Элден «азыр жаштар арасында аборт жасатуу дүкөнгө же киного барып келгендей эле көрүнүш болуп калды» дегенди угуп калабыз. Муну бизде жыл сайын 1200гө жакын өспүрүм боюнан алдырат деген сөз далилдеп тургандай. Ал эми катталбагандары канча? Мындай көрүнүштү токтото албасак да, азайтуунун жолу барбы деп изилдеп көрдүк.
«АПА, МЕНИ ӨЛТҮРБӨЧҮ!»
Редакцияга келген Риманын айтып бергенинен:
– Бул окуя 1 жыл мурун болгон. 16 жаштагы сиңдимдин боюна болуп калгандан кийин жигити качып кетти. Айла жок аборт жасатмак болуп, врачка бардык. Врач алгач биринчи бала болсо деп баш тартты. Биз суранып, көндүрдүк. Ошондо эже «мени күнөөгө батырып жатасыңар. Ушул колум менен канча наристени өлтүрдүм. Ичиңдеги түйүлдүк сүйлөй алса, «апа, мени өлтүрбөчү!» демек» деп сүйлөндү. Аборттон бир ай өтпөй сиңдим көз жумуп кетти. Абортто инфекция кирип кеткен экен, ичи ириңдеп кетиптир. Сиңдимди аборт жасаттырбай алып калбаганыма өкүнөм.
КИЙИН ЭМНЕГЕ ТӨРӨБӨЙ КАЛЫШАТ?
КММАнын Акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, профессор МАКЕН МУСУРАЛИЕВ:
– Аборт жасаганда инфекция кирип кетсе, аялдын жыныстык органдары сезгенет. Мисалы, жатын түтүгү жабышып калып, кийинкиде жатындан тышкары бойго бүтүү жана төрөбөй калуу коркунучу бар. Жатындын бети кырылгандан улам бойго бүтпөшү же бүткөн менен улам-улам түшүшү мүмкүн. Этек кир цикли бузулат. Мындан тышкары убакыттын өтүшү менен эндометриоз, миома оорусу келип чыгарынан шек жок. Андыктан кыздарга «сен кыз болгон соң кийин төрөп эне болушуң керек. Төрөбөй калсаң, эч кимге керегиң жок» деп айтып, аборттун зыяны боюнча да түшүнүк берүү кажет.
БАШКЫ СЕБЕП – МААЛЫМАТТЫН ЖОКТУГУ
Жакында Кыргызстанда жыл сайын 1200гө жакын өспүрүм бойдон алдырары тууралуу маалымат тарады. Бул секелектер арасындагы аборттун күчөп жатканын далилдейт. Себептери бир топ. Башкы себеп, аял-эркек ортосундагы мамиле жана сактануу каражаттары тууралуу маалыматка ээ эместиги.
Башка себептерге миграциянын айынан көзөмөлдүн жоктугу, чоңдордун жашоосуна эртелеп аралашууну каалоо, жыныстык баш аламан жашоо кечирүү эсептелет. Зордук-зомбулукка кабылуунун аягы да аборт менен бүткөн учурлар бар.
СЕКС ДЕГЕН СӨЗДӨН УЯЛБОО КЕРЕКПИ?
Бул көйгөйлүү маселени чечүү жолдору тууралуу пикирлер бир топ. Мисалы, ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин инспектору ДАМИРА ИМАНАЛИЕВА:
– Боюнан алдыруу маалыматтын жоктугунун кесепети. Маалымат болмоюнча аборттун саны азайбайт. Учурда КРнын «Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө мыйзамына» өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыгууда. Долбоордун ичинде сексуалдык тарбия тууралуу да жобо бар. Ал бүтсө кароого коюлат. Өтүп кетсе, мектептерде окутулушу керек,- деген пикирин ортого салат.
Ал эми ардагер мугалим МИРАИДА КАРАБАЕВА:
– Кыргыздар секс тууралуу сөз кылуу уят деп эсептешет. Мугалимдер окуучуларга, ата-эне балдарына сактанбаса кыздардын боюнда болуп каларын айтышпайт. Учурда өспүрүмдөр жыныстык катнашты 9-10-класстан баштап жатышат. Бизде да батыш өлкөлөрү сымал мектептерде, ЖОЖдордо аборт, жыныстык жугуштуу оорулар тууралуу медиктер атайын лекцияларды өтүшү зарыл. Бизде мындай лекциялардын өткөнүн көрбөдүм,- дейт.
Депутат Дастан Бекешев көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн мектеп программасына жыныстык тарбиялоо боюнча сабактар киргизилиши керектигин айтып чыккан.
Билим берүү министрлигинин башкы адиси ГУЛЬШАН АБДЫЛДАЕВАга кайрылганыбызда ал:
– Мектепте жыныстык тарбия боюнча атайын сабак жок болгону менен, Киши, Адам жана коом сабактары өтүлөт. Булардын ичинде репродуктивдүү ден соолук жаатындагы маалыматтар камтылган. Класстык сааттарда гигиена боюнча да өтүлөт. Саламаттыкты сактоо органдары тарабынан мектептерде 1 айда 1 жолу лекциялар окулат. Лекциялар баңгичилик, тамеки тартуу, жыныстык тарбия жана башкаларды ичине камтыйт. Өспүрүмдөрдүн абортунун алдын алуу үчүн коом жапырт киришпесе, азайтуу кыйын,- дейт.
«БОЙДОН АЛДЫРУУ – ЧОҢ КҮНӨӨ!»
Кыргызстандын муфтийинин орун басары РАВШАН АЖЫ ЭРАТОВго «Өзбекстандын диний башкармалыгы юридикалык каттоосу жокторго нике кыюуга тыюу салган. Бизде да ушундай мыйзам киргизилсе, нике кыйдырып жашап алып, анан аборт жасатып жаткан секелектердин саны азаят беле?» деген суроо узаттык:
– Юридикалык каттоосу жокторго нике кыюуга тыюу салуу менен абортту азайта албайбыз. Эки жаш «биз чогуу жашоого даярбыз» дешсе, молдолор аларды адалдап, нике кыйышат. Бирок жашап алып, анан аборт жасатып жаткандар чоң күнөө кылууда. Бизде, муфтиятта жакында жаштар бөлүмү ачылды. Анын мүчөлөрү рэкетчилик, кыз-жигит мамилелери жана башкалар тууралуу ЖОЖдорго, айрым мектептерге барып сабак өтүшүүдө. Бул да кандайдыр бир деңгээлде жыйынтык берет го деп турабыз.
ТӨРӨТҮП АЛГАНГА ОЮҢУЗ...
Атактууларга кайрылып «кыздын боюнда болуп калды дейли, эми кызды ата-эне, жакындары күнөөлөп жектебей, төрөтүп алса болобу? Анткени ата-энесинен, элден коркуп суицидге барып жаткандар да, аборт жасатып, кийин төрөбөй калгандар да бар...» деген суроо салдык.
МАРАТ (БОПУШ) ЖАНТАЛИЕВ, актёр:
– Азыр жаш кыздар арасында аборт көп болсо, мүмкүн эрте жетилип жаткандыр. Бирок күйөөгө тийбеген кызды төрөтүп алуу биздин менталитетке туура келбейт.
ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА, актриса:
– Мурун жигит менен шынаарлашмак түгүл кыздар эркектерге тик карачу эмес. Кийин эле Европанын жаман, туура эмес жактарын жуктуруп алдык. Абортко, никесиз төрөөгө жеткирбей, кыздарды башынан туура тарбиялаш керек. Эми кээ бир ата-эне кызынын тагдырын ойлоп, суицидге барбасын же кийин төрөбөй калбасын деп, мүмкүн аргасыз төрөтсө төрөтүп алаттыр. Бирок бул биздин салт-санаага туура келбейт.
БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ, куудул:
– Бул боюнча 2 көз карашты айтат элем. Биринчиси, кыздарды жашынан ыйман жолуна салса, анда турмушка чыккыча эркекке жакындашпайт. Экинчиси, бойдон алдыруунун алдын алып, сактануу боюнча маалыматтарды жайылтуу кажет. Эгерде кыздын боюнда болуп калса, анда баланы алдыруу күнөө. Балдарды өлтүргүчө мүмкүн атайын оорукана ачып, ошондой кыздар анонимдүү төрөшүнө шарт түзүп берүү керектир.
Кыздардын боюнан алдырганы – келечегине балта чапканы. Андыктан муну ар бир кыз түшүнүшү керек.
«Супердин» сурак бурчу
АБОРТ ЖАСАТКАН ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫН САНЫН КАНТИП АЗАЙТАБЫЗ?
Азамат Миңбаев, Ысык-Көл облусу:
– Мектепке атайын сабак киргизип, кыздар кеңештерин бат-бат өткөзүү туура. Кыздарга ислам дининен түшүнүк берип, колдон келсе намаз да окутуу керек. Ошондо кыз бала турмуштагы ордун жана ролун баамдап, туура эмес иштен алыс болот.
Зарина Ажалиева, Нарын облусу:
– Бул өткөөл курактагылардын милдетинен дагы укугун көбүрөөк өздөштүрүп алгандыгы. Ата-эне көзөмөлдөш керек. 9-классты бүтүрүп орто окуу жайга берип салышат. Алар өздөрүн чоң сезишип, турмушка аралашууга даяр ойлошот.
Мурас Раев, Ош облусу:
– Уят дешип ата-энелердин көбү баласына же кызына керектүүлөрдү айтышпайт. Эркек-аял мамилесин, өздүк гигиенаны айтуу керек да. Медиктер менен да иш алып барсак, аборттордун алдын алабыз. Аборт – кыргыздын табиятына туура келбейт.
Алмакан Матураимова,Баткен облусу:
– Ата-энеси чет жакта жүргөн кыздар көзөмөлсүз калышып, ээн баштык кылып, жаман жолдорго барууда. «Кыз сактагыча туз сакта» дегендей, кыз тарбиялоо кыйын болуп баратат. Кызга ынсап берип, ата-эне да катуу кармаш керек.
Чыңгыз Иманкулов,Талас облусу:
– Өспүрүм кыздар өтө ишенчээк болушат. Ошондон көптөр пайдаланып кетишүүдө. Кандай болгон күндө да кыздар намысын сактоолору, бойдон алдыруу күнөө экенин билүүсү керек. Кыздарды түнкүсүн кафелерге, түнкү клубдарга жибербей көзөмөлдөө керек.
Айгүл Айдарова, Жалал-Абад облусу:
– Гинекологго барсам, врач мага рецепт жазып жатып эле аборт жасаганы чыгып кетти. Сурасам, «1 күндө жок дегенде 5 кыз аборт жасатат» деди. Бардыгына жаштарда репродуктивдик билимдин жоктугу себеп. Мектепте ыйман сабагын тереңдетип өтүү зарыл.
Турдубек Осмоналиев, Нарын облусу:
– Ата-эне катуу тартипке салыш керек. Мектепте да түшүндүрүү иштери жетишпейт. Адамдын анатомиясын толук окутуп, аборттон кийин тукумсуз болуп каларын айтуу кажет.
Венера Камалова
koom@super.kg