Ата-энелер «барбайсың, ай, барбайсың» деп урушкан отуруштун деле кээде пайдасы тийип калат тура. «Эмнеге?» дебейсизби. Анткени Ош шаарында 7-класстын окуучулары классташ кызынын үйүнө туулган күн кечесине барып, каналда агып бараткан үч кичине баланы куткарып калышкан. Окуяга кененирээк токтолсок...
«ЧОҢ АДАМДАР СҮЗӨ АЛБАЙБЫЗ ДЕП КОЮШТУ»
Мектепте туулган күн сыяктуу кечелерге барууга тыюу салынгандыктан, Ош шаарындагы Ломоносов атындагы №3-мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучулары Южный кичи районуна классташ кызынын үйүнө күндүзгү саат 10дордо барышкан. Кечки саат 18дер чамасында отуруштан чыккан достор канал бойлоп келатышкан. Алар күндүн ысыгынан сууга түшсөкпү деп ойлошот. Анан ошол жерден сууда агып бара жаткан үч баланы көрүп калышат. Окуяны баатырлар минтип сүрөттөп беришти.
Азамат: – Алгач көргөнүбүздө булар да сууга түшүп жатышат го деп ойлодук. Карасак андай түрү жок, сууга чөгүп, кайра чыгып жатышат. Сүйүнтбек «булар агып баратышат, жардам берели» деп кыйкырып калды. Аны угарым менен сууга боюмду таштадым. Менин артымдан Сыймык деген досубуз түштү, экөөбүз бирден баланы тартып чыгып балдарга узаттык. Суу билинбегени менен аябай терең экен. Мени да тарта баштады. Бизди карап турган элди жардамга чакырсак, «сууда сүзө албайбыз» деп келбей коюшту. Үчүнчү баланы куткаруу кыйынга тургандыктан, балдарды чынжырча болуп кармашууга үндөдүм. Баарыбыз сегиз болчубуз, бири-бирибиздин колубузду кармашып, үчүнчү баланы да куткарып алдык.
Сыймык: – Балдар суу жутуп алышкан экен. Куткаруу кыйын болду. Үчүнчү балага жетип барып, дем алсын деп бир аз көтөрүп турдум. Мен көтөргөндө кусуп жиберди. Суунун күчүнөн алым кете баштап, мени да агызып кетмекчи болгондо келме келтирдим. Балдар эстерин жоготуп коюшуптур, биз 10 мүнөт кечиккенибизде өлүп калышмак. Арслан келип калып, колумдагы баланы жээкке алып чыгып, «Тез жардам» машинасына жеткирдик. Бети-башыбыз кусунду болуп калган. Көтөрүп келе жатсак балдардын оозунан суу агып жатат. Көп суу жутуп алышыптыр.
БАЛЫК КАРМАЙБЫЗ ДЕП КАНАЛГА КУЛАП КЕТИШКЕН
Сууга аккан балдардын экөөсү бир тууган ага-инилер. Бири 7 жашар, экинчиси 5 жашар. Ал эми үчүнчү бала алардын 4 жашар кошунасы болгон. Балдардын үйү менен каналдын аралыгы бир топ алыс. Ойноп жүрүп каналга келип калышат да, балык кармайбыз деп бирөөсү сууга кулап түшүп, бири-бирин куткарабыз деп үчөө тең агып кетишет. Биз сууга аккан балдар менен баарлашууга барсак, коркуп калышканбы, жакшы сүйлөп бере алышпады. 7 жаштагы сууга аккан балдардын бири буларды айтып берди:
– Ганижан, ден соолугуң жакшыбы?
– Ооба, жакшы болуп калдым.
– Сууга кантип чөгүп кеттиң?
– Балык кармайлы дегенбиз. Биринчи бул түшүп кетти (инисин көрсөтүп), анан артынан мен түштүм. Менден кийин берки бала түштү. Бири-бирибизди куткарабыз деп ойлогонбуз, үчөөбүз тең агып кеттик.
«Бали, азаматтар!» деп айтканга арзыган бул өспүрүмдөргө балдардын ата-энеси өмүр бою алкыш айтары турган кеп. 21-май күнү ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Баймуратов шаардагы Ломоносов атындагы №3-орто мектепте чакан жыйын өткөрүп, мектептин 8 окуучусуна салтанаттуу түрдө Ардак грамоталарды тапшырды. Учурда балдардын абалы жакшы. «Мындан кийин каналга барып балык кармабайбыз» деп сөз беришүүдө.
Элира Чынтемир кызы
koom@super.kg