«10 ЖЫЛДЫК – ОЙНОО, 20 ЖЫЛДЫК – СЫНДОО»

Мектеп уясынан алыс учуп, алда качан адам суктанчу бийиктикти багындырган чыгармачыл инсандар 10, 20 жылдыктарга камынып, балалыктын даамын бирге сызган классташтары менен чогулганы жатышат.

Мирбек Иманбеков:«КЛАССТАШТАР ОЙНОГОНУ БАРАТАБЫЗ»
– Мезгилдин учканын кара, минтип 10 жылды артка таштап, классташтардын жолугушуусуна камынып жатам. Негизи,
«10 жылдык – ойноо, 20 жылдык – сындашуу, 30 жылдык – сырдашуу» деп коёт эмеспи. Мына ошого биз ойногону баратабыз. Классташтар баарыбыз 15 миң сомдон топтомой болдук, максатыбыз – биздин ак бантик тагып, жанаша чоңойгон кыздарды, анан да акылын айткан эжекелерибизди мүмкүн болушунча сыйлоо. Алар үчүн атайын кече уюштурабыз, кийин Кара-Буура жайлоосуна эс алып келебиз. Жакшысы, ынтымактуу чоңойгонбуз, ошондуктан даярдык талапка жооп берчү деңгээлде. Учурдан пайдаланып менин класс жетекчим Бурма эжекемди куттуктагым келип турат, мына балапандарыңыз канат кагып кайра учуп келишмекчи.

Тынай Алыбаев:«ТЕНТЕКТИГИБИЗГЕ МУГАЛИМДЕР ЧЫДАЙ АЛБАЙТ ЭЛЕ»
– Эх, окуучулук кезимди эстесем, кадимкидей ичим жылый түшөт. Ал убактагы тентектигибизди айтпа. Класс жетекчилерибиз бизге чыдай албай, бат-бат эле алмаша берчү. Эми минтип белекке келгенде кимисине беришибизди билбей калдык (күлүп).
Классташтарым менен аябай жакшы катышып, кезигип турам. Алыска турмушка чыгып кеткен кыздар гана жолугушууларга келбей жатышкан. Бирок 20 жылдыкка баарыбыз чогулабыз деп чечтик. Кудайга шүгүр, колунда бар адамдарданбыз. Биз окуган Байтик айылындагы үч мектептен алдын ала кемчиликтерин сурап алдык. Эми аларды белектерибиз менен сүйүнтөбүз.

Жеңишбек Айтиев:«20 ЖЫЛДЫКТЫ ЭКИ МЕКТЕПТЕН ТОСОМ»
– Мен 7-класска чейин Ноокатта, кийин Ош шаарында окудум. Ошондуктан 20 жылдык мааракени да эки жакта тосом. 23-майда Оштогу классташтарым менен бирге 11ди кантип бүткөнүбүздү эстесем, андан кийин 7-классты кантип бүткөнүмдү эстейм.
Негизи, чоң мааракени Ноокатта уюштуруп жатабыз, балдар 7 миңден, кыздар 3 миңден чогултмай болдук. Борбор калаабыздан ырчы-чоорчу, комузчусу, айтор, баарын чакырдык. Эх, чиркин, бир жыргайбыз го. Классташтарым менен чогулуп аш басып жей беребиз. Бирок кантсе да бүткөнүбүзгө 20 жыл болуп калыптыр, даярдык абдан катуу.

Асел Касымова:«10 ЖЫЛДЫКТЫН КӨП ДЕЛЕ КЫЗЫГЫ ЖОК»
– Мектепти бүтүп жатканда бир башкача кыйналгам, балалыкты бирөө колумдан тартып алып жаткандай томсоруп жүргөм. Мектептеги ызы-чуу күндөр, эже-агайлар, ии, эстесем ыйлагым келет. Быйыл 10 жылдыгыбыз болот, бирок даярдык деле жок. Баарыбыз борбордобуз, бат-баттан көрүшүп тургангабы, анчейин кызык эмес болуп жатат. Анан да баары өз жолуна түшкөн, кыздар турмушка чыгып дегендей. Бирин жолдошу жиберсе, бирин жибербейт. Эгер чакырып калышса, албетте, барам. Классташтарым менен балалыкка бир кайтып келем го. Эгер чогулбай калсак, бизди окуткан мектептин жамаатын башкалар белексиз калтырбайт деп ишенем (күлүп).

Аскат Мусабеков:«МУГАЛИМДЕРГЕ СТИПЕНДИЯ БЕРЕМ»
– 11-классты бүткөнүбүзгө билинбей эле 10 жылдын жүзү болуп калыптыр. Сагынышып калсак керек аябай, классташтар бир жыргайлы деп камынып жатабыз. Жубайымды ээрчитип мектебимдин астанасын кайрадан аттап, бытыкый парталарга отуруп окуучулук күндөрүмдү эскерип келем, буюрса. Чоң атам өмүр бою мектепте эмгектенген киши, ошонун урматына эже-агайларыма жардам болсун деп жыл сайын берилчү стипендия уюштуруп жатам. Өзүм билим алган Ак-Моюн айылындагы Абыш Койчуманов атындагы орто мектептин мыкты мугалимдерине жана жакшы окуган окуучуларга стипендия берем.

Мындан сырткары ырчы Дайыр Исмадияров, алпаруучулар Эрмек Нурбаев, Жанар Акаев 10 жылдык, диктор Чынар Капарова, спорт баяндамачы Кубан Атабеков, ырчы Санжар Кошбай уулу 20 жылдык жолугушууга камынып жүрүшөт.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирбек Иманбеков: "10 жылдык – ойноо, 20 жылдык – сындоо"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Rinatik94
2013-05-27 10:44:15
Эх,окуучулук кундор кайда кетти! Тема боюнча,Женишбек,Мирбек жана башка байке,эжелерге ак жол жакшы майрамдап келишсин!
0
nazira1989
2013-05-27 11:13:32
Агып кеткен окуучулук кайыгым,эми издеп таппай калдым дайынын... :-((
0
beka92kg
2013-05-27 13:27:53
Окучулук кундорум менин кайда кетти сагынам....
0
Shekerbek
2013-05-27 14:48:25
Кыргыз туулса да олсо да койлордун шору ):
0
jamiyla
2013-05-27 18:12:36
Kandai sonun kundor!Anan 25i bir jagynan jakshy bir jagynan jaman,yilamai,koshtoshmoi,ishi kylyp...yilagym kelip ketti!
0
AFRODITA-89
2013-05-27 22:31:47
Окуучулук кундор баа жеткис. Эхх чиркин кайра кайтарыш колдон келсе эээ тугандар.
0
Aynagul90
2013-05-28 00:34:37
Okuuchuluk kundordu estesem yilagim ele kelet.Ehh kandai sonun kundor.........
0
N.Bakazova
2013-05-31 00:48:59
Окуучулук кундордон Айла жок эээххх, деген бойдон калат экенбиз. Буйруса 2023-жылы менин да 10 жылдыгъм болот экен.
0
piramida
2013-05-31 16:52:46
20 жылдык чындап еле сындашуу
0
toxa-90-kg
2013-05-31 23:07:18
чиркин сабактан экинчи кабаттан секирип качат элек!мына эми мектепти сагынып жатам.атин эмнеге сабактан качтык экен э?
0
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан