«Кумтөрдө» борпоң тектин жылышын иликтеген өкмөттүк комиссиянын төрагасы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук агенттигинин жетекчиси Осмонбек Артыкбаев «Кумтөр» компаниясы жылына 18,7 тонна алтын өндүрөрүн билдирди. Анын айтымында, «Кумтөрдөн» жылына 50 миллион метр куб өлчөмүндө таштанды калдыктары чыгат. Учурда ал калдыктардын 30 миллион метр кубун Сары-Төр өрөөнүнө жайгаштыруу каралган. «Калган 20 миллион метр куб өлчөмүндөгү калдыкты кайда алып барууну билбей жатабыз»-, дейт Осмонбек Артыкбаев.
Уран калдыктары көмүлгөн жай борпоң тек жылып жаткан жерден жүздөгөн чакырым алыстыкта. Тектин жылышынан «Кумтөр» кенин казган компания кампаларын, электр подстанцияларын көчүргөнү жатат. Буга 60 миллион доллар коротулат.
Мындан сырткары комиссия «Кумтөрдөгү» төгүндүлөрдүн жылышы менен Чоң-Сары-Төр суусунун өрөөнүндөгү бош кыртыштардын жылышын да изилдеген. «Учурда «Кумтөрдөн» чыккан төгүндүлөр мөңгүлөр менен аралашууда. 2013-жылдын март айынан бери Давыдов мөңгүсүнүн аймагындагы төгүндүлөр ылдамдап жыла баштаган. Тактап айтканда, күнүнө 3,5 метрден жылууда. Мындан улам апрель айынын аягында «Кумтөр» кенине тиешелүү техникалык тейлөө боюнча устакана талкаланган»,- деди Артыкбаев.
Ошондой эле бул аймакта сел жана жер көчкүлөрүнүн жүрүшү күтүлүүдө.
Ал Алмазбек Атамбаев 3-майда «Кумтөргө» атайын өкмөттүк комиссия жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алганын жана «Centerra Gold» компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин буга байланыштуу аракеттерине баа берилиши керектигин эскерткенин да билдирди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg