Каарманым ушул жылдын июнь айында 101 жашка чыгат. Кылым өмүр сүрүп, өткөн өмүрүнө ыраазычылык менен карап, өзүн «бактылуумун» деген апа 5 уул, 2 кызды тарбиялап, эрезеге жеткирген. Бүгүнкү күндө 50дөн ашуун небере, 43 чөбөрөнүн чоң энеси.
Алгач бизди Хурбиби апанын кызы САПАРМОХ тосуп чыкты. Андыктан ага да суроо берип, кызыктуу жоопторду алдык:
– Биз Тажикстандын Жерге-Тал деген жеринен болобуз. Кыргызстанга 1992-жылы көчүп келип, ошол бойдон отурукташып калдык. Улуу агам ушул Талас жергесине көчүп келип, отурукташып калыптыр. Атам 1996-97-жылдары Көк-Ой айылында агамдын үйүнөн көз жумду. Согуш учурунда атам көп жерлерде иштептир. Ал согушка кеткенде биринчи аялы күтпөй койгон окшойт, апам экинчи аялы экен.
Апамдын ден соолугу жакшы. Көзүнүн көрүшү бир аз начарлап, кулагы жакшы укпай калганы эле болбосо, өзүнө тың. Эшикке өзү кирип-чыгат, түнкүсүн гана бирөө жанында болушу керек. Азыр менин колумда. Апамдын калтырган мурасы – курак куроо, сайма саюу деп айтар элем.
Үйгө кирип, кылым жашаган апанын маңдайында отурдум. Ал менин суроолорума ойлонуп, эстеп жооп берип жатты.
– Өмүрлүк жолдошуңуз менен кантип табышып калгансыз?
– Так эсимде жок, анда мен ал жигитти мурун-кийин көргөн эмесмин, 18 жашта элем, ала качып келген. Анан ал убакта отурбай кетип калмай деген жок эле, отуруп калдым, ошентип жашап калдык.
– Чачыңыз узун экен, жаш кезиңизде сулуу, чачыңыз мындан да узун болсо керек...
– Ооба, чачым боюм менен тең болчу, жерге тийип турар эле. Анан да көп ырдачумун. Ошол ырларды азыр такыр эстей албайм.
– Апа, ата-энеңиздин аты-жөнү эсиңизде барбы?
– Атамдын аты – Разык. Разык молдо деп коюшчу. Атамдын 1941-жылдагы согушка кеткени эсимде. Аябай бир чоң кыямат күнгө туш келгенбиз. Андай алаамат күндү элдин башына салбасын. Апам бизди ошондогу болуп көрбөгөндөй ачарчылыктан аман сактап калды. Эл-журт ачкалыктан кырылып кетерде, өзүбүз билген чөп-чардын тамырын казып жеп, андан тышкары кымыздык, козу карын жеп араң жан бакканбыз.
– Канча класс окудуңуз?
– Окуган жокмун. Ал кезде күнү бою алектенсең да, бир кара курсак тойбойт. Ошондой күндөрдүн биринде апама бир аз жардам болсун деп чөп-чардын тамырын казып жүрүп пахта эгилген бир жерге туш болуп калдым. Кичинемин да, мага аябай кызык туюлуп, «жумшак экен, жаздыкка салам» деп баягы пахтаны шашылып чогултуп жатсам милиция кызматкери кармап калып, мен коркуп ыйлаганым эсимде.
– Кылым жашаптырсыз, арманыңыз барбы?
– Жараткан ушул жашты буюруптур, 101 жашка келдим. Ден соолугум жакшы, өзүм басам. Ушунча бала, небере, чөбөрө көрдүм. Арманым жок. Бир гана тилегеним – эми ушулардын жамандыгын көрсөтпөй, ушинтип чуркап жүрүп мүдүрүлтүп эле алып кетсе экен дейм. Өзүм 6 бир тууганмын. Азыр болсо 2 сиңдим, жалгыз агам бар, алардын баары Тажикстанда.
– Канча уул, канча кызды тарбияладыңыз?
– Мен абдан бактылуу энемин, анткени абышкам экөөбүз 5 уул, 2 кызды багып чоңойттук. Азыркы учурда 50дөн ашуун небере ошондой эле 43 чөбөрөнүн сүйүктүү чоң энеси болуп отурам.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg