Толук аты-жөнү – Эммили Шарлотта-Виктория де Форест Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 28-февраль Туулган жери – Раннерсе, Дания Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок Учурда – Жеке ырчы
18-май күнү Швециянын Мальмё шаарында өткөн «Евровидение» сынагында даниялык Эммили де Форест аттуу ырчы айым «Only Teardrops» («Жалаң көз жаштар») аттуу ыры менен жеңишке жетишти. Ал эми 2-орунга азербайжандык Фарид Мамедов татыса, 3-орунга украиналык Злата Огневич илинди. Сынактан кийин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев добуштар калыс эсептелбегенин айтып чыкты. Анткени орусиялык Дина Гариповага алар берген 10 упай эсептелбей, 0 болуп чыккан. Ага карабай Дина 5-орунга нааразы эмес. Мындай ушактар Эммилини да кубалап жүрөт. Нидерландылык маалымат булактары аны плагиаттыкка күнөөлөштү. Себеби жеңишке жеткен чыгарма 2002-жылы жарык көргөн «K-Otic» тобунун «I Surrender» («Мен багынам») аталыштагы ырынын коёндой көчүрмөсү экенин билдиришкен. Мындан сырткары жеңүүчү Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II менен тууганчылык жайы бар экенин айтып жүргөн экен, калпы ачылып, ырчы айым уялгандын ордуна «бул жөн гана тамаша болчу» деп кутулуптур.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Juliana
2013-05-27 10:19:59
deptir, mintiptir, tigintiptir.
-2
best-life
2013-05-27 13:20:17
акчанын кучу менен алды даааа
0
zamko
2013-05-27 14:17:09
bul jerde ech kandai akcha oinoboit Zdes Evropa ne Azeybeyzhan i ne Kygizstan tuurandar akcha menen boldugai hhhhhh
+2
Azamatnur
2013-05-27 14:34:54
Дина Гарипованын ыры жакты мага
0
azi
2013-05-27 16:51:36
zamko Азыркы заманда акчадан баш таркант киши жок.
0
Eliza_Sa
2013-05-27 17:27:49
мага Злата Огневичтин ыры аябай жакты
0
antivir
2013-05-27 17:58:01
Фарид Мамедо - Hold me +5
0
jamiyla
2013-05-27 18:17:26
Munun atkargan nomuru dele jakty maga...
0
Gul.08
2013-05-28 02:23:26
Биздин Омар барганда Биринчини алып келмек))
+2
miniusha
2013-05-28 11:29:51
Gul.08, бизге али эрте 1 орун )))
-1
Fasebook
2013-05-28 13:34:44
соонун ыр бул ырды конкурска чейин угуп эле женуучу болооруна козум жеткен так что татыктуу эле утуп алды
+1
Айпери Сыдыкова
2013-05-30 22:01:59
Maga Dina Garipova jakkan bolchu.
0
Nurik_kbt93
2013-06-02 16:39:30
европа не алтындан жаралган беле. ал жерде деле акча чоон рол ойнойт.
+1
KaSuBa
2013-06-09 16:30:27
Женишке жетсен дагы бирдеке ойлоп табышат,жетпесен дагы соз кылып чыгышат...
0
KaSuBa
2013-06-09 16:33:28
«K-Otic» тобунун ырына окшобой эле турат
0
Umnitsa
2013-06-09 18:41:47
Эми Елизаветта || нин тууганы болсо бул женбей ким женсин... Елизаветта ким экенин билесинерго
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.