Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Болот Шер Башкы прокуратура өзүнө каршы мародёрлук боюнча кылмыш ишин козгогонун айтып чыкты. Депутат муну криминалдык авторитет А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча депутаттык комиссияны жетектеген ишмердүүлүгүнө байланыштуу Башкы прокуратуранын жообу деп эсептейт.
«Биз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу иштери боюнча иликтөөлөрдүн бүтүмүн чыгардык. Эми мына, жооп иретинде мага карата кылмыш ишин козгошту. Биз аларды жоопкерчиликке тартуу керектигин айтсак, алар бизге кылмыш ишин козгоп жатышат»,- деди депутат.
А.Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия башкы прокурор Аида Салянованы жана ички иштер министри Абдылда Суранчиевди кызматтан четтетүүнү сунуш кылышкан эле.
Башкы прокуратура жообун кечиктирген жок. Аталган мекеменин маалымат кызматы 2010-жылдагы талап-тоноочулукка байланыштуу козголгон кылмыш иши 2013-жылдын январь айында «жоопко тартууга кайсы бир адам так аныкталбаганы үчүн» токтотулгандыгын, эми ал кылмыш иши кайра жаңылангандыгын билдирди. Демек, эми ишке айыптуу адамдарды так атай алышат экен. Депутаттык комиссиянын жогорудагы сунушунан кийин мародёрчулук боюнча кылмыш ишинин жаңыланышы Башкы прокуратуранын ачык эле сес көрсөтүп жатканын ачыктап койду.
«Кумтөр» боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишим, Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу, элге каршы ок атуу, Бакиевдердин үй-мүлкүнүн тонолушу, ууланган көмүрдүн сатылып алынышы... Мунун баары Кылмыш жана жаза кодексинин негизинде баа берилиши керек болгон иштер. Бирок Кыргызстандагы саясий күчтөр мындай иштерди өзүнө керек болгондо текчеден алып чыгып бетке тутуп кыйкырып, көксөгөнүнө жеткен соң кийинки кызыкчылык пайда болгонго чейин сактап коё турган куралга айлантып алышты. Жагымсызы, прокуратура да, милиция, сот системи да мындайда мыйзамды эмес, кайсы бир топтун айтканын аткарып келет.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg