Өкмөт автоунааларга милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүнү ниеттенип жатат. Жантөрө Сатыбалдиевдин отчётун угуп жатканда депутат Дастан Бекешев Кыргызстан жол кырсыгындагы өлүмдөр боюнча 180 өлкөнүн ичинен 123-орунда экендигин айтып, «абалды жакшыртуу үчүн өкмөт эмне кылмакчы?» деп суроо узатты. Ага жооп кылып өкмөт башчысы «мурун автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жоюлган эле, муну кайра киргизүүнү көздөп жатабыз» деп билдирди. Өкмөт башчы адатта кырсыктарга көбүрөөк себепчи боло турган жолдордун абалынын начардыгын, көптөн бери ич ара интригалар менен убара болуп кыйратып иштебей жаткан Жол кайгуул кызматынын абалын айткан жок. Мисалы, учурда оң рулдуу 7 кишилик автоунаалар менен эл ташууга тыюу салынып жатат. «Ош-Бишкек кан жолунда мындай унаалар катышкан жол кырсыктары көп» деген маалыматты негиз тутушууда. Ошол эле учурда өкмөт аталган жолдун көп бөлүгү өтө начар абалда экендигин, Суусамыр өрөөнүн аралап өткөн бөлүгү «мина катылган талаага» айланып, тешиктерге толуп кеткендигин айтпайт. Оор жүк ташуучу автоунаалар уруксат берилгенден алда канча оор жүк менен жүрүп жолдордун өмүрүн кыскартып жатышканын, тиешелүү кызматтар аларга көз жумуп коюшарын эч ким айтпайт.
Ал эми вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев «автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү менчик уюмдарга берүү керек» деп билдирип чыкты. Дагы бирөөлөрдүн чөнтөгү үчүн иштейбизби?
Милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жол кырсыктарын азайтып ийбейт. Жол кырсыгы азайсын десек Жол кайгуул кызматынын ишин, жарандарга айдоочулук күбөлүктү окутпай эле акчага берип коюп жаткан мектептердин ишин катуу көзөмөлгө алып, жолдордун абалын жакшыртуу керек.
Эске салсак, автоунаа каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү жоюу тууралуу мыйзамга өткөн жылдын 22-майында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg