20-майда саат 21:30дар чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Ак-Жол жана Кызыл-Туу айыл аймактарында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Жаңы-Жол аймагындагы Кыбрай айылындагы 25 түтүндү тейлеген көпүрө кыйроого учурап, жол каттамына кыйынчылык жараткан. Ал эми Жерге-Тал айылындагы 1300 түтүндү таза суу менен камсыз кылуучу суу өткөргүчтүн бир тарабын сел бузуп кеткен. Ак-Жол айыл аймагындагы Эчкилүү-Сай айылындагы жолду да бузуп кеткен. Ушундай эле окуялар бир нече айылда катталган.
Гулжан Эшбаева
jalalabad@super.kg