– Элнура, «Бравого» кандайча келип калгансың?
– Былтыр, тактап айтканда, өткөн жылдын октябрь айында Ассоль Молдокматованын демилгеси менен жаш алпаруучуларга кастинг болгон. Эмнегедир ушул кастингге катышып көрүүнү чечкем. Аталган кастингге үч жүзгө жакын жаш кыз-жигиттер катышкан. Конкурстун бардык суроо-талаптарына жооп берип, ошончо катышуучулардын ичинен кыздардан мен, ал эми жигиттерден коллегам Эрмек өткөн. Чынын айтсам, телеалпаруучу болуп көгүлтүр экрандан чыгам деп ойлогон эмес экенмин. Бул бактылуу кокустук же тагдырымдын чоң белеги десем болот. Эң кызыгы, эфирге көптөн бери чыгып жүргөнсүп кыйналбастан тез эле көнүп кеттим.
– Адамдын алгачкы кадамдары эсинде калат эмеспи. Сенин дагы алгачкы эфириң эсиңде болсо керек?
– Эсимде. «Браво» алгач 2-августта эфирге чыккан. Ага чейин даярданып жүрсөк дагы абдан сүрдөгөнбүз. Ошол сүрдөгөнүбүз өзүбүзгө гана байкалбастан, көрүүчүлөргө дагы байкалыптыр. Аны эфирден кийин көптөрдөн уктук. Өзгөчө камеранын сүрү бир топ экен. Сүрдөгөнүмдөн кайсы камераны карашты билбей, адашып да жүрдүм. Бирок, ишиң көңүлүңө жагып турса кыйынчылыктарына моюн сунбайт экенсиң. Азыр өзүмдү өмүр бою эфирде келаткандай сезем. – Эфир учурунда кызыктуу окуялар көп болсо керек?
– Негизи, түз эфир болгондо кызыктуу окуялар көп кездешет. Бир жолу эфир учурунда «азыр назарыңыздарда жаңы клип» десек, техникалык келишпестиктерден улам клип убагында эфирден кетпей калып жатпайбы. Убакытты созуш үчүн Нурзат экөөбүз сүйлөп турууга мажбур болдук. Ошондо эмне деп сүйлөгөнүбүздү өзүбүз деле билбейбиз, айтор, клип эфирден кеткенче бирдемелерди сүйлөп, көрүүчүлөрдү алаксытып турганыбыз эсимде.
– Эфирге кийүүчү костюмдарыңар менен ким камсыз кылат?
– Костюмдарыбыз, макияж, чач жасалгаларыбыздын баары программанын эсебинен.
– Ишиң окууңа тоскоол болбойбу?
– Жок. Кандай иш болбосун, убагында аткарып турсаң кыйынчылыктар болбойт. Анан дагы университеттеги мугалимдерим, курбу-курдаштарым, ошондой эле ата-энем түшүнүү менен карап, колдоо көрсөтүп келишет.
– Көңүлүңө жаккан адамың барбы?
– Бар. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө үч жыл болду. Дайыма жанымда кубанычымды чогуу бөлүшүп жүрөт. Учурда студент.
– Сени күйөрмандарыңдан кызганбайбы?
– Кызганбайт. Анткени, экөөбүз бири-бирибизге түшүнүктүүлүк менен карап, толук ишенебиз.
– Ичиңдеги сырыңды ким менен бөлүшөсүң?
– Менин курдашым да, сырдашым да – бул менин апам. Апама ачылып сүйлөгөндөй бул жашоодо эч кимге ачыла элекмин. Менин жандүйнөмдө эмне болуп жатканын биринчилерден болуп апам байкайт.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева