ЖЕРДИ СЕМИРТИП, МЫКТЫ ТҮШҮМ АЛ!

Адам баласы жашаш үчүн тамактанат. Ал эми тамак-ашка өсүмдүктөрдү да кеңири колдонобуз. Өсүмдүктөрдү жазда эгип, күздө жыйнап, бир жылдык азыгыбызды камдап келебиз. Мол түшүм алуу үчүн алгач жердин асылдуулугун арттырсак, жер да биздин курсагыбызды тойгузарын биле жүрөлү.

ЖЕР СЕМИРТҮҮ СИСТЕМИ
Жер семиртүү системи өсүмдүктүн түрүнө, топурактын сапатына, аймактын климаттык шартына жараша иштелип чыгат жана ошого жараша жерге семиртүүчү каражаттар чачылат.
Жер семирткичтер эки максатта колдонулат:

  • Жердин асылдуулугун арттырууда;
  • Мол жана сапаттуу түшүм алууда.

Жер семирткичтерди чачууда алгач топурактын сапатын, качан, кайсы убакта кандай жер семирткичтер колдонуларын тактап алуу керек. Ушуларды эске алып жер семиртүү системи түзүлсө, түшүмдүүлүктү 30-40 пайызга чейин жогорулатууга болот. Өлчөмүнөн ашыкча же кем берилсе, өсүмдүктүн өсүүсүнө, түшүмдүн мол болушуна терс таасирин тийгизет. Бул үчүн жакынкы жердеги агрохимиялык лабораторияларга айдоо аянтынын 5-6 жеринен (15-20 сантиметр тереңдиктен) 50-100 грамм өлчөмүндөгү топуракты казып алып барып, текшертүү керек.

ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРДИН ТҮРЛӨРҮ

  • Органикалык
  • Минералдык
  • Бактериалдык
  • Микросемирткич

ОРГАНИКАЛЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР
Органикалык жер семирткичтерге малдын, канаттуунун кыгы, өсүмдүктөрдүн чириндиси, жыгачтын жана темирдин таарындысы кирет. Кык өсүмдүктөргө эң керектүү микроорганизмдерге жана кобальт, жез, молибден, бор жана марганец өңдүү химиялык элементтерге бай. Мал жана канаттуу кыгынан жылкыныкы жана көгүчкөндүкү мыкты. Кык чачылган айдоо аянты 2-3 жылдан кийин жакшы түшүм бере баштайт. Жыгач, темирдин таарындыларын жердин борпоң болушу үчүн колдонот.

Айдоо аянтына сунушталган кыктын өлчөмү:
1 гектар буудай аянтына 20 тонна;
1 гектар техникалык өсүмдүк (картошка, күрүч, жүгөрү ж.б.) аянтына 20-30 тонна;
1 гектар жашылча (кызылча, капуста, пияз ж.б.) аянтына 40-60 тонна.
Кыкты мүмкүн болсо талаага күзгү же жазгы жер айдоонун алдында сепсе жакшы натыйжа берет. Көпкө сакталган кык курамынан 35-50 пайыз азотту жоготот. Андыктан кыкты чачууда ага суперфосфатты аралаштырып жиберсе жакшы.

МИНЕРАЛДЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР
Мындай жер семирткичтер өсүмдүктөргө керектүү азык болуучу заттарды көп камтыйт жана алар курамына жараша азоттуу, калийдүү, фосфордуу деп бөлүнөт. Минералдык жер семирткичтерди жерге аз өлчөмдө гана колдонуу зарыл. Эгер өлчөмүнөн өтө ашык колдонсо, өсүмдүктөргө, адамдын, жаныбарлардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Алгач адистерден кандай өлчөмдө колдонуу керектигин билип алуу зарыл.

Азоттуу семирткичтер
Азоттуу семирткичтер өсүмдүктүн сабагынын жана жалбырагынын тез өсүүсүнө жардам берип, өсүмдүктүн азот менен камсыз болушуна шарт түзөт. Бирок белгиленген өлчөмдөн өтө ашыкча колдонулса, ал өсүмдүктүн мөмөлөрүнүн бышып жетилүүсүн кечеңдетет. Кеңири тарагандары: аммоний сульфаты, аммоний нитраты (аммиак селитрасы) жана карбомид.

Калийдүү семирткичтер
Калий өсүмдүктүн көмүр суутеги менен камсыз болушуна шарт түзүп, жашылча-жемиштин, дандын канттуулугун, крахмалдуулугун көбөйтөт. Мындан улам өсүмдүктөрдүн кыска мөөнөттүү суукка, кургакчылыкка, ар кандай ооруларга чыдамдуулугу артат жана түшүм мол, сапаты да жогору болот. Калийди көп талап кылган өсүмдүктөр: кант кызылчасы, картошка, жашылча-жемиштер, күн карама, буурчак түркүмүндөгүлөр жана дан эгиндери. Калийдин кеңири колдонулган түрлөрүнө хлордуу калий, калий тузу, калий жана магний сульфаты, жез кычкыл калийи, нитроаммофоска, азофоска, отундун күлү кирет.

Фосфордуу семирткичтер
Фосфор өсүмдүктүн дем алуусун жакшыртып, алардын эрте гүлдөшүнө, жемишинин жана мөмөсүнүн эрте түйүлүшүнө көмөкчү болот. Андыктан фосфорду эрте берүү керек. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн кургакчылыкка чыдамдуулугун жогорулатат жана оорулардан сактайт. Фосфордун кеңири тараган түрлөрүнө жөнөкөй суперфосфат, аммофос, нитрофоска, диаммофос кирет.

БАКТЕРИАЛДЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР
Мындай жер семирткичтердеги бактерияларда өсүмдүктөрдүн өсүп жетилүүсү үчүн керектүү элементтер бар.

МИКРОСЕМИРТКИЧТЕР
Булардын курамында өсүмдүккө эң керектүү кобальт, марганец, темир, цинк, бор, жез, молибден жана башка элементтер бар. Алар грибок ооруларына каршы күрөшүүдө жакшы таасир берет. Микроэлементтер жетишсиз болсо, өсүмдүктөр ар кандай ооруларга чалдыгып, куурап калат.
Марганец куурап бараткан жалбырактардагы фосфордун жаңы жалбырактарга жетүүсүнө таасир берет.
Кобальт, жез жана бор өсүмдүккө азоттун баруусуна көмөк көрсөтөт.
Молибден өсүмдүктөрдүн фосфорду сиңирип алуусуна жардам берет.

КАЙСЫ ЗАТ ЖЕТИШПЕЙ ЖАТКАНЫН БИЛ!
Азот жетишпесе, жалбырактар кичине, өңү күңүрт жашыл, сары тартып, эрте түшөт.
Фосфор жетишпесе, жалбырак кочкул жашыл тартып калат.
Калий жетишпесе, жалбырактын четтери саргыч, күрөң тартып, чирий баштайт.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ
Топурактуу жерлерге жер семирткичтерди бир ирет эле сепсе, ал эми кумдуу айдоо аянтына бир нече ирет аз-аздан бөлүп сээп туруу керек. Себеби кумдуу жердеги жер семирткичтер талааны сугарганда же жаан жааганда агын суулар менен агып кетиши мүмкүн.

Жогорудагы дыйкандарга керектүү маалыматтары менен Айыл чарба министрлигинин алдындагы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин агрохимикаттарды каттоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Махмира Ахметова бөлүштү.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zamirbeka
2013-06-02 21:13:37
Абдан пайдалуу кенеш экен
0
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан