БУШМЕНДЕР – ЧӨЛ КОЖОЮНДАРЫ

“Бушмен” – нидерланды сөзү, бизче которгондо “бадал адамдары” дегенди билдирет. Бушмендер өздөрүн тва, сарва, овакуруа деп аташат. Бойлору – 140-150 сантиметр. Териси шабдалы сымал сары өңдө. Мурундары жалпак жана таноолору кең. Аялдары дүйнөдөгү эң чоң жамбаштуулар болуп эсептелинишет.

Түп мекенинен айрылгандар

Бушмендер – Түштүк жана Чыгыш Африканын түпкү калкы. 16-19-кылымдарда банту эли бушмендерди өз мекендеринен жашоого кыйын болгон аймактарга (көбүнчөсү чөлгө) сүрүп чыгарып таштаган. Колониялаштыруу доорунда 200 миңдейи өлтүрүлгөн. Учурда булардын жалпы саны – 100 000ге чамалаш. Ботсвана өлкөсүндө – 45 000, Намибияда – 33 000, Анголада – 8 000, Түштүк Африка Республикасында – 7 500, Замбияда – 1 500, Зимбабведе 1000дейи жашайт.

Жапайы табияттын нагыз балдары

Бушмен – жалпы аталыштагы сөз. Ал өз ичине кунг, нарон, хукве, хейкум, кхонг, нусан, кхам, ауни, ганаг-не сыяктуу майда элдерди камтыйт. Тили – койсан тили. “Азыркы адамдар бушмендерден келип чыккан” деген көз караш бар.
Бушмендердин азыраак бөлүгү отурукташып, фермаларда иштешсе, негизги калкы илгеркидей эле жапайы көчмөн турмушта жашашат.

Эмне үчүн бушмендер?

Көчмөн бушмендер өсүмдүктөрдү терип, антилопалардын артынан сая түшүп жүрүшкөндүктөн, бир орунга токтошпойт. Түн киргенде анча терең эмес чуңкур казышып, шамалдын огу тарапты бадалдын шак-бутактары, чөптөр менен тосуп, калкалап коюп, башпаанек кылышат. Же бадалдардын жанын бир аз чуңкурайтып казышып, жатууга жай даярдашат. Ушул себептен бушмен – бадал адамдары аталышы келип чыккан. Көп убакыт бир жерге отурукташып калышканда алачык жасап алышат. Алачыктарынын үстүн чөп жана антилопанын терилери менен жабышат. Айыл башчылары – аксакалдар.

Улуусу аман калуусу үчүн кичүүсү өлтүрүлөт

Жашоо-шарттын начардыгынан жана медицинанын жоктугунан балдар арасында өлүм жогору. Татаал шартта жашоо энелерди балдарын 4 жашка чейин эмизүүгө аргасыз кылат. Анткени тамак-аш жок калса, наристе ачкадан өлүшү мүмкүн. Ушул себептен мурунку баласы 4кө чыга элек эне анын аман калуусу үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүүгө аргасыз. Үйбүлөдө көбүнчө 2-3төн эле бала болот.

Негизги куралы – учуна уу сүртүлгөн жебелер

Жапайы жаныбарларга аңчылыкка чыкканда найзаларды жана учуна уу сыйпалган жебелерди колдонушат. Пилге аң уулаганда көбү пилди алаксытып турушса, эр жүрөктүүсү артынан барып, пилдин бутунун кан тамырын кесүүгө жетишет. Баса албай калган пилди өлтүрүү жеңилирээк.
Антилопага аңчылыкка чыгуунун ыкмасы башкача. Ал үчүн антилопалар суу иче турган көлчүктү бутак-шактар менен тосуп коюшат да, анын жанына жасалма көлчүк жасашып, андагы сууга уу кошуп коюшат. Мындай сууну ичип өлгөн антилопалардын этин жей беришет. Анткени бушмендер жашынан аз-аздан жыландын уусун ичишип, ууга каршы иммунитетин өстүрүшөт.

Улуттук тамагы – кумурсканын жумурткасы

Улуттук тамагы болуп “бушмен күрүчү”, башкача айтканда, кумурсканын жумурткасы эсептелинет. Курт-кумурскаларды отко кактап же кууруп, бышырып жешет. Кескелдирик, курт, өсүмдүктөрдүн тамырлары, мөмөлөрү да сүйүктүү тамактарынан. Эң баалуусу, албетте, эт. Эт болгон күн буларга майрам катары саналат. Эттин бир бөлүгүн жешип, калганын тилимдерге тилип, күнгө кургатып сактап алышат. Чаңкоону жана ачкалыкты басуу үчүн кактустун бир түрүн колдонушат. Ал үчүн кактустун бир үзүмүн жеп коюу жетиштүү.

Төө куштун жумурткасы – негизги идиш

Буюмдарды жана идиштерди териден, мүйүздөн, сөөктөн, жыгачтан, чоподон, өсүмдүктөрдүн буласынан даярдашат. Суу ташуучу жана сактоочу идиш болуп төө куштун жумурткасы эсептелет. Суу апкелүү үчүн жумурткаларды тери баштыктарга салып алышат.

Салты, кооздук буюмдары...

Үйлөнгүсү келген боз улан жактырган кызынын бут алдына жебе узатат. Эгер кыз ага турмушка чыгууга макул болсо, жебени алып, жигитке жылмаят.
Бушмендер орун которууда картайып баса албай калгандарды же катуу оорукчандарды ошол жерге таштап кетишет. Өлгөндөрдү жерге көмүшөт.
Кооздук буюмдарды териден, сөөктөн чоподон жасап тагынышат. Төө куштун жумурткасынын сыныгын да формага келтирип, жылмалап тагынып алышат.

Чөптөр менен дарыланышат

Дары чөптүн 60тан ашык түрүн билип, ооруганда колдонушат. Мисалы, жылан чакканда зоок деген чөптүн тамырын же уругун чайнашат. Бул чөптү ар кимиси тери баштыкчага салып, мойнуна илип жүрүшөт.

Күнгө, Айга, чегирткеге сыйынышат

Сыйынган жалгыз Кудайы жок бушмендер Айга, Күнгө, Жылдызга, ал тургай чегирткеге да (цгаанг) сыйынышат. Мисалы, “улуу урматтуу чегиртке, мага гну антилопасын жиберип койчу. Анткени мен анын этин жеп, кардымды тойгузгум келет!”- деп сыйынат.

Жомокторго бай эл

Күн жөнүндө жомок. Качандыр бир кезде Күн адам болгон. Ал колтугун көтөргөндө күн чыгып, колун түшүргөндө түн кирген. Күн-Адам картайып, көп уктоочу болот. Адамдар үшүп башташып: “Күн-Адамды асманга ыргытыш керек. Ошондо анын нурлары баарына тийип, жылытып турат”,- деп сүйлөшүшөт. Ошентип, аны асманга ыргытышат. Күн ошондон бери асманда жашап калган.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан