«ЖЕҢЕМДИ ИЗДЕЙМ»
– Чүй облусунун Кемин районунда 1970-жылы төрөлгөн жеңебиз Акзинат Эстебесованы издейбиз. Ал 1990-1995-жылдары Таласка келин болгон. Эгерде Акзинатты тааныгандар болсо же өзү окуп калса бизге кабарлашкыла.
Кайын сиңдиси Эльвира,
тел.: 0550 793676,
0555 772636, 0773 893735
«АЙЫМДЫ САГЫНДЫМ»
– 1989-жылкы таластык Айым деген курбумду издейм. Фамилиясын билбейм. Ал 2007-2008-жылдары КМКТАУда (КГУСТА) окуп, жатаканада жашачу. 1-курсту аяктаган соң сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кеткен. Казакстандын Жамбыл шаарында иштеп жүрөт деп уккам, 1 баласы бар болуш керек. Айым, эгер окуп калсаң, мага чалып койчу. Мен сени сагындым.
Кара-Балтадан курбусу Бактыгүл,
тел.: 0555 262930
«АГАМ ЧЫҢГЫЗДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен Чыңгыз аттуу агамды издеп жүрөм. Бир туугандары Калыбек дейбиз. Себеби колунда чоң калы бар. Бишкекте болчу, анын дайынын кимдир бирөө билсе, ушул номерге чалып койгулачы, суранам.
Карындашы Кундуз,
тел.: +79268981013
«ОРУСИЯДАГЫ УУЛУМДАН ДАЙЫН ЖОК»
– Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 1982-жылдын 13-сентябрында жарык дүйнөгө келген уулум Акжолтой Өмүкеевди издейм. Ал 2007-жылы жаз айларында иштеп келем деп Орусияга кеткен. 2008-жылдын жаз айларына чейин Всеволожск шаарында иштеген. Андан кийин чалышканда «мен Тверь облусунун Вышний Волочёк деген шаарына өзбек улутундагы Шамил деген бала менен келдим. Шаардын четинде иштеп жатам, жаныбызда аскерлердин ит баккан жери бар» деп айткан. 2009-жылы «Шамил үйлөнүп алды, мен жалгыз калдым» деп кабарлашып, ошондон азыркы күнгө чейин кабары жок. Балам бул катты окуп, биз менен байланышат деген үмүтүм чоң.
Апасы Зайнагүл Темирбаева,
тел.: 0779 783354,0555 764104
«ГРУППАЛАШЫМ, КАЙДАСЫҢ?»
– Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Большевик айылынын тургуну, группалашым Нурзат Кыйшыбаеваны издейм. Экөөбүз 2008-жылы Бишкек шаарындагы №3-лицейде чогуу окуганбыз. 2009-жылы мен турмушка чыгып кетип, ошондон бери курбума жолуга элекмин. Нурзат, эгер бул катты окуп калсаң, мага байланыш.
Наргиз Мукашева,
тел.: 0555 206259
«КУРБУМ ГҮЛЗАТТЫ ИЗДЕЙМ»
– Бишкек шаарындагы Медакадемиянын кечки бөлүмүнүн 26-группасын 2003-жылы окуп бүтүргөн группалашым Гүлзат Жумашеваны издейм. Ал 1978-жылы Сузакта төрөлгөн. Гүлзатты Ош облустук төрөтканада гинеколог болуп иштейт деп уккам.
Айгүл Уларбай кызы,
тел.: 0772 343687
«КЛАССТАШТАР, КАЙДАСЫҢАР?»
– Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасындагы Горький атындагы орто мектепти 1993-жылы бүтүргөн классташтарыбызды издейбиз.
Классташтары Нуржан, Майрам,
тел.: 0551 606093, 0778 272434
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43