Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести эми англис тилинде экрандаштырылмакчы. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин маалымат катчысы билдирди. “Фильм партнерс медиа Дублин лимитед” компаниясынын өкүлдөрү продюсер Кристофер Росс жана режиссёр Арунц Сони “Жамийла” повестин экрандаштыруу негизинен Европанын кинорыногуна багытталганын айтышат. Тасманы тартуу иштерине 12 миллион доллар бөлүнүп, 2014-жылы көрсөтүлөрү белгилүү болду. Бизде чет өлкө тарабынан каржыланган тасмалардын дээрлик көбү терс жагыбызды көрсөтүшчү эле, эми «Жамийла» кандай тартылат болду экен?..