Бала жыгылып кетсе да, кимдир бирөө менен урушса да, оюнчук талашса да дароо «апалап» ыйлайт. Апасы да баласынын үнүн угар замат желден мурда жетип барат. Арийне, ааламдагы бири-бирине жакын адамдар – эне-бала туурасындагы маегибиз Айжан Акылбекова менен болду.
«ТАЕНЕМ МЕНИ АПАМА БЕРГИСИ КЕЛЧҮ ЭМЕС»
– Мен апамдын жалгыз кызымын. 1 жашка чыкканымча апам өзү багып, анан таенеме бериптир. Анткени университетте окуп, ошол эле учурда милиция кызматында иштечү экен.
Ошентип, өмүрүмдүн башаты Жумгалдын Арал айылында башталды. Таенем «мен сенин апаңмын, Айгүл болсо эжең» деп айта берчү. Бирок кичинекей болсом да ички сезимим менен эжем эмес, апам экенин туйчумун. Апам шаардан жылына ашып кетсе эки жолу келчү. Келген сайын мени өзгөчө эркелетип, үстүмө үйрүлүп калар эле. Ошол күндөр мен үчүн чоң майрам болчу. Кеткенде ичимдин бир бурчу эңшерилип, ыйлагым келип туталанар элем. Таенем «мен сенин апаңмын» дегени менен, үйгө бирөө-жарым келсе, мен жөнүндө кеп баштачу. Маанилүү экенин сезсем керек, тыңшачумун. «Апасына барсабы деп жатам. Кыз баланын энесинин колунда өскөнү жакшы эмеспи» дегенин бир эмес, бир нече жолу тыңдагам. Бирок багып калгангабы, кайра эле бергиси келбей, кызынан кызганчу мени.
Алгачкы жолу мектепке барганымды такыр унутпайм. Терезеден сыртты карап отурсам, чачына ак бантик тагынган, сумка, гүл көтөргөн окуучулар жолдон өтүшчү. Аларды көрүп «мен да мектепке барам» деп таенемди ээрчитип беш жарым жашымда эле окууга барып алгам. Колумда көтөргөн эч нерсем жок, кийимим үйдөгү эле кадимки көйнөк. Мугалимдер да «окуса окуй берсин» деп коюшкан. Таенем өзү педагог болгондуктан, менин окуйм деген каалоомду четке какпастан, колдоо көрсөткөн.
«ТАЕНЕМ 13 ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫГЫПТЫР»
– Эртең менен отундун тарсылдап күйгөнүнөн, чайнектин шуулдаганынан ойгончумун. Турганымда таенем тамагымды даярдап күтүп жаткан болор эле. Таң эрте мектепке узатып, түшкүсүн эшиктин алдында күтүп отурчу. Келе жатканымды алыстан көрүп, ордунан туруп мени утурлай басканы дале көз алдымда. Ысытылган тамакты өзү да жечү эмес, бизге да берчү эмес. Таенемдин жаңы жасалган тамагын эч нерсеге карабай жегенимди унутпайм.
Башка балдар сыяктуу көчөгө чыгып жашынмак, топ ойноп же муз тепкен күндөрүм болгон жок. Китеп окучумун, куурчакка кийим тикчүмүн, телевизордон көргөн кызыктарды туурачумун. Шифоньердеги бүктөлүп турган кийимдердин бир учу чыгып калса, баарын чачып, кайрадан бүктөтчү. Таенемдин тазалыкка үйрөткөнү мени менен өмүр бою калды. Бөлмөдөгү буюмдар да мезгилге жараша алмаштырылып турчу. Терезеге тагылган парда, жерге салынган төшөктөр, палас, кыскасы, баары.
3-классымда таенемдин куран окуганын угуп отуруп аны жаттадым. Ал «мен өлгөндө дайыма куран түшүрүп жүр» деп көп айтчу. Жатарга келгенде, «коммунизм» деп коёбуз го, узун бир төшөк салып, мен, таенем, таежем үчөөбүз чогуу жатчубуз. Таенем жарыкты өчүргөн соң сонун жомокторду айтып берер эле. «Эр Төштүк» эпосун жатка билчү. Өткөн күндөрүн дагы кооз жомокко айландырып айтар эле. 13 жашында турмушка чыгыптыр. Таятабыз ал кезде канчада экенин билбейм, таенемди бала көрүп, көңдүн арасына кант катып коюп берчү экен. Мына ошол таттуу күндөр таятамдын согуштан кайтпай калышы менен аяктаптыр. Кайната-кайненеси «бала да, мейли ойносун» деп бош койчу экен.
12 жашымда өз апама, шаарга келдим. Таенемди таштап кетүү мен үчүн тирүүнүн тозогу болду. Ичим эңшерилип, биротоло таштап кетип жаткансып аябай жаман болдум. Үч-төрт жылдан кийин эле инсульт болуп жыгылып, тилден калды. Анан үч ай төшөктө жатып о дүйнөгө кете берди. Апам экөөбүз коюлгандан кийин угуп калдык. Бизге кабар берчү адам убагында айтпай коюптур. Таенемден мага түбөлүктүү белек болуп анын фамилиясы калды. Акылбекова – таенемдин фамилиясы.
«АПАМДЫН ТААРЫНЫЧЫН КАНТИП ЖАЗАМ ДЕП КӨПКӨ ОЙЛОНДУМ»
– Борборго апама келгенде абдан кыйналдым. Өзүмдү апамдын жанында кандай алып жүрөрүмдү билбейм. Муздаткычтан тамак алып жеш керек болсо да сурайм. Апам мени эч нерсе жасатпай, үй жыйнатпай, кир жуудурбай эркелеткенге аракет кылып жатты. Алыскы туугандарыбыз биз менен чогуу турушчу, ишти ошолор жасачу. Кийин күйөөгө тийгенде оокат жасаганды билбей, аябай кор болдум. Кийим алганы дүкөн да кыдырчу эмесмин, жумуштан келе жатканда бир сумка модалуу кийимдерди алып келер эле. Экөөбүз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү, сырыбызды жакындан билбей, ортодо алыстык болуп жатты.
Апамдын мүнөзү эркектердикиндей катуу, анан да бир мүнөз. Апам 7-класска чейин Жумгалда орус мектепте окуган. Анан борборго келип да орус мектепке кириптир. Студент кезинде эле милиция тармагына кирип, азыркыга чейин ошол тармакта иштеп келе жатат. Кызы катары мага «мындай кыл» деп эч качан эч нерсе айтпайт. «Ушундай кыла аласыңбы?» деп сурайт. Апам экөөбүз эне-баладай эле жакынбыз, бирок өтө сыйбыз.
Жакында эле таарыныша кеттик. Бирөөгө айткан сөзүмдү өзүнө алып алыптыр. Бир шаарда туруп 2-3 күн сүйлөшкөн жокпуз. «Кандай кылсам апамдын таарынычын жазам, туура эмес кылып ого бетер жинине тийип алсамчы?» деп көпкө ойлондум. Анан айдоочудан гүл берип жибердим. Апама аябай жагыптыр, «сенден башка жакын адамым жок» деп СМС жазып жибериптир. Окуп алып ого бетер жаман болдум. Таенем болсо кучактап туруп бетинен чоп эттирип өөп, «кечирип коюңузчу» демекмин да ой-боюна койбой.
«АПАМ ЭКӨӨБҮЗ БИРИ-БИРИБИЗГЕ ФАМИЛИЯЛАРЫБЫЗ МЕНЕН КАЙРЫЛАБЫЗ»
– Мухтар (ред. Өмүракунов)экөөбүз баш кошкондо апам бизди кетиргиси келбей, бир ай чогуу жашадык. Кимдир бирөө «бөлүш керек, андай болбойт» деп айткан окшойт. «Силерди кармабашым керек экен» деп акыры макул болгон. Азыр үйгө келерде «Үйдө болосуңбу, мен азыр барайынбы?» деп сурап келет.
Апам экөөбүздүн ортобузда ушуга чейин эки чоң карама-каршылык болду десем болот. Биринчиси, мен мектепти аяктаганда «сен орган кызматкери болушуң керек, ИИМдин академиясына тапшырасың» деп кыйнап, мени жумушка Аламүдүн РИИБине киргизип койгон. Түрмөдөн чыккандарга, чет өлкөлүк жарандарга паспорт даярдап бир жыл иштедим да, «Искусство институтуна тапшырам же такыр окубайм» дедим. Айла жок документтеримди өзү алып барды. Кийин театрга барып, мен катышкан спектаклдерди калтырбай көрүп жүрдү. «Жакшы болуптур» деп сахнадан гүл берет да, үйгө келгиче сын айта берет, айта берет. Экинчи жолу хиджаб кием дегенимде каршы чыкты. «Ойлонуп көрчү, балким, кийбей эле коёсуң» дей берди. Макул болгон жокмун. Кызым чарчап калганда коюлган жерге баралы деп туугандар чогулушту. Ошондо биринчи жолу хиджаб кийип тепкич менен ылдый түшүп келе жатсам, апам ыйлап алып мени карап туруптур.
Азыр чет жакка көп чыгам. Балдарымды таенесине калтырып коём. Неберелерин аябай жакшы карайт. «Көчүп келиңиз, чогуу жашайлы. Эл карабай койду дейт. Мага сөз тиет» десем, «кайын журтуң келет, мен өзүмдү жаман сезем» деп такыр болбой жатат. Апам үйгө келгенде балдарымды эч урушпайм. Урушмак түгүл «бар бөлмөңө» деп айткандан тартынам. Антип айтсам, апам мени жактырбай жатабы деп ойлойбу деп чочулайм. Экөөбүз бири-бирибизге фамилияларыбыздан айтып кайрылабыз. Ал мени Акылбекова десе, мен аны Мурсалиева деп чакырам.
Апам эркек мүнөз дебедимби. Машина айдап, ат мингенди, курал колдонууну апамдын аркасы менен үйрөндүм. Ал эми үйдү таза кармоону, балдарымдын атасын сыйлап, жакасына кир жугузбоону, дайыма жаңы бышкан тамак берүүнү таенем үйрөтүп кетти.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg