(Башы 548-санда)
Ай артынан ай өтүп, жыл артынан жыл өтүп, баягы чоң ата-чоң энесинин керээзин аткарбаган небере өзү улгайып, 80 жашка келип калат. Неберелеринин баарын чогултуп алып:
– Балдарым, менин бир гана өтүнүчүм бар. Мен чогулткан байлыктын баарын өзүм менен кошо көмүп койгула. Анткени бул байлыктар арам жол менен келген. Адал эмгек менен тапкан аш таттуу болот, өз эмгегиңер менен иштеп жан баккыла,- дейт.
Атасынын сөзүнө ынанымыш болгон балдары абышканы жерге узатып, бирок баягы атасы айткан байлыктарды өздөрүнө алып калышат. Абышканын эң кичүү небереси куран окуганы барса, көрдөн боздоп ыйлаган чалдын үнү чыгат: «Мен жаш кезимде чоң ата-чоң энемдин керээзин аткарбай койгон элем. Эми ал өз башыма келип, өкүнүп отурам».
Кезинде чоң ата-чоң энесинин керээзин аткарбай, кийин анын кесепетин өз балдарынан көргөн чалдын ыйын ушул күнгө чейин бейиттин аркы жээгинде жашаган жашоочулар угуп калышат экен.
Балдар, ата-энеңердин айтканын дайыма аткарып жүргүлө. Анткени алар силердин жакшы болушуңарды каалайт. Эч качан жаман нерсеге үйрөтпөйт!
(Аягы)
Нуркыз Курманбек кызы
balakai@super.kg