2013-жылдын 12-май күнү Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аксы районунун Үч-Коргон айылдык округунун тургуну, 1939-жылы туулган З.Т. арыз менен кайрылган. 12-май түнү үйүндө уктап жаткан жеринен өзүнө бейтааныш, азиат улутундагы жаш жигит үйүнө бастырып кирип, анын алсыз абалынан пайдаланып, күч колдонуп зордуктап кеткен. Пайгамбар жашынан өткөн аял болгон окуяга чара көрүүсүн суранып, кылмышкерди таап, мыйзам чегинде чара колдонуп берүүнү суранган. Ошол эле күнү тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси менен (зордуктоо) иш козголуп, жабырлануучуга соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү катары Аксы районунун Үч-Коргон айылдык округунун тургуну, 1991-жылы туулган К.Э. кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg