Бакыт Акматов, комузчу:«СЕКЕТПАЙЛАРДЫ ЫРДАГАНДАРГА КЫЗЫГЫП ЖҮРҮП КОМУЗЧУ БОЛГОМ»

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 1-декабрь
Туулган жери – Талас облусунун Манас районунун Ак-Сай айылы
Үй-бүлөдө – 11 бир туугандын эң кичүүсү, бойдок
Билими – Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин музыка бөлүмүн бүтүргөн
.

Колуна комуз алып, улуу муундун ырларын созуп жүргөн сакадай бою сары алтын жигитти Талас эли жакшы тааныйт. Келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы, комузчу Бакыт Акматов менен маегибиз назарыңыздарда.

– Бакыт, маек төрүбүзгө куш келипсиң! Сөздү дароо эле чыгармачылыгыңдан баштасак...
– Рахмат, мен кичинемден музыкага кызыгам. Мындан тышкары атам комузду жакшы чертчү. Анын комуз чертип отурган элеси, черткен күүлөрү азыр да кулагыма жаңырат. Атамдан 2010-жылдын февраль айында айрылып калдык. Ошо атамдан калган талант болсо керек деп ойлойм. Өнөрдү багып кетүү максатында 2004-жылы
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин музыка бөлүмүнө тапшырдым. Аны менен кошо 2007-жылы филармониянын алдындагы 2 жылдык студиядан да окуп калгам. Баарыбызга белгилүү Улукмырза Полотов агайдан сабак алып, көп нерсени андан үйрөндүм. Кийин Таласка которулуп келип, ошондон тарта Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте комуздан сабак берем.

– Эл сени улуу муундун ырларын көп ырдаган ырчы катары билет, репертуарыңды өзгөртүүнү ойлогон жок белең?
– Негедир мага эски ырлар жүрөккө жакын сезилет. Ал ырларды ырдасаң көңүлүңө канат бүтүп, учкуң келет. Жан дүйнөңдү кытыгылаган, элдин жүрөгүнөн орун алган кайрыктар. Мисалы, Муса Баетовдун «Сагынам» деген ыры не деген керемет дүйнө?! Калмурат Рыскуловдун «Көктөм эле» аттуу ырынын төрт сабын ким гана билбейт. Ошол ырлар жагат.

– Комуз черткенди кимден үйрөнгөнсүң?
– Мен бул чөйрөгө кызыгып калган учурда айылдагы агаларыбыз секетпайлардан ырдап жүрүшчү. Качан карасаң алардын жанында кыздар чогулуп турар эле. Аябай кызыкчумун. Комузду аракет кылып жүрүп 11-классты аяктап жатканда толук үйрөндүм. Борбор калаада окуп жүргөндө өз алдымча үйрөнгөнүмдүн терс жактарын байкадым. Анткени өз алдынча үйрөнүү менен окуу жайдын багыты эки башка болот экен. Кандай гана күү болбосун алдыма ноталарды илип берсе да, өзүм үйрөнгөнүм боюнча эле кете берчүмүн.

– Ырдап жаңылган учур болгонбу?
– Болгон. Бирөөсүн айтып берейин. Окуу жайыбызда бир маанилүү иш-чара болуп жаткан. Анда мен ырдамакмын. Бир кезде эле баягы ырымдын текстинин жарымын унутуп калсам болобу. Көпчүлүк байкабай деле калды, бирок агай-эжейлерим билишкен.

– Талантыңды чет жактарда сынап көрөйүн деген ойлор барбы?
– Чакыруу алдым десем калп айткан болуп калам, бирок продюсер, демөөрчү болом дегендер көп эле болду. Жакын арада Якутияга ансамбль менен чогуу баралы деген жакшы ниетимди таш каап, тилекке каршы, бара албай калдык.

– Жеке жашооңо кайрылсак...
– Учурда жүрөк бош. Бойдокчулуктун доорун жакшы эле сүрүп жатабыз. Кудай буюрса, бир күнү ыймандуу бир кыргыз кызына жолугам деген тилегим бар.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bek0101
2013-05-27 22:46:07
оооооооооооооо Батя брат талантын оркундоп осо берсин ойлогон ой максаттарын оорундала берсин ийгилик сага.Рыслан
0
№ 550, 17-май-23-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан