«Мени Бакуля издеп жатат, эми апам издеп баштайт. Үйгө, мектепке барышым керек» деп ыйлап кирди. Издөөдө жүргөндүктөн, мени кармап алабы деп коркуп, кызды муунтуп өлтүрдүм. Анан баштыкка салып, үйдүн жер төлөсүнө көмүп койдум...» Милиция кызматкерлери тарткан оперативдүү тасмада кылмышкер жайбаракат ушинтип айтып берип жатат.
ЖЕР ТӨЛӨДӨН ТАБЫЛГАН СӨӨК
2013-жылы 5-майда Бишкек шаарынын 9 жаштагы тургуну Лидия Видясова жоголгон. Маалымат түшөр замат тажрыйбалуу кызматкерлерден оперативдүү издөө тобу түзүлүп,
ММКлардан Лидиянын сүрөттөрү берилип, изделе баштаган.
Алгачкы иликтөө учурунда Лидиянын апасы Юлия, бала багуучусу Бактыгүл да өздөрү үйдө эле болгонун, кызы да үйдө жүрүп жоголуп кеткенин билдиришкен. Бактыгүл болсо биринчи сурактан кийин из жашырып кеткен. Чиеленген жиптин учугу кайра эле Бактыгүлгө барып такалып, ал Аламүдүн районундагы дачалардын биринде кармалган. Ошондо гана ал Андрей аттуу жигит Лидияны уурдап кеткендигин айтып, Андрей бир нече күндөн кийин ошол эле дачадан колго түшүрүлгөн. Ал Лидияны өлтүрүп, көмүп салгандыгын моюнуна алып, кай жерге көмгөндүгүн көрсөтүп берген. Үйдүн жер төлөсүнөн табылган наристенин жансыз денеси целлофан баштыкка салынып, колу, буту скотч менен оролгон экен.
«ШЕКТҮҮ КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛДЫ»
Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы НУРМАТ ДАВЛЕТОВ:
– 6-май күнү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1986-жылы туулган Юлия Видясова аттуу айым арыз менен кайрылып, 9 жаштагы кызы жоголуп кеткендигин билдирген. Оперативдүү издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 17-май күнү Аламүдүн районунун Арашан айылында бул кылмышка шектүү делинип 1983-жылы туулган Андрей Овчинников жана 1969-жылы туулган Бактыгүл Бекказиева аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.
Сурак учурунда Андрей Овчинников кызды Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылына алып барып, муунтуп өлтүрүп, көмүп салгандыгын моюнуна алды. Айткан дарекке алып барганыбызда ал кызды өлтүргөн, көмгөн жерин көрсөтүп берди. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, Андрей Овчинниковдун үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү), 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми бала багуучу Бактыгүл Бекказиевага бул кылмыш ишинин негизинде юридикалык баа берилет. Учурда экөө тең СИЗОго киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бирок эң башкы суроого жооп Андрейдин Лидияны эмне себептен алып кеткендиги азырынча аныктала элек. Ал наристени өлтүргөндөн мурун эмне кылгандыгын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жана тергөөдө аныкталмакчы. Себеби Лидиянын апасы Юлия «кызымдын өлүгүн көрдүм. Анын моюнунда муунткандын белгилери жок, бирок колу-бутунда скотчтун издери, бети-колунда чоң-чоң шишиктер бар экен. Кызымды башкача өлтүрүшү да мүмкүн» деп күмөн саноодо.
«ЫЙЛАГАНЫНАН МУУНТУП ӨЛТҮРДҮМ»
Кылмышка шектелип кармалган АНДРЕЙ ОВЧИННИКОВ жасаган коркунучтуу кылмышын төмөнкүчө баяндап жатат:
– Бактыгүл менен Сергей деген досумдукунан тааныштым. Мен барганда алар арак ичип отурушуптур. Эртеси Бактыгүл экөөбүз ал жашаган үйгө бардык, барсак үйдө 2 кичинекей кыз бар экен. Бактыгүл улуусун эшикке чыгарып жиберди да, экөөбүз дагы арак ичтик. Бактыгүл мага «кыздардын апасы көп ичет, ар кайсы эркектер менен жүрөт, сени да тааныштырам» деп алып келген болчу. Ал мас болуп уктап калганда мен көчөгө чыгып, Лидияны көрүп калдым. Аны «жүр, апаңа барабыз» деп алдап ээрчитип алып, Дмитриевка айылындагы туугандарымдын үйүнө алып кеттим. Алар азыр жашабагандыктан, үй бош болчу. Мастыгымдан улам барганда эле уктап калдым, Лидия болсо сыналгы көрүп жаткан. Эртең менен ойгонсом, ал «мени Бакуля издеп жатат, эми апам издеп баштайт. Үйгө, мектепке барышым керек» деп ыйлап кирди. Издөөдө жүргөндүктөн, мени кармап алабы деп коркуп, аны колум менен муунтуп өлтүрдүм. Андан соң баштыкка салып, жер төлөгө көмүп салдым.
Бактыгүл Бекказиева:
– Арашан айылында дачаларды кайтарган досумдун үйүнө конокко баргам, ал жактан Андрей менен таанышып калдым. Эртеси эртең менен «мен кетейин, үйдө балдар жалгыз калган» деп кетмекчи болдум. Мен Юлянын Лида менен Настя деген кыздарын карачумун. Мен үйдөн чыгып кетерде Юля да бир жакка кетейин деп жаткан.
«Жол кирем жок» дегенинен Андрейди ээрчитип алдым. Экөөбүз баш жаздык, анан мен бир бөтөлкө арак алып, үйгө кирдик. Алып келген аракты толук ичтикпи же ичкен жокпузбу, билбейм, мен «өчүп» калыптырмын. Эртең менен турсам, жанымда Настя уктап жатыптыр, Лида жок экен. Апасы да келбептир. Анан Юляга чалдым, «мен масмын, Лида жоголуп кетти» деп.
ЭШЕГИНЕ ЖАРАША ТУШАГЫ
Кылмышка шектелип кармалган 30 жаштагы Андрей Овчинников мурда тоноо, зордуктоо жана аскердик бөлүктү өзү билип таштап кетүү беренелери менен бир нече ирет соттолгон. Акыркы убакта Чолпон-Ата шаарындагы №44-колония-поселениеде жаза өтөп жүрүп качып кеткендиги үчүн издөөдө жүргөн.
Өлгөн кыздын апасы үйлөрдү тазалап иштейт. Бирок Юлияны 7-8 жылдан бери жакшы билген коңшусунун айтымында, эч жерде иштебейт, күнүгө ичип, ар кайсы эркектер, селсаяктар менен жүрчү экен. Кызы Лидияны да күнүгө себепсиз сабай берерин айтты. Лидиянын атасы болсо кайсы бир кылмышы үчүн абактардын биринде жазасын өтөп жатат.
Ал эми Бактыгүл Юлиянын үйүндө 3 жылдан бери чогуу жашап, кыздарын карачу. Эмгеги үчүн эч кандай акча да алган эмес, башка жерде да иштеген эмес. Өзү эле «мен сага жардамдашам, үйүңдө эле жашап турсам болду» деп суранып жашап жүргөн. Мындан сырткары милиция кызматкерлери Лидияны апасы тилемчилик кылган адамга ижарага берип жүргөнүн билдиришти. Алардын айтымында, иликтөөнүн жүрүшүндө апасы кызын Максим аттуу адамга күнүнө 300 сомго ижарага берип, кызы кээде үйдө түнөбөй жүргөнү билинген. Максим Лидияны жетелеп алып Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө тилемчилик кылышкан. Бирок Лидиянын апасы Юлия кызынын тилемчилик кылганын танып жатат. «Кызымды эч жерде иштеткен эмесмин, ал үйдүн жанынан алыс чыккан эмес» деп айтууда.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg