Редакциябызга кимдер гана кайрылбайт. Ар түркүн окуялар менен ар түркүн тагдырдагы адамдар өз көйгөйлөрүн айтып, айрымдары жардам сурап келишет. Кезектеги Элмира аттуу айым «кимге кайрыларымды билбей, биринчи сиздерге келип отурам» дейт.
«АТАМДАН КАЛГАН МУРАСТЫ ТАЛАШЫП ЖАТЫШАТ» – Биз бир туугандарыбыз менен томолой жетимбиз. 6 бир туугандын улуусумун. Эң кичүүсү 9-класста окуйт. Сиңдилерим турмушка чыгып, бир иним үйлөнгөн. Өзүм турмушка чыга элекмин.
Атам Асанакун Бектуров аскердик кызматтан келгенден кийин «Пограничник» колхозунда механик болуп иштечү. Колхоз тарагандан кийин эл кыйналып турганда айылга тегирмен куруп, элдин арпа-буудайын тартып берип кызмат кылып жүрдү. Ошондо Казыбек айыл өкмөтү атамдын эмгегин баалап, колхоздо өзү оңдоп айдап жүргөн комбайнды менчикке чыгарып берген.
2005-жылы атам кант диабети менен ооруп калгандыгына байланыштуу комбайн иштебей короодо токтоп турду. 2007-жылы Кызыл-Туу айылынын тургуну, азыркы Ат-Башы районунун Токой чарбасынын жетекчиси Акылбек Таштанбеков «комбайндын чабыгын (жатка) мага берип туруңуз, мен сизге айына 2000 сомдон ижара акысын төлөп турам» деп алып кеткен. Комбайн бир жылда 4 ай иш алып барат. Ошондо ижара акысы жылына 8000 сом болмок. Атам ооруп жатканда «Акылбек менен так эсептешип ал» деп көп айткан. Апам рак оорусуна чалдыгып каза болду. Атам оор кайгыны көтөрө албай инсультка кабылып, төшөккө жатып калды. Ошондо иним барып ижаранын эсебинен 2000 сом алып келген
Бир туугандарым кичине, үйдө баш көтөрүп, жумушка жарамдуусу мен эле болгондуктан, Акылбек Таштанбековдон 13 000 сомго ун алганбыз. Ошол учурда Акылбек байкеге жолугуп калып, «атамдын абалын көрүп чыгыңыз» деп үйгө киргиздим. Сыртка чыкканда «мындай абалга түшүп калат деп ойлобоптурмун. Атаңа айтпай эле бул акчаны дарысына жумшап кой, берген жардамым болсун» деп 3000 сом берди. Ыраазы болуп, рахматымды айттым. 2011-жылы март айында атам оорудан көз жумду.
Ошентип, ижаранын акчасын майдалап-чүйдөлөп жатып жалпы 23 000 сомун алыптырмын. Ал эми Акылбек Таштанбеков комбайндын чабыгын алганына 6-7 жылдын жүзү болду. Андан бери өзү деле «жетим балдар экен» деп акчаны толук кайтарып берген жок. Ушул убакка чейинки ижаранын акчасы 48 000 сом болмок экен. Толуктап береби деп жүрдүм эле, бирок бир күнү комбайнды сатып алчу кардарлар чыгып калды. Аларды ээрчитип алып көрсөтөйүн деп барсам, бир да тетиги жок, ар кай жакка таратып ийген боюнча жараксыз абалга келип калыптыр. Кардарлар «тетиктерин толуктап койгула, сатып алабыз» деп кетишти. Кандай жол менен өндүрөрүбүздү билбей отурам. Атамдын бизге таштаган комбайндан башка мүлкү деле калбаган. Бизге окшогон жетимдерге анын акчасы деле бир пайдабызга жарамак...
Маселенин чоо-жайын угуп алып, Ат-Башыга сапар тарттым. Ат-Башы райондук Токой чарба башкармалыгынын кеңсесинен Акылбек мырзаны кезиктирип, окуянын канчалык чындыгы бар экенин сурадым. Ал төмөндөгүлөрдү айтып берди:
«ТҮЗ ЭЛЕ АКСАКАЛДАР СОТУНА КАЙРЫЛЫПТЫР»
– Ооба, мен Элмираны тааныйм. Кезегинде атасы менен жакшы тааныш болчумун. Ал кишинин бизге кылган жардамдарын унутпайм. Комбайндын чабыгын алганым чын. Союз мезгилинен калган бардык эле техника эскилиги жетип, өндүрүштөн четтетилип жаткандыгы баарыбызга маалым. Комбайн жылына 4 ай эмес, 2 эле ай иштейт. Август жана сентябрь айларында арпа-буудай бышып, оруп-жыйылгандан кийин токтотулат.
Мен деле Элмирага берген акчаларымды эсептеген эмесмин. Ал мага акыркы жолу бир-эки кардары менен комбайнды көргөнү келген. Ал учурда сезон болбогондуктан, былтыркы жылы тетиктерин сурап кеткендерге берген боюнча чогулта элек болчумун. Себеби айылда ушундай, бири-бирибизге техника жетишсиз учурда каралашып, бузулган тетиктин ордуна менде болгонун чыгарып берип турчумун.
Ал эми жыл сайын сезон башталганда ансыз деле техниканын тетиктерин берген кишилерден чогултуп, майлап, сапка тизип даярдайбыз. Эгер Элмира ошол учурда келсе, техникасын толук жана иштеген абалда көрмөк. Ал ошол кардары менен келген боюнча мага «төлөп бер же толуктап бер» деп кайрылган жок. Түз эле аксакалдар сотуна кайрылып жибериптир. Ошол
25 000 сомго мен деле сатып алмакмын. Бирок кепке келип, мага бир ирет кайрылбай туруп эле өз билгенин кылып, сотторго кайрылганы туура эмес.
«Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн» деген кеп бар эмеспи. Андыктан эки тарап маселени ынтымакта жеңилдетип алышар деген тилектебиз.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg