Ош шаардык казыяты 14-май күнү cогуштун 43 ардагерин Улуу Жеңиштин 68 жылдыгы менен куттуктап сый тамак уюштурду. Эске сала кетсек, Ош облусунун аймагынан Улуу Ата Мекендик согушка 85 миң жоокер аттанып, 15 миң жоокер мекенине кайтып келген. Учурда Ош шаарында согуштун 43 ардагери бар. Сый тамактын жүрүшүндө калаа казысы Убайдылла ажы Сарыбаев ардагерлерге белектерди тапшырып, соңунда согушта курман болгон жоокерлердин элесине куран окуду.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg