Сиз деле мага кошуласыз деп ойлойм. «Чет өлкөгө эс алып келгенге акча чогултуп жатам» деген кыргызды уктуңуз беле? Уксаңыз да аз санда. Замандаштарыбыздын үй, машина алганы эле тытынып жүргөнүн турмуштук тажрыйбам менен көрүп келем. «Супер-Инфо» гезити мына ушул көрүнүштү башка нукка буруп келет. Башкача айтканда, кыргыздын кымча бел сулуулары арасында сынак өткөрүлүп, жеңүүчүсү кыштын кыраан чилдесинде экзотикалык өлкөлөргө эс алууга жолдомо алууда. «Супер сулуу-2013» сынагы башталар алдында мурунку сынактарда жеңүүчү аталып таажы кийип, чет өлкөдө эс алып кайткан бийкечтер тууралуу баяндайлы.
«Супер сулуу-2007» сынагынын жеңүүчүсү – Кубанычбек кызы Айгерим. Сынагыбыздын «төл башысы» Айгерим Анталиянын кооздугуна суктанып, табиятына бөлөнүп келген. Айгерим Улуттук университеттин эл аралык байланыштар факультетин аяктап, учурда магистратурада окуп жатат, бойдок.
«Супер сулуу-2008» аталган Чинара Керимкулова туристтердин мекени болгон кооз, керемет өлкө Малайзияда эс алып кайткан. Чинара жарым жыл мурун «Тамашоу» долбоорунун уюштуруу иштеринин директору Нурлан Жаныбеков экөө кол кармашышкан. Азыркы тапта биздин сулуу бактылуу жар, оокатка тың кожойке. Буюрса, наристе жытын искейм деп толкунданып турган чагы.
«Супер сулуу-2009» наамына бир эмес, биринен экинчиси ашкан сулуулар татышкан. Алар: Бегайым Алисопиева жана Жамиля Ишенбаева. Бул селкилер 7 кереметтин бири – Мисирдеги пирамидаларга күбө болуп келишкен. Бегайым 2012-жылдын сентябрь айында турмушка чыккан. Ушул тапта үй-бүлө очогун куруу менен алек. Жамиля болсо кыргыз подиумунун жылдызына айланган. Дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштейт. Кыргыз эстрада жылдыздарынын клиптеринин каарманына да айлана алды, көз күйдүргөн бойдок.
«Супер сулуу-2010» – Бактыбек кызы Бурул. Бул сулуу укмуштарга бай Таиландга барып, кышында күнгө күйүү бактысына ээ болгон. Учурда Бурул Саида аттуу кызын тарбиялап, эне бактысына маашырканып жаткан кези. Буюрса, экинчи наристеси да жакында жарыкка келет.
«Супер сулуу-2011» сынагындагы баш байгенин ээси – Айсулуу Өмүралиева. Ал бүтүндөй дүйнө элин укмуштуудай тездикте өнүгүп бара жаткан экономикасы менен таң калтырган Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралына барып эс алып келген. Учурда Юридикалык академиянын 3-курсун аяктады, үй-бүлөлүү. Ошондой эле моделдик ишин аркалап келет.
«Супер сулуу-2012» сынагынын таажысы Гузеля Келдибаевага буюрган. Бул селки Индиянын Гоа штатына барып, кызыктарды өз көзү менен көрүп кайткан. Учурда подиумда басып, моделдик чөйрөдө алектенет, бойдок.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg