кээ бир балдар шаарга барып окуп келишсе, кээ бири 3-4 чакырым алыстыктагы Тээке айылынын мектебине барып билим алышат. Жер жалпысынан 475 адамга бөлүнгөнү менен, учурда 50гө жакын гана түтүн калган. Чечилбеген көйгөйлөрдүн айынан алар шаарга батирлерге чыгып кетишкен.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ebba
2013-05-06 19:53:52
Jashoo myncha oor .okup alyp boorum oorup ketti.
0
fiura
2013-05-10 00:49:54
ушуларды чечбей биздин чондорубуз сотошуп отошуп эле журушот тоба
0
Aruuzat-19_21
2013-05-10 12:17:25
ииий буларды коруп боорун эле ооруйт, чондордун уйундо свет, суу ж.б. ушуга окшогон маселе жок, ошого алар кол шилтеп кое беришет да
0
yktyar.86
2013-05-11 01:13:05
байкуштар
0
№ 548, 3-май-9-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан