«АТАЙЫН ООРУКАНА ЖОК, АЗАПТАНЫП КӨЗ ЖУМДУ»
Жакында таанышыма жолугуп калдым эле, ал жеңесинин рактан каза болгонун айтты. «Рак менен ооругандарга ооруну сездирбөөчү укол лимит менен гана берилет экен. Андан ашса өзүң сатып алат экенсиң. Анысы да кымбат, анан да табылбайт. Оорукананын атайын бөлүмүндө болсо орун жок. Кийинки күндөрү уколу түгөнүп, кайра сатып алалы деп дарыканалардан издеп таппадык. Ошентип, жеңем үйүндө кыйналып жатып көз жумду. Азап тартып жатып «кыйналбай өлгүм келет» деп ыйлады.
Сураштырсак, менин жеңем эле эмес, башкалар деле үйүндө ушинтип кыйналып көз жумушат экен. Эмне үчүн атайын оорукана салып коюшпайт же керектүү бөлүмдөрдү көбөйтпөйт?»- деп көзүнө жаш алды. Ушундан улам бул маселе ойлондуруп, бул жаатында изилдеп көрүүнү чечтик.
Чынында, чет элде айыккыс ооруга чалдыккандар үчүн хоспистер бар. Хоспис бул – айыккыс дартка чалдыккандар акыркы күндөрүн өткөрүүсү үчүн ачылган оорукана. Пациенттердин жакындары эркин келип кете алышат.
«УКОЛДОР ЖОК, КЭЭ БИРЛЕР СУИЦИДГЕ БАРЫШУУДА»
Улуттук онкология борборуна барып, анда рактын акыркы стадиясы менен ооругандарды дарылоочу Паллиативдүү дарылоо жана реабилитация бөлүмү бар экенин билип, бөлүмдүн башчысы АСТРА АРЗЫМАТОВА менен кеп курдук.
– Сиздердин бөлүм кандай милдеттерди аткарат жана канча орундуу? Анткени элден «орун жетишпейт» деп уктук...
– Биздин пациенттер көбүнчө рактын 3-4 стадиясы менен ооругандар. Аларды биз химиялык жана нур терапиясынан өткөрүп дарылайбыз. Кыргызстанда айыккыс оору менен ооругандар үчүн атайын оорукана-хоспис жок. Андыктан бул бөлүм аргасыз чакан хосписти алмаштырууда десек жарашат. Бирок бизде 25 гана койка бар. Ошондуктан орун жок калган учурлар кездешет. «Коридорго болсо да жаткызсаңар экен» деп жакындары бүктөмө керебет көтөрүп келип, жалынган учурлары болот. Айла жок, кээде ошондой да кылабыз.
Биздин бөлүм 1992-жылы хоспис бөлүмү деп ачылган. Бирок 2 жылдан кийин хосписке керектүү шарт, аппаратуралар жок үчүн жабылып (керектүү каражат бөлүнбөй), кайра бөлүм болуп калган. Оорулуулар 14 күн жатат. Бир жылда 600-700 оорулуу дарыланат.
– Сиздердин бөлүмгө келе албагандар жашаган жеринен бекер дары-дармек ала алышабы?
– Рактын акыркы стадияларына жеткенде адамда мурункудан да жан кыйнаган оору жаралат. Андай учурда күчтүү наркотикалык укол гана 1-2 саатка жардам берип калат. Башка дары-дармектин күчү жетпейт.
Рак менен ооруп, үйүндө дарылангандарга рецепт боюнча ооруну сездирбөөчү морфиндин же промедолдун 10 гана ампуласы жазылып берилет. Ал уколдор катуу оорутуудан 1-2 же 3-4 күнгө гана сактайт. Кайра ал бошогон ампулаларды врачка алып барып көрсөтүп, рецепт жаздыруусу кажет. Бошогон ампулаларды көрсөтпөсө укол берилбейт. Алар лимит боюнча берилет. Лимиттен ашса, аймактагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ФОМС) кат жазып, уколдорду бердирүү боюнча чечим чыгартыш керек. Чечим чыгарылып берилбесе же ФОМСко кайрылбаса, анда оорулуу өзү сатып алыш керек. Дары өтө кымбат жана наркотикалык болгондуктан, дарыканалардан оңой менен табылбайт. Уколду сатып алууга чамасы жоктордун эптеп жол кире тапкандары биздин бөлүмгө келишет. Бизге келүүгө жол кире таба албай же алып келе турган адамы жоктор үйлөрүндө өтө кыйналып жатып көз жумушат. Ооруну сездирбөөчү каражаты жок калганда кээ бири суицидге да барып жатышат.
Бизге келгендер ооругандардын бир аз гана пайызын түзөт. Ачык айтканда, кээ бир бейтаптар бул жерге өмүрү менен кош айтышуу үчүн гана келишет. Бирок үйдө көз жумгандарга караганда врачтардын камкордугу, дары-дармектердин арты менен акыркы сапарга анча кыйналбай узашат.
– Андай оорулууларга рецептке көбүрөөк эле укол жазып беришсе болбойбу?
– Мыйзам боюнча ушундай. Наркотикалык дарыларды рецептсиз сатып ала албайсың жана фармацевтикалык фирмалар андай каражаттарды аз алып келет. Себеби мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү абдан күч. Сыягы, андай дарылар «чёрный рынокко» өтүп, сатылып баштайт деп кооптонушат. Бирок мамлекет жашоосу аз калгандарга да гумандуулугун көрсөтүшү керек.
– Бишкектен тышкары жерлерде да сиздердикиндей бөлүм барбы?
– Ошто гана бар. Ал да аз эле орундуу.
– Оорулуулар үчүн атайын оорукана ачуу убактысы эбак келген экен да?
– Сөзсүз атайын оорукана-хоспис ачуу керек. Хосписте оорулуулар ооруну сездирбөөчү дары-дармек, кычкылтек жана өз алдынча тамак иче албай калганда зонд менен тамактануу жардамын ала алышат. Хоспистин башкы максаты – оорулуунун азап тартуусун азайтуу жана акыркы күндөрүн жакшы өткөрүүгө шарт түзүп берүү. Андагылар мечит, чиркөө менен иштешет. Көз жумар алдында ислам динин тутунгандарга молдо, ал эми христиан динин кармангандарга чиркөө кызматкерин чакырып беришет.
Биз да чет өлкөдөгүлөрдөй ооругандарды үйүндө азап тартып жан кыйышына жеткирбешибиз керек.
– Бөлүмдө дарылар жетиштүүбү?
– Бөлүмдө жетиштүү, бирок баары укол түрүндө. Медайымдар укол салып беришет, а үйүндө ооругандар укол салдыруу үчүн кыйналып медпунктка баруулары керек.
Андыктан Кыргызстанга чет элдиктер колдонгондой ыңгайлуу тил астына салып коюлуучу морфин таблеткасын жана денеге жабыштырып коюучу, ооруну басуучу каражаттарды алып келүү керек. Бирок алар уколдорго караганда кымбат болгондуктан, бизге алынып келинбейт, ага акча бөлүнбөйт. Өкмөт ушул боюнча карап, каражат бөлсө ооругандарга адамча мамиле кылып, алардын укугун коргогон болот элек.
САНДАР СҮЙЛӨЙТ
КЫРГЫЗСТАНГА ХОСПИС КЕРЕКПИ?
Дамира Ниязалиева, ЖКнын депутаты:– Рак оорусуна чалдыккандар үчүн онкологиялык ооруканалар бар. Андыктан хоспис эмес, атайын паллиативдүү дарылоо бөлүмдөрүн ачып, көбөйтүү керек. Чынында, рак менен ооругандарга мамлекет өтө аз каражат бөлөт. Ал каражат оорунун акыркы стадиясында ооруну басуучу дары-дармекке гана араң жетет.
Учурда эмчектин рагы менен ооруган аялзаты көбөйдү. Андыктан ооруну алдын ала аныктоо үчүн 7 облуска санариптик маммограф (аппарат) керек. Булар 20-30 миң доллар тургандыктан, бюджеттин күчү жетпейт. Бирок мамлекеттик тиешелүү структуралар долбоорлорду иштеп, донорлорду таап, мындай аппараттарды алууга жетишүүлөрү тийиш.
Мыктыбек Арстанбек, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Халал комитетинин төрагасы:– Муфтиятка «ооруп жатам, жардам бергилечи» деп күнүнө болжол менен 10-15тей адам келет. Алардын ичинде «рак менен ооруйм» дегендер да бар. Болушунча акчалай жардам көрсөтүлөт. Муфтият тарабынан онкологиялык ооруканага баруу, оорунун акыркы стадиясы менен ооруп жаткандарга жардам көрсөтүү жүргүзүлө элек. Бул келечектин иши.
Рак менен ооругандар да, көз жумгандар да көбөйүп бараткандыктан, хоспис керек.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg