Май айынын башында кыргыз тилдүү гезиттердин бири КСДПнын депутаты, спикердин орун басары Төрөбай Зулпукаров жөнүндө эч кандай аргументсиз, «бир катын айтты эле» деген негизге таянган макала жарыялады. «Зулпукаров Ноокаттагы өзбектерге таянып бийлик жүргүзүп жатат, аны Оштогу аэропорттон өзбектер тосуп алат, тосуп алууга кыргыздар жокпу?» деген мааниде. Макала өз оокатын өзү кылып, ымалалашып калган өзбек менен кыргыздын ортосуна кайрадан от салууну максат кылгандай ой жаратат. Макаланы далилсиз деп жатканыбыздын себеби, «элдер айтат», «имиш-имиштерге» толгон жерлери көп. Эл өкүлү да макаладан чындыкка, фактыга негизделген сынды таппаганын айтты. Бул Ноокат районунда 8-майда болуп өткөн акимди шайлоо алдындагы кара пиар экенин, макаланы аталган райондун эли абдан кыжырдануу менен кабыл алгандыгын билдирди. «Райондо айылдык кеңештин 343 депутаты бар болсо, анын 30 пайызына жетпегени өзбек улутундагы депутаттар. Калган 260 депутат кыргыз улутунан. Шайлоодо биздин партия көрсөткөн Б.Айтиевди 4 талапкердин арасынан 227 добуш менен колдошту. Ушундан эле Зулпукаровду өзбектер колдодубу же кыргыздар колдодубу дегендин жообун алса болот»,- дейт ал.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg