Назгүл Жетигенова: «АЛИНА ЖОЛУГУШУУГА ТЕРЕЗЕДЕН КАЧЫП ЧЫКЧУ»

“Ачылбаган сандыкта бычыла элек кундуз бар” дегендей, элдин назарында жүргөн популярдуу адамдарыбыз тууралуу канчалаган маалыматтар жазылса да, баары бир көпчүлүккө айтылбаган сапаттары, кылык-жоруктары болот. Муну бала чагынан бери жанында жүргөн биртууганы гана ачып бере алат. Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Алина Жетигенованын сиңдиси Назгүл Жетигенованы конокко чакырдык.

– Назгүл, саламатсызбы. Бир эмес, эки жылдыз – Алина менен Назира Жетигеновалардын биртууганы болуу кандай экен?
– Алина эжем менен Назиранын биртууганы болуу мен үчүн сыймык. Биртуугандарың тууралуу элден жакшы кеп угуп калсаң, бир кубанып аласың. Анан эл арасында өзүңдү этият алып жүрүүгө аракет кыласың. Эл оозуна алынып калган биртуугандарыма сөз тийип калбасын дейт экенсиң.
– Сиз учурда эмне иш менен алектенесиз?
– Алина эжем мени жакшы эле ырчы кылууга аракет кылды. Жадакалса бир-эки жолу сахнага чыгып, анын артында коштоп ырдап жүрдүм. Өзүм табиятымдан аябай тартынчаакмын. Ошондуктан Алина эжеме “Назираны эле чыгаргылачы, андан бирдеме чыгат” деп айта берип көндүрүп, өзүм сахна жашоосуна аралашпоону туура көрдүм. Ал гастролдорго барганда мени да алып алчу. Көбүнчө жээндерим Азиз менен Азелди багышчумун.
Бир жолу Алина эжем Юрмалага барарда көйнөк тиктириш керек болду. Мен кичинемден эле тигүүгө шыктуу элем. Анан кие турган көйнөктүн дизайнын өзүбүз эле ойлоп таап, бир түндө тигип чыктык. Көйнөк артындагы чоң көпөлөгү менен өзгөчөлөнгөн. Чет жердик ырчылар да кызыгып кармап көрүшкөн экен. Ошондон улам тигүүчүлүк кесипке кызыгуум артып калды. Учурда Райхан Абдувалиеванын кийим тигүү це­хинде технолог болуп иштейм.
– Алина эженин сизге жакпаган сапаты...
– Кемчилиги жок адам болбойт да. Ал абдан уйкучу. Танк тебелеп кетсе деле уктай берет.
– Эжеңиз менен эмне жөнүндө көп сырдашасыз?
– Эми эки аялдын башы кошулганда ар бир темадан бирден чымчып өтмөйүнчө болбойт да. Болгон сырларымды айта берем, анан ал кеп-кеңешин берет. Чынын айтсам, мен боёнгонду да билчү эмесмин. Өзүңдү кандай алып жүрүүдөн баштап, кабыргадан коюлчу маселелерден кантип чыгууну да үйрөтүп келет.
Төмөндө Назгүлдүн ырчы тууралуу айтып берген баянына кулак салып, сыр күндөлүгүн барактай кетели.

“Мурдун тырмап отура берчү”

– Алина эжем чоң атамдын иниси Абдылда атамдын колунда чоңойгон. Бизге 8-классты бүткөндө келди. Буга чейин Алина биртууган эжебиз экенин жакшы түшүнө берчү эмеспиз. Биринчи жолу келгенде Назира элдин баарына “биздин үйгө чоочун кыз келди, ал эми биз менен жашайт экен” деп мактанып жүрбөйбү.
Алина бизге келген алгачкы учурда эч нерсе менен иши жок жүрө берчү. Назира абдан тентек болгондуктан, экөөбүз көп тытышчубуз. Мындай учурларда Алина эжем ажыратып коюунун ордуна мурдун тырмап же телевизор көрүп, укмаксанга салып отура берчү.
Качан гана Назира атамдын мотоциклин уурдап алып, (канча таяк жесе деле короодон дос балдары менен сүйрөп чыгып кетмей адаты бар болчу) балдар менен оюнга кеткенде мени үйүбүздүн жер төлөсүнө алып кирип, комуз, аккордеон черткенди үйрөтө берчү. Өзү да жыргап ырдап, бийлеп, комуз чертип калчу. Кээде кошунанын кыздарын чогултуп алып, концерт коюп ойноор элек. Алина эжем экөөбүз ынтымактуу болчубуз. Назира Алмаз байкем менен бир болуп, үй жасап ойночубуз. Мен да, Алина эжем да кийим тиккенди жакшы билгендиктен, куурчактарга сонун кылып көйнөктөрдү тигип алчубуз. Ал эми Назира менен байкем эптеп-септеп самсаалатып бирдемелерди жасап алып, анан биздикин көргөндө ичтери күйө беришчү. Назира катуу чычалап кеткенде биздикин тепкилеп, тытып салып качып кетчү.

“Чүкө атып ойночу”

– Алинаны багып чоңойткон атам кийинчерээк көзү жакшы көрбөй калган. Алина калпак кийип, эркекче үн менен “ассалоом алейкум” деп атам менен учураша берип тажатчу экен. Баягы карыган атам “кел, келегой, кимдин баласысың?” десе, “осурак Абдылданын” деп качып кетчү. Бул жоругун бир күндө 3-4 жолу кайталай бергенден такыр тажачу эмес. Атамдардын үйү биздин эле айылда болгондуктан, Алина эки жакта тең жүрө берчү. Анан да өтө жактырып ойногон оюну чүкө атуу болчу. Эркек балдардан кем калышчу эмес.

“Алинанын айынан жамбашымда так калган”

– Алина эжем бала чагынан эле жалтырак, кооз нерселерге абдан жакын. Бир жолу апам мага кубулуп турган төш белги (значок) сатып берди. Аны кыймылдатсаң “Сениби, шашпа” мультфильминдеги карышкыр менен коён бири-бирин кубалашкансып турчу. Менден алып тагынып, Абдылда атамдыкына кетип калыптыр. Апам башка кыздарга берип салган экен деп мени урушуп: “Бар, таап кел”,- деди.
Шашкан боюнча чо-оң көлөчтү кийип алып жөнөп калдым. Кирип баратканда эшиктин алдындагы чоң итти байкаган эмесмин. Чыгып баратып баягы шалпылдаган көлөч менен уктап жаткан немени чочутуп алдым окшойт, “арр” деп жамбашыман тиштеп калса болобу. Мен бакырып качып жөнөдүм, Алина артыман чуркап келе жатса ого бетер безеленип качыптырмын, ит экен деп. Ошентип, Алинанын айынан жамбашымда так калган.

“Үйдүн тегерегинде балдардын ышкырыгы таш жарчу”

– Алина мектептин алдыңкы окуучуларынан эле. Окуудан кийин мектепте кандай ийрим болсо да катыша берчү. “Айрыкча математиканы семичкедей чагат” деп мугалимдер мактап калышчу. Жакшы окуган кыздарды көп жигиттер жакшы көрө беришет го. Алина эжемди да сүйгөн балдар көп болгон. Кеч киргенде эле терезенин түбүнөн ышкырыктар чыгып калчу. Апам болсо аны “свиданиеге чыгып кетпесин” деп сайма сайдырып отургузуп койчу. Бирок ал баарын уктатып коюп, акырын терезеден чыгып кетчү. Биз муну байкап калсак, “эртең үйдү өзүм жалгыз жыйнайм, тигини берем, муну берем” деп алдап койчу.

Бир жолу таң атканда келем деп апама кармалып калды. Көрсө, туулган күнгө барган экен. Анан апамдан аябай таяк жеди. Ал ыйлап жатса, Назира экөөбүздүн боорубуз ачып, кошулуп өңгүрөп ыйлаганыбыз эсимен кетпейт.

“Кесибин тымызын эле тандап койгон”

– Ал мектепти аяктап, чоң окууга тапшырууга атам менен Бишкекке келген. Көп өтпөй атам “кызымды мугалимдин окуусуна тапшырттым” деп келип калды. Кийинчерээк атам башында тапшырткан ЖОЖго барып, эжемди таппай коёт. Көрсө, ал өзү эле Искусство институна барып тапшырып алган экен. Бул тандоосуна ата-энебиз өтө деле каршылык кылган жок. Ошентип, ал кесибин өзү эле тымызын чечип койгон. Студент болуп жүргөндө Кубат аттуу жездебиз аны ала качып кетет. Убакыт өтүп, эки балалуу болгон соң ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашып кетишкен.
Учурда сүйүктүү жары менен бактылуу турмушта жашап жатат.

Алина жана Назира жөнүндө...

  • Алина таптакыр палоо жасай албайт.
  • Азан чакырган аты – Алмакан. Достору Алина деп жүрүп эле Алина атка конуп калган.
  • Назира аялдарга караганда мырзалар менен бат тил табышат.
  • Алина белекке саат тартуулаганды жактырат. Сиңдисине 9 кымбат баалуу саат белек кылган.
  • Назира эркектин кийимин кийгенди жакшы көрөт.
  • Биртуугандар саунага барып эс алууну жактырышат.

Биртуугандар тууралуу

  1. Алина – 45 жашта, 3 баланын энеси;
  2. Алмаз – 2 баланын атасы, 43 жашында каза болгон;
  3. Чолпонбек – 41 жашында каза болгон;
  4. Назгүл – 37 жашта, 1 баланын энеси;
  5. Назира – 35 жашта, 2 баланын энеси;
  6. Наргиза – 30 жашта, 2 баланын энеси.

Эки иниси оорудан улам кайтыш болуп кетишкен. Иниси Алмаз менен атасы инсульттан бир күндө каза болуп калышкан. Учурда 4 биртууган Бишкек шаарында турушат. Апасы Назира менен чогуу жашайт.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан