Байкоочу кеңеш 2012-жылга карата КТРКнын башкы директорунун отчётун канааттандырарлык эмес деп тапты жана ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыкмакчы. Бул тууралуу КТРКнын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча Байкоочу кеңештин төрагасы Фархат Бекманбетов ЖКдагы комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган маселе Байкоочу кеңештин келерки отурумунда талкууга коюлат.
Жыл ичинде Байкоочу кеңешке КТРКга карата жарандардан 165 арыз-даттануу келип түшкөн. Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү буга байланыштуу Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөөнү демилгелеп чыгуу маанайында.
Телеканалдын көрсөтүүлөрү начар деген сын көп айтыларын, бул жерде журналисттердин эмес, жетекчиликтин күнөөсү чоң экендигин КТРКнын журналисти К.Эсенбаев баса белгилеп өттү. «Алып баруучулар – телеканалдын жүзү, алардын дикциясы таза болушу керек. Бирок алып баруучуларга сынак жарыяланбайт. Олигархтардын аялдарынын иш орунуна айланып калды»,- деди ал.
Ал эми Байкоочу кеңештин төрагасы Фархат мырзага байланышканыбызда «КТРКнын башкы директоруна ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлгөн жок, азырынча, былтыркы жыл үчүн отчётун канааттандырарлык эмес деп таптык»,- деп ЖКда айткан сөзүн оңдоду.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg