17-май күнү Ош мамлекеттик университетинде экс-президент Роза Отунбаева окуу жай жамааты, башталгыч мектептердин мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары, билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул жолугушуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» аттуу эл аралык коомдук фонду уюштурган иш-чаралардын алкагында болуп өттү. Экс-президентти алгач ОшМУнун жетекчилик курамы тосуп алып, окуу жайдын музейи менен тааныштырды.
Роза Отунбаева адамды кенже жаштан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө жана бул багытта өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы, бала бакчалардын, жалпы эле билим берүүнүн ишин жакшыртуу үчүн жасалып жаткан жумуштар боюнча кеңири доклад жасады. Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков экс-президентке бүгүнкү балдардын тарбиясы үчүн жасап жаткан изги иштерине ыраазычылык билдирди.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg