9-майда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Тоо айылында эрежесиз эр уруш боюнча республикалык деңгээлдеги мелдеш болуп өттү. Мелдештин өзгөчөлүгү бир гана абсолюттук салмакта спортчулардын күч сынашкандыгы болду.
«ЖАШТАРДЫ ЫНТЫМАККА ЧАКЫРДЫК»
Мелдештин уюштуруучусу, Эрежесиз эр уруш федерациясынын Чүй облусу боюнча президенти ИЛЬЯС ЖИЙДЕБАЕВ бул турнир боюнча ой бөлүштү:– Чүй облусунда мындай мелдеш биринчи жолу өтүп жатат. Анан атайын демилге көтөрүп, анча-мынча агалардын, достордун жардамы менен 9-Май – Жеңиш күнүнө карата уюштурдук. Мелдешти уюштуруунун негизги максаты – жаштарды ынтымакка чакыруу. Жаштар көчөдөн урушпастан, өздөрүн ушул эрежесиз эр уруштан көрсөтсүн дедик. Казакстан жана өлкөбүздөгү 7 облустан 30га чукул спортчу келип катышты. Анан биз мелдешке каалагандар эле эмес, спорт чеберине талапкерлер, спорт чеберлери гана катыша ала турган кылып чек койгонбуз. Жыйынтыгында мыктынын мыктылары аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Көрүүчүлөр көп келип, жакшы колдоп, маанайы көтөрүлүп кайтышты.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР УТКАН БАЙГЕЛЕР
1-орун – Тилек Жээнбеков (Талас облусу) – Кубок, алтын медаль, диплом жана 3 миң доллар
2-орун – Бакыт Бекбоев (Чүй облусу) – Кубок, күмүш медаль, диплом жана 2 миң доллар
3-орун – Данияр Акунов (Чүй облусу) – Кубок, коло медаль, диплом жана 500 доллар
3-орун – Урмат Жумабеков (Чүй облусу) – Кубок, коло медаль, диплом жана 500 доллар
Асхат Субанбеков
sport@super.kg