Жол кайгуул кызматынын жетекчиси, генерал-майор Талантбек Исаев:«МАИЧИЛЕРДИ ПАРА АЛУУГА ӨКМӨТ ӨЗҮ ТҮРТӨТ»

Биздин бүгүнкү «Маанилүү маек» рубрикабыздын коногу, ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев «мен бул кызматка келгени достон да душманымды көбөйтүп алдым. Ал тургай көптөгөн министрлер, депутаттар мени менен учурашпай да калышты» дейт.

ИСАЕВ ТАЛАНТБЕК КЕДЕЙКАНОВИЧ
Туулган жылы
– 1966-жыл.
Билими – 1990-жылы КМУУнун тарых, 1994-жылы укук таануу факультеттерин аяктаган.
1985-87-жылдары Германияда аскердик кызмат өтөгөн.
1990-жылдан бери ИИМде ар кандай кызматтарда иштеп келет.
2012-жылдын 4-мартынан бери ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси.
2009-жылы милициянын генерал-майору наамын алган.

– Алгач сөздү өлкөбүздө көп болуп жаткан жол кырсыктары тууралуу баштасак. Көбөйдүбү, азайдыбы?
– Тилекке каршы, жыл өткөн сайын жол кырсыгынын саны көбөйүүдө. Буга себеп, биринчиден, өлкөбүздө автоунаалардын жана айдоочулардын көбөйүшү. 2012-жылы эле өлкөбүзгө 92 миң машина кирген. Экинчи себеби, айдоочулардын даярдыгы өтө төмөндүгүндө. Былтыр эле 170 миңден ашуун жаран айдоочулук күбөлүк алган. Былтыр Билим берүү министрлиги менен биргеликте комиссия түзүп, автомектептерди текшердик. «Жол эрежелери» деген китептен башка эч нерсеси жоктор бар болуп чыкты. Алардан эмнени үйрөнүп чыкмак эле? Ошондуктан мындай автомектептерди жапкыла деп талап коюудабыз. Үчүнчү себеби, жолдор начар. Биздин кызматтан да кемчиликтер кетүүдө.

– МАИ кызматы кандай каржыланат?
– Кызматкерлерди актабайм, бирок алардын пара алышына өкмөт да күнөөлүү. Көп жылдан бери кызматкерлерге форма бербей жүрүп 2009-жылы гана жаңы формага өткөндө берилиптир. Кызматкерлер кызматтык автоунааларын өздөрүнүн каражатына оңдоп, өздөрү бензин куюшат. Башкы башкармалыктан башкаларына өкмөт тарабынан 1 литр да бензин берилбейт. Мунун баарын көчөдөн табууга өзүбүз түртүп жатабыз. Эми гана өкмөт тарабынан кичине каражат бөлүнө баштады, форма тиктирип бүттүк, аны аттестация бүткөндөн кийин таратып беребиз. Бүгүн Түркиядан жардам катары 2 миң даана бейсболкалар келди, аны кызматкерлер фуражканын ордуна кийишмекчи. Бензинге каражат бөлүнүп, Бишкек шаарындагы кызматкерлерге аздан болсо да берилип жатат.

– Аттестациянын жыйынтыктары кандай болуп жатат?
– Нарын, Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас облусунда кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү аяктады. Учурда Чүй, андан соң Бишкек шаары жана борбордук аппараттын кызматкерлери өтөт. Тилекке каршы, көрсөткүч өтө начар, көп жерлерде 30-40 пайыздай кызматкерлер кулап калууда. Себеби көптөрү тааныш аркылуу же тыйын берип жумушка кирип алган. Тааныш-билиштерине телефон чалдырып аттестациядан өтүп кетебиз дегендер да болду, бирок ага карабай жатабыз. Суранган чиновниктердин, депутаттардын туугандары өтпөй калган учурлар болду. Комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрү, биздин ардагер кызматкерлерибиз, ИИМдин ички коопсуздук кызматынан киришкен. Ар бир сынак камерага, фотоаппаратка тартылып, ошол замат ИИМге жөнөтүлүп жатат, муну кийин өзгөртүп коюуга мүмкүн эмес.

– Көчөлөргө видеокөзөмөл коюлат деп жаттыңыздар эле. Көп убакыт өттү, жыйынтык байкалбайт да?
– Жолго видеокөзөмөлдөө аппараттарын коёбуз деп бир жылдан бери айтып келатабыз, бирок «былтыркы тендер туура эмес өткөрүлүп калган» деп өкмөт токтоттуруп койгон. Эми жаңы тендер өтөт же ошондо утуп алган кытай компаниясы кайра иштеп баштайт. Эртеби-кечпи, баары бир видеокөзөмөлгө барабыз.

– Бир убакта рейддер тез-тезден болуп, көптөгөн чоң кызматта иштегендер жол эрежелерин бузуп кармалышты эле, аларга кандайдыр бир чаралар көрүлдүбү же жабылып калдыбы?
– Рейд учурунда чоң кызматта иштегендер, министрлер кармалышкан. Мага таарынып, азыркы күндө учурашпай калган министрлер, депутаттар да бар. Алар өздөрү рулда отурбагандыктан, машинаны башкарган айдоочулары айып төлөшкөн.
Эреже бузгандардын теңи эле «крутой». Баш ийбеген учурларда журналисттерди чакырып, андан сырткары өзүбүздүн маалымат кызмат келе калып видеого тартып, интернетке таркатып жиберебиз. Андан сырткары ИИМдин кызматкери болсо ИИМге, УКМКныкы болсо УКМКга, прокуратураныкы болсо прокуратуранын жетекчилигине чара көргүлө деп кат жөнөтүп жатабыз. Ошондуктан былтыртан бери мындай көрүнүш азайып калды.
Ар бир депутат, министр же алардын балдары кайсы машина менен жүрөрүн билип калдым. Азыр аттестация жүрүп жаткандыктан, рейддерди убактылуу азайтып койдук. Негизи эле рейдге журналисттер менен чогуу чыкканда өтө чоң натыйжа берет, камераны көргөндө кандай кыйын болбосун тынчып калат. Кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөйт.
Жакында мага министр даражасындагы чоң кызматкер жолугуп, бир кызык окуяны айтып берди. Ал Көл тараптан машинасын өзү башкарып келе жатып, ылдамдыгын жогорулатып жибериптир. МАИ кызматкери токтотсо, кызматтык күбөлүгүн көрсөтөт. МАИ кызматкери күбөлүктү ачып, аты-жөнүн, кызматын окуп бүтүп, «бул жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына түкүрүп да койбойт, бул жаранга жол эрежесин бузганга уруксат берилген» деп кошуп окуп баштаган экен, ал машинадан чуркап чыгып «кечирип кой, болду, уят болдум, экинчи минтпейм» деп кучактап калыптыр. «Күнөөңүздү түшүндүңүзбү?» десе, «түшүндүм» дептир. «Жол эрежесин экинчи бузбаңыз, кырсыктар көп болуп жатат» деп кетирип жибериптир. «Эми экинчи жол эрежесин бузбайм, ошол кызматкериңди сыйлап койчу» дейт.

– Интернетте ырчы Айгерим Расул кызы МАИ кызматкеринин мурдун канжалата койгон видео жүрөт. Ырчыга чара көрүлдүбү?
– Чара көрүлгөн. Бул деген ээн баштык. Учурунда ырчынын жол эрежесин бузганы боюнча биз өзүнчө чара көргөнбүз. Мындан сырткары МАИ кызматкеринин рапортунун негизинде каршылык көрсөтүү, иш үстүндөгү орган кызматкерине кол көтөрүү боюнча ошол аймакка караштуу милиция бөлүмүндө иш алып барып жатышат. Жөн эле токтоп калбайт.

– Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери МАИ кызматкерлерин пара алып жаткан жеринен кармап, «МАИде коррупциялык схема бар» деп айтып чыгышты. Алар МАИ жетекчилигине катардагы кызматкерлер «отметка» кылып турушат дешти...
– Мен ошондо ЭКККМКнын жетекчилигине, КТРКнын жетекчилигине да чалып, «силер МАИ кызматында коррупциялык схема бар деп бүт Кыргызстанга жайдыңар. Бири-бирине акча берип отуруп ошол чынжыр кай жакка барат экен? Жогорку жетекчиликке барат дедиңер, мага келеби же башкага барабы, ошону далилдеп бергиле, силерге рахмат айтам. Эгер далилдей албасаңар, силерди сотко берем» дедим. Себеби ал акча мага келбейт, а жетекчиси менмин. Бул жогоруда айтып кеткендей эле, МАИ кызматкерлеринин айла жоктон кылган иши. Алар кыйын болсо 200 сом алганды эмес, 200 миң сом, доллар алгандарды кармап мактанышпайбы. Бирок ушундай деп эле отура бербестен, муну менен да күрөшүш керек.

– Депутаттар машиналардын терезелерин караңгылатууну мыйзамдаштыруу керек деп жатышат. Сиз буга каршы чыктыңыз, эмне үчүн?
– Туура, мен бул мыйзам киришине каршымын. Себеби видеокөзөмөл эртеби-кечпи коюлат, ошондо камерага терезеси караңгылатылган автоунаанын айдоочусунун коопсуздук курун тагынбаганы, телефон менен сүйлөшүп баратканы көрүнбөй калат. Кырсык болуп, эшиктери жабылып калса, терезесин сындырып адамдарды сактап калуу үчүн айнектерин сындыра албайсың. Түркиядан алдыңкы терезеси караңгылатылган бир да автоунаа көргөн жокмун. Коңшу Казакстан, Орусияда да терезе караңгылатууга тыюу салынган. Өзбекстанда, Азербайжанда болсо арткы терезелерин да караңгылатууга тыюу салынган. Азербайжандын президенти терезесин караңгылатпай эле, парда тагылган автоунаада жүрөт.

«ТЕРЕЗЕЛЕРДИ КАРАҢГЫЛАТУУ – КЫЛМЫШ ЭМЕС»
Жогорку Кеңештин депутаты ДАНИЯР ТЕРБИШАЛИЕВ автоунаанын терезелерин караңгылатууну туура деп эсептеп, муну мыйзамдаштырууга аракет кылганын төмөнкүчө билдирди:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, мыйзам алдында баары бирдей, бирок жогорку даражалуу чиновниктерге коопсуздук кызыкчылыгында автомобилдеринин терезелерин караңгылатууга укук берилген. Бирок адам өмүрүнүн наркы анын коомдогу абалы же социалдык статусу менен аныкталууга тийиш эмес.
Терезелерди караңгылатуу брондолгондон айырмаланып, коопсуздуктун кепилдиги боло албайт. Караңгылатуу жарандарга ультрафиолеттүү нурлардан коргонууга мүмкүнчүлүк берет, башкача айтканда, күндөн коргонуу үчүн кара көз айнектерди тагынуу сыяктуу эле көрүнүш. Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги терезелерди караңгылатууга каршы болуу менен, авторитардык режимдин учурунда түзүлгөн коррупциялык схеманы өздөрүндө сактап калууга аракеттенип жатышат.
Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту жүргүзгөн иликтөөлөр өздөрүнүн автоунааларынын терезелерин караңгылатууну каалаган автосүйүүчүлөр
42 000ден ашык экендигин көрсөткөн, алардын айрым бөлүгү караңгылатуу үчүн бюджетке акча төлөөгө макул. Минималдуу эсептер боюнча, акы төлөп караңгылатуудан жыл сайын мамлекеттик бюджетке 100 миллион сомго жакын каражат түшүшү мүмкүн. Терезелерин караңгылатууга дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекеттеринде уруксат берилген, алардын ичинде Кытай, Япония, Түштүк Корея, ОАЭ, Канада, Швеция, Финляндия, Норвегия, ЕСтин өлкөлөрү, АКШ жана башкалар бар.

Эгерде акы төлөп караңгылатуу жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, анда төмөндөгүдөй кесепеттерди алып келиши мүмкүн:

  • Күч колдонуп чараларды пайдалануу күтүлгөн натыйжаларды алып келбейт, ал эми терезелери караңгылатылган автомобилдердин саны азайбайт;
  • Бюджет кирешенин кошумча булактарынан ажы­райт;
  • Жол кайгуул кызматынын системиндеги коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүргүзүлбөйт;
  • Коомдо артыкчылык берилгендер менен карапайым жарандардын ортосундагы ажырым улана берет.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"МАИчилерди пара алууга өкмөт өзү түртөт" дейт Талантбек Исаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Beko_1
2013-05-27 11:48:52
туркияда бир дагы тонировка болгон машина жок деп. туркияга барбай жургон болсок экен ишенсек ай сайын эле барып турабыз туркия деле толуп кеткен тонировка машиналарга. орустарда айтып койот эмеспи "везде хорошо, где нас нет" деп.
0
altinim
2013-05-27 20:33:05
Beko_1, жакшылап тушунуп окусан бир да машина жок деп айтпаптыр алдынкы терезелери деп жатат омоой, ушинтип озунорчоле алмайынар кошмойунар бар да
0
Azamatnur
2013-05-27 13:21:13
Пара алуyга эмнеге окмот куноолуy? Алар арам тамак аш болбосyн билишпейт, ошол учун алышат, менттер деле ошол.
0
Aslana
2013-05-27 15:05:50
Блатной номерлер деп корсотуп атат, ар жагында ИСАЕВ деп озунун фамилиясы деле бакыйып турат го "озгочо" номерде байкемдин а?
0
xman
2013-05-29 13:08:20
Aslana, Видео материалда айтылгандай ал ISAEV деген номерди Грузияга барганда, Грузиядан Исаевге - ISAEV, а Рысалиеге - RYSALIEV деп жасап беришиптир жана дагы фамилияны номер кылуу бизде уруксаат, албетте номердин төлөнүүчү төлөмүн төлөп алса, Талант мырза айткандай андай номердин наркы 250 000 сом турат экен.
0
stt
2013-05-27 16:51:29
Owonu men da aitaiyn degem, al kimge tieweluu boldu eken, je baike ozu aitkandai al nomerdi baikenin atyn jamynyp joldo jurgondo kubalap chechip algan boluwu kerek. Mnesi bolso da ar bir aidoochu oruscha aitkanda joldo VNIMATEL'NO boluwsa demekchimin.
0
Taalaibek.
2013-05-28 06:03:36
Видеокозомол орнотулса МАИ нин жойулушун каалайм.
0
jasmin81
2013-05-29 22:37:25
Ментерди жинимден жаман кором алар акча учун туулган,алардын бети жок.
0
mikinookat
2013-05-30 17:06:09
1 kun joldo GAIjok bolso kopchuluk aidoochular eshek jailoogo chygyp ketishet ichip alip aidait katuu aidap
0
Mirish
2013-06-24 21:21:23
Данияр тербишалиев молодец болсо бардыгы тен укуктуу болуш керек кызматтгылар тонировка кылып карапайым эл кылбаш керекпи
0
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан