КРнын Эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева:«КЭЭДЕ ТУРМУШТУН ТЕҢСИЗДИГИНЕ ТААРЫНЫП КЕТЕМ»

Кино ааламынан бир ролу менен жарк этип жанып, кайра жалп өчкөн актёрлорду көрүп жүрөбүз. Биздин бүгүнкү каарманыбыз эпизоддук ролдорду жаратып деле эл эсинде калган актриса. Маек төрүбүздө кино жана театр актрисасы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева.

ТЕАТРДАГЫ РОЛДОРУ

  • С.Раев, «Күн кармаган бала» (Маана), Б.Жакиев, «Атанын тагдыры» (Оңолкан), Ч.Айтматов, «Эрте жаздагы турналар» (Арууке), А.Цыгарели, «Ханума» (Кабато), У.Шекспир, «Макбет» (Мастан), Т.Актанов, «Күч күйөө» (Гүлжамал), Н.Байтемиров, «Айып кимде» (Зулайка) жана башкалар.

КИНОДОГУ РОЛДОРУ

  • «Уркуя», «Саманчынын жолу», «Бетме-бет», «Кожожаш», «Айдагы жез кемпир», «Сокур кемпир көрөгөч», «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Той» жана башкалар.

«5-КЛАССЫМДА ОКУУМДУ ТАШТАП КОЙГОМ»
-Чоң атам Атантай бай-манаптардын тукумунан. Төрт аял алып, менин атам Курманалы чоң атамдын экинчи аялынан төрөлгөн. 30-жылдары байларды кулакка тартып жүргөн кезде атам запкыны аябай көрүптүр. Сүргүнгө айдалган жеринен качып келгенде, арабыздагы эле бирөөлөр кармап бергенин апам көз жашын төгүп эскерип калар эле. Атам ошентип качып-бозуп жашап жүргөндө, Талас облусунун Манас колхозунда 1938-жылы мен төрөлгөн экем. Үй-бүлөдө 4 кыз, 3 эркекпиз. Мен эң кичүүсүмүн. Апамдын балдары токтобой, Сүйүнпек деген байкем, анан мен эле калыпмын. 3 жашка чыкканымда Ата Мекендик согуш башталып, элде кыйын кезеңдер өкүм сүрүптүр.
Атам көп бир тууган эле. Алардын бири Шабдан чоң атамдын үйүндө жашап, окуп калдым. Үнүм жакшы, ырдаганга шыктуу болчумун. Мектепте окуп жүргөндө «Алтын кыз» спектаклинде Алтын кыздын энесинин ролун аткарганымда мугалимим «ой, сен артист болчудайсың, ролуң жакшы чыкты» деп тамашалап койгон. Ал кезде кайда, роль эмне экенинен деле түшүнүгүм жок. Ошентип, Шабдан чоң атамдын колунда жүргөндө, кыштын суугунда кийимим начар, кароосуз калып бутума катуу суук тийип, 5-классымда окуумду таштап койдум. 3 жылдан кийин айыгып барсам, классымдагылардын баары кичинекей, мен эле зоңкоюп отурам. Өзүмдөн кичүүлөр менен окугандан намыстанып окууга барбай койгом. Кийин тааныштарды салып жатып 7-классты бүттү деген күбөлүк алып беришкен.

«МЫСКАЛ, РАЙКАНДЫН СЫНЫНАН ӨТКӨМ»
-Бир тууган агам Сүйүн­пектин жумушуна байланыштуу Шабдан чоң атамдыкынан биз Чат-Базарга көчүп келдик. Чоң атамдын Баяс деген баласы кичинесинен комуз чертип, артисттерди ушунчалык жакшы көрчү. Бир күнү башыма нан, китеп, комуз коюп, мага «кайсынысы түшүңө кирсе, мага айтасың» деди. Эртеси «эч нерсе түшүмө кирген жок» десем, «Нанды түш көрсөң колхозчу, китепти көрсөң илимпоз, комузду түш көрсөң артист болмоксуң. Эми сен ким болосуң, ботом?» деген эле.
Дагы бир аталаш бир тууган агам Дилдебек «Манас» колхозунда бухгалтер болуп иштечү. Колхозго келген ырчы-чоорчулардын баары үйүнө мейман болуп кетишчү эле. Бир жолу үйүнө ырчылар келип, аларга агам «карындашым жакшы ырдайт, карап көргүлөчү» деп мени чакыртып ийиптир. Сүйүнгөнүмдү айтпа, барып Мыскал Өмүрканова менен Райкан Шүкүрбековдун ортосунда таң аткыча отурдум. Мени ырдатып көрүшүп «шыгың бар экен» деп айтышкан. Ырчылыкка болгон ынтызарлык ого бетер күчөп, артист болсом деп дегдеп турган чагым. Ал кезде кароо-сынактар көп болор эле, райондун, облустун да сынагынан өтүп, бизди Бишкекке жиберишти. Ал жактан да өтүп, бирок мен «апамдан уруксат сурабай келгенмин» деп кайра үйгө кетип калдым.

«АБЫШКАМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ТЕАТР ТАБЫШТЫРГАН»
-Таласка барсам, Жалал-Абадда жаңы театр ачылып, ошол жакка артисттерди алып жатышыптыр. Апам мени «бу артисттериң үйдө турбайт экен дубанадай болуп, мен өлүп калсам сени кайдан табам, жалгыз кыз болсоң» деп жибербей койду. Мен «артист болбосом ким болом, окууну да бүтпөй калсам» деп ыйлап туруп алдым. Аргасыз жиберишти. Ал жакта Аттокур Базарбаев, Рыспай Абдыкадыров, Тууганбай Абдиев, Зулайка Акматова өңдүү залкарлар иштешет экен. Жолдошум актёр Бакирдин Алиев менен да ошол театрдан таанышканбыз.
Биз барганда театрдын абалы өтө начар эле, кийимдерибиз жок, бири-бирибиздикин алмашып кийип чыкчубуз. Бир жолу Тармалова Батма деген кызыбызды директор чакырып «Кеңеш жакшы ырдайт экен, кийимиңди ушуга бер» деди. Бир маалда Батма «сырттан келген ушуларга берет» деп кобуранып чыгып кетти. Жаандан кийин пайда болгон көлчүккө артист көйнөктү малып-малып туруп ороп берип жатпайбы. Ошол көңүлгө катуу тийгенби, азыр театрда жаштарга көп жардам кылам.
Артисттер жер кыдырып эле күн өткөрүшөт эмеспи, өмүрүмдүн жарымы эле дөңгөлөк үстүндө өттү. Абышкам экөөбүз нечендеген спектаклдерде чогуу роль аткардык. 8 жылча иштегенден кийин Жалал-Абаддагы Т.Сатылганов атындагы театр жоюлуп, бизди Нарын музыкалык театрына которуп жиберишти. Бакы (Бакирдин Алиев) экөөбүздү Бишкекке да чакыртышкан, биз баш тартып, Нарында эле калууну чечтик. Баш-аягы Нарында 35 жылдай иштедик.

«ЭПИЗОДДУК РОЛДОР МЕНЕН ЭЛ ЭСИНДЕ КАЛДЫМ»
-Театрдагы ролдорумдан арманым жок, бирок кинодо ошондой көп роль аткара албай калганыма өкүнөм. Кинодогу алгачкы ролум Төлөмүш Океевдин «Уркуя» тасмасында болду. Төлөмүш өзү чалып, Бакы экөөбүздү Баткенге чакырган. Мен абышкамдын аялынын ролун аткардым. Төлөмүш күндө бизди алпарып талаага таштап коёт, 1-2 күндө капкара болуп чыга келебиз. Анан ошол жерден тарта баштайт.
Жакында Уркуянын 100 жылдыгы болуп, бизди чакырганды унутуп коюшуптур. Абышкамдын көзү көрбөй калганына 7 жылдын жүзү болду. Чакырса деле барбайт элек, бирок көңүл да, айтып койсо эмне болот? Мен театрда иштеп жүргөндө азыркы министрлер жаңы төрөлгөн бала эле. Алар окуп-чокуп, ушул даражага жетип, мен ала элек наамдарды алып жатышат. Мына, «Уркуяны» тарткан Төлөмүш Океев, оператору Кадыржан Кадыралиев наам алды. Ал эми Уркуяны ойногон Таттыбүбү наам албай кетпедиби, ыраматылык. Мени Жаштар театры 4 жолу «Эл артисти» наамына көрсөтүштү, эч жыйынтык чыккан жок. Кээде турмуштун теңсиздигине таарынып кетем.
Антпесе ал фильмдин тартылганына 40 жыл болду, 5 ай күндүн аптабына куйкаланып, кичинекей балам менен жүдөп-какап тартылгам. Аны азыркы министрлер кайдан билсин. Учурда бир-эки роль аткарып коюп актёрмун дегендер көбөйдү. Мисалы, театрда Оңолканды, Аруукени, Кабатону эч ким мендей ойногон жок. Кыштын ызгаарында Ак-Сай, Арпа, Кара-Кужурду кыдырып, ар бир үйгө концерт берер элек. Ал кезде микрофон деген кайда, жандуу үн менен эле ырдачубуз. Ойлоп көрсөм, ал мезгилдин ырчылары аз, бирок саз болчу экен.

«АПАМ КӨЗҮҢ КӨРБӨСӨ, МАГА ДА ИШЕНБЕ ДЕЧҮ»
-Бакы мага үйлөнгөнгө чейин кара-суулук бух­галтер кыз менен сүй­лөшчү. Экөө ажыра­шып кеткенин кийин уктум. Бир жер­де иштейбиз, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз дедиби, айтор, мага үйлөндү. Бакы 24, мен 17 жашымда баш кошкон элек, чогуу түтүн булатканыбызга быйыл 58 жыл болду. Турмушта эмнелер гана болбойт. Апам мага «кызым, бирдемени уксаң, көзүң көрмөйүнчө энеңе да ишенбе, анткени мен да бирөөгө ишенип алышым мүмкүн» деп айтканы мээме сакталып калыптыр. Көрсө, артист аялдар Бакыны апама жамандап койгон экен. «Чиркин өмүрдө» Бакы жакшынакай келин менен тартылган эмеспи. Абышкам экөөбүз базарга барсак сатуучу Бакыга «кинодогу сулуу келинчегиңизди алып келсеңиз бекер бермекмин» деп жатпайбы. Анда мен да камырабай «алда балакетиңди алайын, мен билбей калбадымбы, эртең экөөнү жиберем. Ошондо берип жибер» дедим.
Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктанбы, бири-бирибизге сый мамиле кылчубуз, анан да балдардын көзүнчө такыр урушкан жокпуз. 3 кыз, 3 эркекти тарбиялап чоңойттук, баары үйлүү-жайлуу, очор-бачар болуп калышкан чак. 12 неберем, 4 чөбөрөм бар. Келиндеримдин бирөөсүн да колго алган жокмун, дароо эле бөлүп жибердим. Учурда кичүү кызым менен чогуу турабыз.

Лунара Бекиева
(Айрым сүрөттөр актрисанын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Begimkyz
2013-05-28 12:34:10
Чын эле наам алганга татыктуу аял!
0
Taalaibek.
2013-05-28 19:32:44
Сиздерге чоон таааазим! Бакыт атабыз менен Кенеш апабыдын ден-соолуктары чын болсун. Ылайым министрлерибиз Сиздерге кам орушсо экен.
0
nasik198
2013-05-29 16:50:10
Сиздерге денсоолук каалайм.Бизде тируу кезинде баалабайт козу откондон кийин эстешет эмеспи.
0
Адам
2013-05-29 18:47:50
Өлө жагат да мага ушул эжеке.
0
nazarova_89.28
2013-05-31 22:55:54
ушул актириса апабызды аябай сыйлаймын да биздин бийликтегилер уктап калган го чагымда......же атайлап эле уктагысы келип жатышыт.
0
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан