20-май күнү Нарын шаарынын борбордук «Теңир-Тоо» аянтында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев ачты. Мэрдин куттуктоо сөзүнөн кийин өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиев куттуктоолорун айтышты. Салтанатка келген апаларга гүлдестелер тапшырылып, шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюшулган концерттик программа тартууланды.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg