(Башы өткөн сандарда)
Атасы ооруп жатканын укканда алгач жаман абалда болушту. Кантсе да ата деген ата эмеспи, башка үй-бүлөсү болсо да баары бир канынан жаралган балдарынан кабар албай койгон жайы жок эле. Бишкекке сапар тартып калса, дароо балдарына шашчу. Эми минтип кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшүп калыптыр. Бул кабарды угары менен үч бир тууган барабыз деп чыгышты, акыры ойлонуп Саматты жибермей болушту. Анткени Асмандын жеке концерт берерине аз гана күн калган эле. Даярдыктар менен жүгүрүп жүрөт, кийимдерин тиктирип, ырларын жаздырып, айтор, бу чыгармачылыкта концерт бериш деле бир топ түйшүктүү, оңой эмес акчаны талап кылат, кыйла жерге чуркатат, тер төктүрөт турбайбы. Улам агасына чалып, атасынын кабарын билет.
– Мен айттым го, баары жакшы, атам жакшы!
– Кана, берчи телефонду. Эгер чындап жакшы болсо үнүн угайын?!
– Ата, могу артист кызың үнүңдү укмайынча жаныбызды койбойт го, сүйлөшүңүзчү.
– Кызым, Асманым, менин жарыгым, мен жакшы.
Жанатан бери тыңшап турган Асмандын көөдөнү букка толуп, көзүнөн жашы агып кетти. Анысын билдирбешке улам бир нерселерди сурап коёт, болбой эле үнү каргылданып
чыгууда.
– Ыйлаба, мен жакшымын дебедимби, сагындыңбы, жакында барам, шашпагыла! Агаң айтты, андан көрө концертиңди жакшы өткөрүп ал. Мен ошого кубанам. Мен сени менен сыймыктанам, мен эмес, бүтүн кыргыз сыймыктанарлык, суктанарлык кыз бол!
Ата кызын жооткотуп, ак батасын берди.
– Рахмат, рахмат!
Карегинен кылгырып жашы агып турган кызын көрүп, эне байкуш аяп кетти.
– Ай, болду эми, ага эч нерсе болбойт! Атаңдын ден соолугу чың, оңойлук менен ооруй бербейт, ооруса да бат сакайып кетет. Анын үстүнө аны карачу башка аялы, силерден бөлөк
дагы балдары бар!
Марал кызын сооротуп отуруп эле өзүнүн ич күптүсүн айтып алып, кайра сөзүн буруп кетти.
– Бырылдаба дейм. Сен күчтүүсүң, алдыда жакшы күндөр турат. Мына бүгүн концертиң болот, андан көрө ага камыналы.
Атасы менен сүйлөшүп, жеңилдеп, аз да болсо топтолуп калган бугун чыгарып алганга шайдоот жүрдү. Алпаруучулары, келе турган коноктор, баары дайын. Билет жакшы эле өткөнсүптүр, 60 пайызы өттү дегенди укканда эле Асман жыргап калган.
Спорт Ордосу. Отургучтары жыртылып, полунун ар кай жери сынып калса деле ушул ордо далай таланттардын, спортчулардын багын ачып келет. Нечендеген өнөрпоздор ушул имараттын залында ырдап-чоордоп, өнөрлөрүн 2 миңден ашуун көрүүчүгө тартуулап келишет. Бүгүн да минтип жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчы кыздын тушоо кесүү концертине күбө болгону турат.
– Асуля, толкунданып жатасыңбы?
– Албетте! Мен сахнанын күчүн билем, сырын да билем. Жеңиштин даамын да билем. Бирок бүгүнкүдөй волновайся болгон эмесмин!
Асман жаркылдап күлүп, жанындагы ырчы досторуна сезимдери менен бөлүшүп, бир башкача кубанууда. Кубанбай анан эмне?! Залдын жарымынан көбү толуп, сыртта гүл
кучактап, белек көтөргөн күйөрмандары турса. Ырын угуп, өзүн көргөнү келген мекендештери турганда мындан өткөн бакыт барбы ырчы үчүн?! Ошентип, залга эл агылып кирүүдө.
Эбак орун алып жайгашып алгандарынын чыдамы кетип, «баштабайсыңарбы? Бир саат өттү го. Асман, барсыңбы?» деп кыйкыра башташты. Концертти уюштуруп жүргөн администратор келип Асманга шыбырады, кыз дароо башын ийкеп «макул, баштайбыз анда» деди. Сахнанын көшөгөсү ачылып, алпаруучулар чыгышты. Сахна төрүндө ырчынын сүрөтү илинип, аты жазылыптыр. Алпаруучулардын сөзүнөн соң бийчилер чыгышты. Мындан кийин дагы бир-эки ырчы мырза ырдайт, андан соң гана кезек Асманга жетет. Ырчы кыз толкунданып бүтө электе Спорт Ордосунун бир кызматкери келип кыйкырды.
–Ай, концертти сөлдүрөп жүрүп 40 мүнөт кеч баштадыңар! Кассаны болсо желмогуздай кайтардыңар, билет саткан аялдарга бердирбей өзүңөр саттыңар! Кана, охранага акча беришим керек, азыр төлө акчаны!
– Эже, бакырбагылачы. Администратор баарын бүтүргөн, төлөгөн. Эл кечигип келсе бизде эмне күнөө?
Асмандын жини чукул, дароо эле тиги аял менен айтыша кетти.
– Уялсаңар боло, айланайын артисттер, бизде деле үй-бүлө, бала-бакыра бар, аны багышыбыз керек! Төлөгүлө дейм?!
Тиги аял жоошуп баратып кайра бакырды. Аны айтса да, муну айтса да сөзгө келбейт же тиги концертти уюштурган киши жок. Кытмыр күлүп, кантер экен деп карап турган сахналаштарынан уялды окшойт, Асман аялды ары жетелеп кетти. Дале болбой ажылдап жатат. Бир убакта жини келген Асман телефонун чукулап калды. СМС жазып ийди, Ардак Рахимовичке. «Саламатсызбы, агай! Сиздин тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм! Бүгүн концертимди бергени турам, толкунданып. Бирок бир маселе жүрөк өйүттү. Спорт Ордосундагыларга ижара акысын бергенбиз толук! Ага карабай концертиме кедерги тийгизип жатышат. Улам бирөөсү келип чоң чыгып, уруш-талашта калдым...» деп жазып ийди да, кайра сахна тарапка өттү. Эми анын кезеги келди, алпаруучулар бир укмуш мактап Асманды сахнага чакырышты. Бул күнү далай ырлар ырдалып, бийлер бийленди. Залдан колдоо тапкан ырлар жаңырды, кучак толо гүлгө көмүлдү кыз. Мына, эки жарым саатка созулган концерт аяктап баратат. «Бул жашоодо энелерибиз эсен болсун, алтын апалар үчүн бул ырды сунам» деп калды. Аялзатка арналган ырды аткарып жатканда залдан кычыраган костюм-шым кийип, колуна гүлдестенин өзгөчөсүн кармап Исман чыгып келатат сахнага! Асман көзүн ачып-жумуп кызыктай эле абалда калды, сахнага өткөрбөй жаткан күзөтчүгө бир нерсе деп шыбыраган Исман аны көздөй бет алганы калды. Ырдап жатып гүлүн алып, акырын таазим этип койду. Жигит жөн кетпей жүзүнөн сүйүп, колуна гүлдесте менен конверт карматканга үлгүрдү. Ошентип, концерттин аягындагы күтүлбөгүн жорукка өзү таң калып бүтпөй турат.
Концерт аяктады, эл залдан агылып чыгууда. Жаш кыздар-балдар ырчылар менен сүрөткө түшөбүз деп ал жерде иштеген кызматкерлердин айласын алты кетиришти. Акыры 5-6 күйөрманы келип, белектерин берип, сүрөткө түшүп, кол тамга алып кетишти Асмандан. Куттуктоолор, мактоо сөздөр айтылып, тост көтөрүшүп, гримёрка ичи шаң. Бая концерт башталганда кыйкырып келген кызматкерлердин бирөө да жок. Бир убакта эстей койду окшойт, телефонун карап калды ырчы кыз. СМС келиптир, министрден. «Карындашым, куттуктайм! Мына, талантын тартуулайт деген ушул. Маданият кызматкери болот деген ушул! Мен атайын жардамчымдан гүлдесте берип жиберем, кабыл алып кой, калган маселени да ошол жигит чечет» деп жазып ийиптир! «Демек, жардамы тийген экен да, Исман ал берген акчага гүл алып келдиби же өзү тандап сатып алды бекен?» Кыз ушинтип ойлонгуча баары «кеттик-кеттикке» өтүп, тарап кетишти.
Машинасына гүл батпай, жумшак оюнчуктар колуна батпай, айтор, Асмандын кубанычында чек жок эле. Батирине барат, жакындары жаңы эле кетишкен. Алар үйгө жетип, күтүп отурушат, калган белектерин көтөрүп алып. Ушул убакта Мирзат чалды. «Асман, 5 мүнөткө токтой тур, ошол айдап бараткан жериңден оңго бурул» деди. «Апей, буга не болгон? Каякка, оңгобу, аа, орун бар экен» деп кыз токтоп калды.
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова