МАЙДАН ҮСТҮНДӨ ТАЙ ҮЧҮН «ЖАРАНДЫК СОГУШ» БОЛДУ

17-18-19-май күндөрү «Дордой» спорт-комплексинде «Супер-Инфо» гезитинин 11 жылдыгына карата уюшулган Суперфутболдун чемпиону аныкталды. Чекеден аккан терге жуунуп, майданда суй жыгылганча чуркаган оюнчулардын жеңиш кубанычын жана жеңилүү ызаларын тең бөлүшө күйөрмандар 3 күн бою майданга активдүү келип беришти. Баш байгеге коюлган тай КТРКга кетсе, былтыркы чемпион «Билайн» кой утту. Өткөн жылы байгеге илинбей калган «super.kg» быйыл козуну илип кетти.

СУПЕРФУТБОЛГО 18 КОМАНДА КАТЫШТЫ
Адатта, гезитибиз уюштурган иш-чаралар иш күнүнө туура келбейт. Суперфутболго 18 команда катышып жатканына байланыштуу футбол сүйүүчүлөрүн аптанын соңку үч күнүнө чакырганбыз. Алгач майданга «Береке» бий тобунун кыздары чыгып, кореялык ырчы PSY`дын «Gentleman» ырына бийлеп ачып беришти. Анан «Супер-Инфонун» расмий гимни Каныкей, Чолпонай, Нурлан Насип жана Добрдун аткаруусунда обого жаңырып, майрам башталды. Алпаруучулар Нурзат Токтосунова менен Эркин Рыскулбеков чүчүкулак тартуу үчүн «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча 2012-жылдын «Мыкты спортчусу» аталган Кылычбек Саркарбаев менен «Супер сулуу-2012» сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаеваны чакырышты. Чүчүкулакты күтүп, толкундана алакандары тердеп турган 18 команданын толук курамы чакырылып, чүчүкулак тартылды.

ЫРЧЫЛАР ОБОН СОЗУП КЕТИШТИ
Ишин таштап, уйкусунан кечип оюнга келгендер убада кылынгандай «Сэндвич тойбосстон» жеп, «Артезиан» суусунан жутуп отурушту. «Тамашоучу» жигиттер Самат Эркинбек уулу, Эмил Эсеналиев жана Зияш Турдубек уулу, Рүстөм Нурболотов оюндарды күлкү менен коштошсо, белгилүү спорт баяндамачысы Табылды Асыгалиев оюндарды баяндап отурду.
Алгач майданга «Билайн» жана ФКБ командалары чыгып, жобо боюнча 25 мүнөттөн эки тайм ойношту. Майдан үстүндө 5 кыз жигиттерден кем эмес чуркап, калган командадагы кыздардын «духун» көтөрүп койгонсуду. Командалар тыныгуу алганда ыр-бийге орун берилип жатты. «Супер-Инфону» 11 жылдыгы менен куттуктап Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Мирбек Атабеков, Гүлжигит Сатыбеков, Бек Исраилов, Даниель, «Кеңеш» тобу, Мирлан Баеков, Роза Шакирова, Нурмат Садыров, Асел Кадырбекова, Аваз Акимов, Бактияр Токторов, Кундуз Канатбек кызы, Бегиш, Асел Касымова, Добр, Каныкей, Чолпонай, Дайыр Исмадияров, Сапар Эркебаев, Сема жана «Жебе» тобунун ырчылары обон созуп кетишти.

17-МАЙ. ЧОҢ ЭСЕПТЕГИ ЖЕҢИШТЕР КҮНҮ
Мелдешке катышкан 18 команданын 9у алгачкы оюндан учуп, 9 команда калды. Кийинки турга чыккан бир командага атаандаш табуу үчүн «бактылуу команда» деген жобо иштелип чыгып, учуп кеткен 9 командадан эң минималдуу эсепте жеңилген бир командага кийинки турга жолдомо бердик.

«БИЛАЙН» – ФКБ – 5:1
ФКБ мелдешке биринчи жолу катышып жаткандыктан, анын кандай оюн көрсөтөрү катылган сыр эле. Антсе да эл «Билайнды» эрте эле жеңүүчү атап, так пикир айтуу менен жаңылбаптыр.

«СЕЛА» – «СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ» – 4:1
Канат Маматов башында турган «Села» командасынын оюну эч кимди кайдигер калтырган жок. Башкаларга салыштырмалуу бул командада кыздар көп эле. Каршылаштары канча аракет кылбасын, жаралган кырдаалдарды голго айландырууда «Села» таасын болуп, кийинки турдун билетин оңой илип кетти.

«МЕГАКОМ» – «АЮ» – 4:2
«Аюнун» быйылкы мелдештеги тилектеринин бири «Мегакомдон» былтыркы өчүн алуу эле. Бул жолу биринчи оюнда эле экөө кез келип, «мегакомчулар» атаандаштарынын тилегин таш каптырып коюшту. Бирок кызыктар бул оюн менен бүтпөгөнү эртеси күнү билинди.

«О!» – «КЕЛДИКЕ» – 6:0
Быйылкы мелдешке «О!» командасы жакшы даярданыптыр. Зер буюмдарды даярдоо менен алектенген «Келдикенин» оюнчулары гол киргизгенге чамасы келбей, атаандаштары алып барган оюндун темпин кармай албай убара болушту. Жыйынтыгын эсеп айтып турат.

«ШОРО» – АУЦА – 5:1
АУЦАнын ректору баш болуп келип, «шорочуларга» тең келүүгө аракет кылышты. Бирок арты-артынан келген мүмкүнчүлүктөрдү бош коё бербеген «Шоро» оңой эле чоң эсептеги жеңишке жетишип алды.

«ЫРЧЫЛАР» – «ТАМАШОУ» – 0:4
Омар: – Көп даярданбагандыктан, кыйналып калдык. Пенальтини киргизе албаган себебим, талаанын так ошол жери оюк экен, топ өйдөгө көтөрүлүп кетти. Достук оюну болгондон кийин «жеңди-жеңилди» деп айтууга болбойт. Бул оюнда достук жеңди.

КТРК – «СУПЕР-ИНФО» – 2:1
Биринчи күндүн акыркы оюну ушул болду. «Суперчилер» канчалык аракет кылбасын, КТРК күчтүү болуп турду. Эсепти биринчи болуп телевидениенин кызматкерлери ачышты. Көп өтпөй биздикилер эсепти теңегени менен, оюндун тагдыры өзгөрүп кетти. Оюн бүтөрүндө кайрадан КТРК гол киргизип, оюнга чекит койду.

18-МАЙ. КОШ, «МЕГАКОМ!», АЛГА, «SUPER.KG»!

«АКТЁРЛОР» – «SUPER.KG» – 1:4
Актёрлордун капитаны Назым Мендебаиров Суперфутбол жөнүндө сөз сүйлөгөн сайын «super.kg`ни» мисал кылчу. Анткени былтыр да форумдун колдонуучуларына жеңилип, ичи ачышып калган эле. «Негизгиси катышуу» деген менен, жеңишти самап келген актёрлордун да майдандагы ой-тилектери бир саатка жетпей урап, мелдеш менен коштошушту.

«БИЙЧИЛЕР» – «Z-FASHION» – 2:1
Бул оюн көп кишинин пикирин өзгөрттү. Подиумда баскан моделдерден жана бий менен жашаган командалардан мындай курч оюнду көпчүлүк күткөн эмес эле. Эсептик көрсөткүчтө бийчилер алдыга чыкса да, моделдердин капитаны Жамиля команданы сактоо үчүн жан аябай күрөштү.

«БИЛАЙН» – «СЕЛА» – 3:0
Канат Маматов, «Села» командасынын капитаны:
– Бизде балдарга «замена» жок, эки күн катарынан ойноп чарчап калдык. Кыздардын болсо ойногонун көрүп жатасыңар. Ошондон бир аз күчсүз болуп калдык окшойт. Негизи, биринчи жолу команда болуп мындай чоң турнирге катышып жатабыз. Колубуздан келген аракетибизди жумшадык.

«МЕГАКОМ» – «О!» – 3:3 (ПЕНАЛЬТИЛЕР СЕРИЯСЫНДА – 2:4)
Улан Барпиев, «Мегаком»:
– Билем, биз кийинки баскычка «бактылуу команда» катары чыгабыз. Бирок биз минтип эмес, татыктуу оюн менен сапарыбызды улагыбыз келген.

«ШОРО» – «АЮ» – 1:7
Суусундук чыгаруучу атаандаш ишканалардын командаларынын ортосундагы оюн күтүлбөгөн кокустук болду. «Аю» 7 гол киргизиптир, өтө эле күчтүү го» дешиңиз мүмкүн. Бирок «Шоронун» да 7ден ашык гол киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

«ТАМАШОУ» – КТРК – 1:2
Эрмек Нурбаев, «Тамашоунун» капитаны:
– Кыскасы, оюн аябай эле катуу болду. 2:1ге утулуп калдык. Атаандаштык күчтүү. Акыркы бир мүнөт калганда биздин дарбазага гол кирип кетти. КТРК командасы негизи күчтүү команда, мурун деле алар менен ойноп жүрчүбүз. Команданы жеңиши менен куттуктайбыз.

«SUPER.KG» – «БИЙЧИЛЕР» – 1:1 (ПЕНАЛЬТИЛЕР СЕРИЯСЫНДА – 4:3)
Бул оюндун негизги бөлүгүнөн да, пенальтилер сериясы кызык болду. Эки командадан тең ишенимдүү оюнчулар пенальтини киргизе албай калышты.
«super.kg`нин» башына күн түшкөндө, команданын ичинен чыккан баатыр Бекжан Бакаев (svetic, команданын дарбазачысы) акыркы соккуну тосуп, команданы кийинки турга сүйрөп чыкты.

«БИЛАЙН» – «О!» – 3:0
«Билайн» ушул тиреште көбүрөөк жеңүүнү каалаганы байкалып турду. Анткени бул оюндагы жеңиш алар ойлогондой эле жарым финалда «Мегаком» менен ойноого мүмкүнчүлүк түзүп бермек. Оюн жогорку ылдамдыкта өтүп, бул жолу да «Билайн» жеңүүчү аталды.

«МЕГАКОМ» – «АЮ» – 0:0 (ПЕНАЛЬТИЛЕР СЕРИЯСЫНДА – 2:4)
Өз тапшырмасын мыкты аткарган «Билайн» жарым финалда «Мегакомду» күтүп алмак. «О!» командасына утулуп калган «Мегаком» болсо бактылуу жолдомо менен кайра «Аюга» туш келди. 2 баскычтан өтүп алган соң «Аю» да оңой жеңилгиси келбей, «мегакомчулардын» үстөккө-босток чабуулдарын орто жолдо бүлгүнгө учуратып жатты. Калыстын ышкырыгы жаңырып, пенальтилер сериясы башталды. Ошентип, шаң менен, шаңдуу күйөрмандар менен келген «Мегаком» көпчүлүктүн ичин ачыштырып, мелдештен учуп кетти. Кызыгы, бул командалардын биринчи оюну чоң эсепте уюлдук оператордун жеңиши менен аяктаган эле.

19-МАЙ. ЖАРЫМ ФИНАЛ ЖАНА ФИНАЛ. КТРК – ЧЕМПИОН!

КТРК – «SUPER.KG» – 4:2
Чынында, бардык командалардан айырмаланып, КТРК дээрлик колдоочулары жок ойношту. Андыктан бул оюн толугу менен «super.kg» командасынын колдоочуларынын колдоосу астында өттү. КТРК 2 ирет алдыга чыкканы менен, «суперчилер» бир муштумга түйүлүү аркылуу эсепти теңеп жатышты. Бирок жекшемби күндөгү жаан менен шамалдын таасириби же ийгилик чын эле теле кызматкерлерине жылмайдыбы, айтор, оюн бүтөрүнө аз калганда финалдык жолдомонун тагдыры чечилди.

«БИЛАЙН» – «АЮ» – 2:0
Барган сайын күчтүү ойноп бараткан «Аю» командасынын шагын «Билайн» сындырды. Бул оюнда «Аюнун» мыкты оюнчулары жаракат алып, команда айласыз гана сары түстөгү формачан атаандаштарын финалга узатып кала берди.

3-ОРУН ҮЧҮН «SUPER.KG» – «АЮ» – 4:1
«Су-уупер кейжи, су-уупер кейжи!» Козу жана коло медаль үчүн болгон күрөш дал ушундай сүрөөн менен өттү. Жарым финалдык оюн бул эки команданын тең күчүн алып коюптур. Антсе да акыркы күчтөрдү жыя келгенде «super.kg» командасына ийгилик жылмайды.

ФИНАЛ

КТРК – «БИЛАЙН» – 0:0 (ПЕНАЛЬТИДЕН – 3:1)
Ооба. Демди ичке ката, финалдык оюнга көз салып отурдук. Бул эки команда тең финалга чейин жеңилүү эмне экенин билген жок. Бирок финалда жеңилүү кандай кыйын экенин КТРК былтыр билген. Андыктан быйыл эки команда тең жаза баспоонун аракетинде өтө кылдат ойношту. Оюндун негизги убактысында гол катталбады. Финалга чейин мыкты ойноп келген «Билайндын» оюнчулары дал ушул пенальтилер сериясында арты-артынан жаза басып, жеңишти өзүлөрү атаандаштарынын чөнтөгүнө салып бергендей болду. Футбол – чемпиондордун оюну, футбол – кокустукка бай оюн. Ошентип, КТРК чемпион аталды.

МЕЛДЕШТИН МЫКТЫЛАРЫ
3 күндүк мелдеште ар бир командада бирден мыкты оюнчу болду. Алардын ичинен иргелип, командаларын байгелүү орундарга сүйрөгөн 2 оюнчу мыкты деп табылды. «Билайндын» чабуулчусу, мелдеште 6 гол киргизген бомбардир Автандил Балыкчиев «Мыкты футболчу» деп табылса, «Мыкты айым футболчу» наамы
«super.kg» командасынын оюнчусу Ажара Абдыкадыровага тийди. Наамдарды «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти Шаршен Касенов тапшырды. КРнын Футбол федерациясы да Автандилди мыкты деп таап, Кыргызстан курама командасынын оюнчуларынын колу коюлган тобун тапшырды.

ТИЛЕКТЕШТИК ҮЧҮН ЫРААЗЫБЫЗ
Суперфутбол – сергек жашоо жана биримдикке чакырган 3 күндүк майрамдын өз деңгээлинде өтүүсүнө салым кошкон бардык жүздөргө ыраазычылык билдиребиз. Мелдешти уюштурууда көмөк көрсөткөн «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти Касенов Шаршен Рахимовичке, КРнын Футбол федерациясынын маалымат катчысы Медер Сталбек уулуна, калыстыкты колго алган Рысбек Шекербековго жана анын командасына, алпаруучулар Нурзат Токтосунова менен Эркин Рыскулбековго, баяндамачы Табылды Асыгалиевге, «тамашоучу» жигиттер Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу, Рүстөм Нурболотов жана Зияш Турдубек уулуна, үч күн бою келип чогулган элдин көңүлүн ачкан ырчыларга, бийчилерге, Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун кабыл алуу бөлүмүнүн травматологу Ильгиз Усубалиевге, маалыматтык колдоо үчүн НТС, НБТ телеканалдарына, «Артезиан» суусундук фирмасына, «Сэндвич тойбосско» терең ыраазычылык билдиребиз.

МЕЛДЕШКЕ КЕЛГЕН АТАКТУУЛАР

Аскар Салымбеков, «Дордой» ассоциациясынын президенти:
– Мындан үч жыл мурун бул турнирге, мен билгенден, 12 команда катышкан. Азыр 18 команда экен. Жакшы саамалык. Жыл сайын ушинтип өткөрүп, өркүндөй бергиле. Жылдыздарды көрүп баарыбыз алардан үлгү алалы. Алар футбол ойносо футбол ойнойт, бий бийлешсе бийлешет. «Супер-Инфо» жакшы демилге көтөрдүңөр, биз дайым колдойбуз.

 


Мирбек Атабеков, ырчы:
– Мен футболду жактырам. Мүмкүнчүлүк түзүлгөндө ойноп турам. Убакыт тартыш экенинен быйыл катыша албадым. Буюрса, эмки жылы Суперфутболдо мен да ойнойм. Ырчылар арасында футболду жакшы ойногон балдар бар. Ошолор уюшуп чогуу чыгабыз.

 

 

Азат Базаркулов,«Мегаком» компаниясынын башкы директору:
– Майрам, негизинен, жакшы өтүп жатат, уюштурулушу аябай мыкты. Ушундай жакшы саамалык өткөрүп берип жатканы үчүн «Мегаком» компаниясынын жамаатынын атынан «Супер-Инфо» гезитинин редакциясына ыраазычылык билдирем. Буюрса, кийинкиде биздин команда биринчи орунду алганга аракет кылабыз.

 

 

Абдыгул Чотбаев, КРнын Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү:
– Мен эки жылдан бери Суперфутболдо «Мегакомго» күйөрмандык кылам. Былтыр командага сырттагы күйөрман катары болсом, быйыл компаниянын кызматкери катары колдоо көрсөтүп отурам. Былтыркы оюнга караганда кыздардын көптүгү өзгөчөлүк болуп, ар бир команданы кооздоп жатышат.

 

 

Гүлжамал Бөрүкулова,
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Суперфутбол-2013" - 1-күнүнөн репортаж
"Суперфутбол-2013" - 2-күнүнөн репортаж
"Суперфутбол-2013" - 3-күнүнөн репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Rinatik94
2013-05-27 10:40:32
Супер.кж эмдиги жылы буйруса жениш бизге жылмаят.
0
zzz---zzz
2013-05-27 20:28:31
Кубоктун баасы канча болду супер инфо ошол эле калып кетиптир.
0
elestet
2013-05-27 21:24:40
zzz---zzz, бомбардирлердин тизмеси да жок
0
altinim
2013-05-27 22:54:39
моделдер кана
0
nazira1989
2013-05-28 11:33:59
Олеее,оле,олее,олееееее кыргыздар чемпиоооон!!!!
0
begish_92
2013-05-29 00:33:06
кааап мен баралбай калдым да супер kgни алдыга тартып чыкмакмын.
0
eldiyarmacho
2013-05-29 18:38:04
супер.kg жантартым эле болбой калдыда макул эмдиги жылы утабыз
0
eldiyarmacho
2013-05-29 18:41:55
супер.kg командасы бекер реал мадридтин формасын кийишиптирда . Как реал мадридтей болуп полуфиналдан отпой калды. Ктр кызыл кийинип бавариядай болуп женип алышты кубокту
0
Rinatik94
2013-05-29 22:52:38
eldiyarmacho, Ооба!
0
maksimus
2013-05-29 20:11:10
Барам, барам деп атып эле барган жокумун. Жумуштан бошогон жокмун кап
0
Titi
2013-05-30 06:30:02
Кыргызстан чемпион. Реал чемпион.
0
BelkaBoB
2013-05-31 16:39:50
Макаланын темасын жакшы койгон экенсиңер... Элибиз эме эле тынчып, жай турмушка өткөндө... Ар бирдүн орду бар го дейм да...
0
nazikerbol
2013-06-01 23:00:13
Бактыяр Токторовтун ырдаганы жакты.
0
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан