Кыргызстанда жыл сайын жаш өспүрүмдөр арасында 1200гө жакын бойдон алдыруу фактысы расмий түрдө катталарын «Демократиялык процесстерди иликтөө борбору» коомдук фондунун өкүлү Лариса Илибезова билдирди. Эң чоң көрсөткүч Чүй облусуна туура келет.
«Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын үчтөн бири никелик каттоого турбаган энелердин балдары болууда. Айрыкча молдолор кыздардын эрте жашта никеге туруусуна жана андай көрүнүштүн жайылышына себепчи болуп жатышат»,- деди ал.
Анын айтымында, Өзбекстандын диний башкармалыгы юридикалык каттоосу жок нике кыюуга тыюу салган. «Бизде болсо, Мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлеринин билими да бир топ маселе жаратат. Алардын кайда окугандыгы түшүнүксүз жана ар бири ислам ченемдерин өз алдынча чечмелейт»,- деп кошумчалады Илибезова.
2011-жылы 139 344 төрөт катталып, анын 1,2 пайызын өспүрүм курактагылардын төрөтү түзгөн. 15-17 жаштагы айымдар 1214 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Бул жалпы төрөттүн 8,5 пайызын түзөт.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg