ЭНЕЛЕРГЕ АК ЖООЛУК БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн Жаштар иштери боюнча комитети Энелер күнүнүн урматына Ош шаарынын аймагындагы 300гө жакын Баатыр энелерди топтоп, аларга концерттик майрам тартуулоо менен бирге ар бир энеге ак жоолук белек кылышты. Иш-чараны ачып берген Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев: «Ар бир күнү силерге таазим этип, мындай ак жоолуктарды салсак да силердин эмгегиңерди актай албайбыз. Силер биздин маңдайыбызда бар болуп, бизге кубат берип турсаңар, биз эл үчүн иштеп туралы»,- деп Баатыр энелерге куттуктоо сөзүн айтты.

Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан