Кыргыз эли – илгертен кайрымдуу, башына кыйынчылык түшкөн адамга ар дайым колун сунуп келген калк. Тилекке каршы, улутубуздун так ушул жакшы сапаты барган сайын жоголуп бараткандай. Себеби азыр көчөдө өлгөнү жаткан мекендешин көрсө да карабай өтүп кеткендер көп. А балким, көчөдө көбөйгөн селсаяктар менен мастар кайдигерликтин көбөйүүсүнө түрткү болуп жүрбөсүн? Бирок өз оокатын ойлоп, өз көмөчүнө күл тартмай заманда өмүрүн тобокелге салып, тааныбаган эле бирөөгө жардам берген азаматтардан да уучубуз кур эмес экени кубандырат.
«БАЛА ЖАШАЙТ ЭКЕН ДЕП СҮЙҮНҮП КАЛДЫМ»
ЖУНУСБЕК ЖОРОЕВ 2013-жылдын 26-январь күнү өз өмүрүн тобокелге салып, сууга чөгүп бара жаткан 2 жаштагы Абдулла Исмаиловду куткарып калган. Бул эрдиги үчүн ал үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Каарманыбыз эрдигин төмөнкүдөй баяндайт:– Ошол күнү Чоң Чүй каналын бойлоп жумуштан келе жаткам. Аңгыча бир аял «сууга кичинекей бала кулап кетти» деп кыйкырып калды. Карасам, аралыгы 20 метрдей экен. Шаштым кете түштү. Жүгүрүп барсам, бала көрүнбөйт. Суунун үстүнөн велосипедин көрүп калдым. Ошол тушка секирдим. Кирип барсам, бала суунун алдында экен, жээкке алып чыктым. Дем ала албайт. Суудан чыкканда апасы чуркап келди. Карматсам, ал да өзүн жоготуп койду. Кайра баланы колума ала коюп, тиземе жаткырып жасалма дем алдырып, көкүрөк тушун укаласам оозунан кан аралашкан суу чыгып, бала ыйлап жиберди. Ыйлагандан кийин өзүм дагы жашайт экен деп кадимкидей сүйүнүп калдым. Бир аздан соң апасы эсине келип, мага ыраазычылыгын айтып,
номеримди жазып калган. Ал ӨКМга чалыптыр, минтип сыйлык беришти.
«КЫРГЫЗ САТЫЛАТ» ДЕГЕН СӨЗГӨ НАМЫСТАНДЫМ"
Мамлекеттен эч кандай сыйлык күтпөй, өзүн «жылаңач баатыр» эсептеген Байышбек Кыйшыковдун да жүрөк жылытарлык иштери бар. Себеби ал чет өлкөдө кор болгон мекендештерибизге дайыма кол сунуп келет:– Кудам Казакстанда жүрүп бир үйдүн дарбазасында «Кыргыз сатылат» деп жазылып турганын көрүптүр. Мындан тышкары дагы бир айылдашымды казактар 2007-жылы кул кылып алып, араң качып кутулган эле. Ал мага «Казакстанда 100дөй паспорту жок киши тоонун арасында тамеки тизип кул болуп жүрөт» деп айтты. Ушуларды угуп намыстандым. Өзүм куруучу болуп иштесем да, эмгек акымды алып Казакстанга кул болуп сатылып кеткен мекендештеримди издей баштадым. Алгач Токмокко жакын жердеги Казакстандын Кара-Кемер, Отар, Масанчи деген айылдарында эмгек биржасында иштемиш болуп, ал жактагы кул болуп, акчасын ала албай жүргөндөрдү байкаштырып көрдүм. Ошентип жүрүп Отардан Таалайбек деген жигитти, Кара-Кемерден Бакыт деген баланы, Масанчиден Светлана деген аялды кулчулуктан бошоттум. Буларды чек арада иштегендерге, казак кожоюндарына акча берип чыгардым. Бакыт деген баланы издеп жүргөндө өзүм бир жума ачка жүрдүм.
Дагы көп кыргызды издеп, табылбай да калгандар болду. Мени казактар өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ага карабай дагы көптөгөн документи жок мекенине кайта албай жүргөн, акчасы жок кыйналган мекендештериме жардам берип келдим. Акчам ашып-ташпаса да, бул иштерди соопчулук үчүн кылам. Кыргыздар кыйналса да, ачка болсо да мекенинде жүрсүн деп аларды алып келдим. Азыр
мен бошотуп келген адамдардын туугандары, өздөрү мага телефон чалып, ыраазычылыгын айтып турушат.
Эрдик көрсөткөн атуулдардын көпчүлүгү мамлекет тарабынан сыйлыктарга ээ болушкан. Бул наамдардын эң жогоркусу – "Эрдик" медалы.
«ЭРДИК» МЕДАЛЫ – БААТЫРЛАР ҮЧҮН
«Эрдик» медалы 1996-жылдын 16-апрелинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик наамдарды түзүү тууралуу» мыйзамынын негизинде киргизилген. Бул медаль менен адамдарды куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган кадамга, эрдикке барган жарандар сыйланат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өрт, сел сыяктуу табият кырсыктары жана башка өзгөчө кырдаалдарда, мындан тышкары аскердик, атуулдук кызматы учурунда өмүрүн тобокелге салып каармандык кадамга барган жана каза тапкан адамдарга «Эрдик» медалы тапшырылат. Ушул күнгө чейин 400дөн ашуун адам «Эрдик» медалына татыктуу болгон.
ЭРДИГИ ЭЛ ЭСИНДЕ
Албетте, жогорудагы мекендештерибиздин кылган иштерине жүрөгүң жылыйт. Арабызда ушундай атуулдар көп болсо экен. Бар болгула, кыргыз баатырлары!
«Супердин» сурак бурчу
ӨЗ ӨМҮРҮҢҮЗДҮ ТОБОКЕЛГЕ САЛЫП БИРӨӨНҮ КУТКАРАТ БЕЛЕҢИЗ?
Айзада Бегалиева, сатуучу:
– Ооба, куткарып калмакмын. Себеби адамдарга жардам бергим келет. Адамдар бири-бирибизди кыйынчылыктардан куткарышыбыз керек. Азыр көчөдө киши жатса карабай өтүп кете беришет. Ал адамгерчиликке жатпайт.
Салибай Бакиев, куруучу:
– Буга чейин андай окуяларга дуушар болгон эмесмин. Бирөөнү куткарып өз өмүрүмдү тобокелге салат белем же жокпу аны айтыш кыйын. Эгер ошондой окуяга кабылсам, шартка ылайык ойлонуп көрмөкмүн. Себеби ар бир адамдын жаны таттуу болот да.
Чолпон Исраилова, студент:
– Мен өзүмдүн өмүрүмдү тобокелге салат болчумун. Себеби адам коркунучта турса, аны аман сактап калууга аракет жасаш керек. Кырсык деген ар бир адамдын башына түшүшү мүмкүн. Бир адамды кандай куткарсаң, керек учурда сени да бирөө куткарып калат.
Келдибек Аманкулов, куруучу:
– Жаш кезимде ошондой окуя болгон. Коңшумдун баласы досу менен сууга агып кеткенде куткарып калгам. Балдардын ата-энеси аябай ыраазы болушкан. Андай кокустук көз алдыңда болуп жатса куткарганга аракет кылат экенсиң.
Жыпаркүл Атыкулова, пенсионер:
– Эгер адамга жардам керек болсо, аны куткарып калууга даярмын. Өзүмдүн тубаса мүнөзүм ушундай, бирөөгө жакшылык кылып сооп тапкым келет. Жадакалса көчөдө баратканда балдар урушуп жатканын көрүп калсам арачага түшө калам.
Нурадил Жуманалиев, сатуучу:
– Ошондой абалга туш келгенде бир секунданын ичинде чечим кабыл алып, аны иш жүзүнө ашыруу керек. Бирок ал учурда кандай чечим чыгарасың, аны алдын ала айтуу кыйын. Кээде өмүрүңдү тобокелге салып, башканы кантип сактап калганыңды билбей калган учурлар болот.
Нуртаза Темирбеков, «тамашоучу»:
– Чыңгыз Айтматов «адам үчүн эң кыйын күн сайын адам болуу» деп айткан. Албетте, бир кокустук болсо инсандык парзымды өтөп, кыйналып жаткан адамга жардам берүүгө даярмын. Негизи эле адамдарга жардам берген бул сооп иш.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg