КӨЗҮ АЗИЗДЕР ҮЧҮН ЖОЛ ЧЫРАКТАРГА ҮН КОШТООЧУ ЖАБДУУЛАР ОРНОТУЛУУДА
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарттарды түзүү максатында ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы жана «Плюс» коомдук фонду тарабынан келишим түзүлүп, шаардын 10 жол чырак объектисине көрүүсү начар адамдар үчүн үн коштоочу жабдуулар орнотулат. Келишимдин шарттары боюнча, бардык чыгымдарды «Плюс» коомдук фонду өзүнө алат. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы менен жол кесилиштери макулдашылып, бекитилген. Үн коштоочу жабдуулар 2013-жылдын 13-майында Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишине коюлду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shekerbek
2013-05-27 15:08:55
дагы мумкунчулугу чектелгендерге аялдамадан места автобуска чыга турган тушо турган тепкич болсо кыйналышпаса керек эле бечаралар
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.