НИКЕ ЖАНА АЯЛ

Пайгамбарга үч адам келет. Анын бири «мен күнөөлөрүмдүн кечирилиши үчүн мындан ары түнү бою уктабай намаз окуп чыгам» дейт. Экинчиси «мен бир да күндү калтырбай орозо кармайм» дейт. Үчүнчүсү «а мен аялдарга такыр жолобойм жана эч качан үйлөнбөйм» дейт. Муну уккан Мухаммед пайгамбар: «Мен Алланын азабынан, силерден да катуу корком, бирок мен намаз окуп бүтүп уктайм, орозо кармайм жана орозо кармабай оозумду ачып да жүрөм, ошондой эле аялдарга үйлөнгөм. Ким менин сүннөтүмдөн четтесе, ал мени менен эмес»,- деген.
Нике – арабчадан которгондо «байлануу» дегенди түшүндүрөт. Шариятта үйлөнбөсө деле бузукулуктан сактана алган орто темпераменттеги адамдарга турмуш курууну сүннөт десе, сексуалдык темпераменти жогору адамдарга турмуш курууну милдет деп бекитти. Дагы бир хадистерде сахабалардын бирөөсүнөн пайгамбарыбыз «эмнеге үйлөнбөйсүң?» деп сураптыр. Ал «аялды багууга каражатым жок» дейт. Анда Мухаммед пайгамбар «үйлөнө бер. Балким, сенин берекең ал аялдын колундадыр» дептир. Бул «алгач үй салам, иш табам» деп үйлөнүүнү арткы планга чыгарып жүргөн жаштарга сабак болор.
Кыргыздарда да байыртадан никеге чоң маани берип келишкен. Күйөөсүнүн көңүлүн калтырбаган, келип-кетип турган тууган-уруктарын сүйлөгөн сөзү, кылган мамилеси, жайган дасторкону, коюлган тамагы менен тамшандырып, үй ичин таза кармап, балдарын куурчактай кийинтип, өзү ак маңдай жар болгон аялды урматташат. Андай асыл заттарды кыргыз эли ырыс-кешик, байлыкка теңеген. Маңдайы жарык, келген коногуна бар-жоктон сыр алдырбай, ыраазы кылып узаткан зайыпты кыргыздар «дилбар, дилди, көңүлдү тартып турган адам» дешет. Андай эненин кызы талашка түшүп, аны алуу ар бир үйгө сыймык болгон. Алгач кыздын атасын, анын үйдөгү кадырын, элге сиңген баркын сүрүштүрүп, энесин, бир туугандарын сурамжылаган. Анан гана атайы сынчы жиберишип, кызды сындатышкан. Сынчы кыздын басканынан баштап, чай куйганы, малга, тиричиликке жөндөмү, сүйлөп-ойлогону, кебетеси, күлүп-каткырганына чейин байкаган. Албетте, жакшы энеден жакшы кыз чыгат жана андай кыздын кабары кыргызда ооздон-оозго көчүп бат тараган.
(Уландысы кийинки сандарда)
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Абдан жакшы макала болгон.Эгер Супер-инфо макул десе,эки дуйно колдоочу куран,зикир менен нымдалган тил,айтылган даанышман создорго муюган дил,жан дуйнону ойготуп,акыл эсти жогорулаткан хадис менен кооздолгон мындай макалалардын далайын жазып бермекмин буюрса.Пайгамбарыбыз "Менден бир аят болсо да жеткизгиле" дейт эмеспи.
Анткени адамдын курсагы ач калган сымал,руху да ач калат эмеспи.Урматтуу окурмандардын шеринелерине саресеп салып олтуруп,ыраазы болдум.Эмнегедир жан дуйнолоруно бир нерсе жетпей тургандай.Кудай таала кечиримдуу Зат,кечиргенди жакшы корот.Айтайын дегеним,кээде кээ бирки адамдар шайтанга азгырылып,напсисине моюн сунуп,озунун карындашына,кызына,апасына,эжесине,аялына же жакын тууганына каалабаган зынааны башка бироонун кызына каалап,зынаа кылып,анан ал эргул Кудайга тооба кылып,купуя сактабай,
"Нобел" сыйлыгы менен сыйланганын мактанып жаткансып агынан жарылып,калайык калкка жарыя кылат.Эгер ошол куноосун Кечиримдуу Зат кечирип жиберген болсо,анан аны гезиттен окуп калган адам кыямат куну келип алып,"Оо Аллах,бул пенден зынаа кылып туруп,зынаасын ашкере кылбады беле?"-дей турган болсо Адилеттуу Зат кайрадан ал адамды жазалашы мумкун.
Ошондуктан урматтуу Замандаштарым!Куноодон биротоло арылып кетуу бир гана пайгамбарларга таандык.Билип-билбей кылып койгон катачылыктарды башкаларга айтып жар салуунун кереги жок.
ООба мунун баары туура. Аял уйдун корку. Энелерди сыйлайлы урматтуу бир туугандар.
Бир азда болсо Ислам дининен кабар берип ушул макаланы гезит бетине чыгарып жатканынарга АЛЛА ыраазы болсун.
Супер инфонун кызматкерлерине сунуш киргизет элем. Гезиттин бир бетин Ислам жонундо жазсанар ,нусканар дагы кобойот эле. Ислам динине бир бетинерди арнап койсонор чоон сооп болмок. Сунушумду четке какпай жооп бересиздер деп ойлойм. Алдын ала чон рахмат.
Абдан сонун. Буга чейинки Супер Инфонун жазып келинген макалаларынын эн жакшысы. Тарбия, насыят иреетинде. Уйлоно электер болсо уйлонгуло. Куноого батпагыла. Алла Таала уйлонгондорго, балалуу болгондорго алардын озунун ырыскысы менен берет. Алланын ырайымы болсун ар бирибизге урматтуу туугандар
jakshi maalimat eken,rahmat
Эн мыкты создор жазылыптыр, АЛЛАХ ыраазы болсун!
Чындыгында Алладан улук, бийик зат жок, шугурлор жана мактоолор Ага ган болсун!!!
Пайгамбарыбыз САВ ысмы аталганда салават айтпаган адамдын мурду жерди сузсун.
mаhаbаt., „бул газета, куран китеби эмес” дегенин менен жазгандар мусулман болуп атпайбы.
Жакшы нерселерди жазыпсыңар.Мухамет (САВ) эң акылдуу адам болгон экен.анын айтып кеткен сөздөрүнөн көп жакшы нерсени үйрөнсөк болот.
Аллахым баарыбызга бактылуулук насип кылсын