19-майда болгон катуу шамалдын кесепетинен Нарын шаарындагы бир катар турак үйлөр, мекемелер жана мектептердин чатырлары кыйроого учурап, натыйжада жашоочуларды жана мекемелерди чоң чыгымдарга кириптер кылды. Ал эми гидрометборбор шамалдын ылдамдыгын секундуна 25 метр ылдамдыкта болгон деп ченеген. ӨКМ болсо секундуна 35 метр ылдамдыктан жогору болгон шамалда жабыр тарткан турак жай ээлерине гана көмөк берерин айтат.
«КЛАССТАРДЫН ИЧИ СУУГА ТОЛУП КАЛДЫ»
Катуу шамалдан бир катар объектилер, анын ичинен Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1-орто мектеп да чатыры жок калды. Кийинки күндөрү жааган катуу жаандан чатырсыз калган мектептен тамчы тамып, бир катар көйгөйлөрдү жаратты. Мектептин директору БАКЫТБЕК НАЙМАНБАЕВ буларга токтолду:
– 2007-жылы мектептин чатыры толугу менен реконструкцияланган. 19-майда болгон катуу шамалдан чатыр учуп кетип, чыгым тарттык. Жалпысынан 400 чарчы метр аянтты алып кетти. Гидрометборбор шамалдын ылдамдыгын секундуна 25 метр деп ченеп, ӨКМга маалымат бериптир. Андыктан эми ӨКМдан жардам ала албайт экенбиз. Анткени алар секундуна 35 метр ылдамдыктан жогору болгон шамалда жабыр тарткан объектилерге гана жардам берүүгө милдеттүү экен. Синоптиктер май айынын аягына чейин жамгырлуу аба ырайы күтүлөрүн айтып жатышат.
Кечээ жааган жамгырдан класстардын ичи сууга толуп калды. Окуу жылы аяктап баратканы менен, кандай кыларыбызды билбей турган учурубуз. 3 айдан кийин жаңы окуу жылы башталганга чейин кантип жаап жетишебиз? Учурда смета түзүп, каражаттын суммасын эсептеп жатабыз. Курулуш материалдары кымбат, мындай чатырды калыбына келтирүү үчүн миллиондогон акча кетери бышык.
КӨПТӨГӨН ҮЙЛӨРДҮН ЧАТЫРЫ КЫЙРАГАН
Шаардагы Жаштар ордосунун чатыры жабылганына бир жыл болгонуна карабастан, аны да учуруп кеткен. Бул боюнча Нарын облусундагы Жаштар ордосунун директору БАКЫТ ЭГЕМБЕРДИЕВ да кабатырланып жаткан кези. – Келтирилген чыгымдарды эсептөө үчүн облустук администрация атайын комиссия түзүп, чатырды жаап берген
«РусАльСтрой» курулуш компаниясына кайрылды. Өкмөттүн өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жакып Субакожоевдин билдиргенине караганда, аталган компания чатырды жакшы жаппаганы үчүн чыгымдарды төлөп бере тургандыгын кабарлашканы белгилүү болду.
Ошондой эле үйлөрүнүн чатырын шамал учуруп кеткен тургундардын абалы да кейиштүү. Нарын шаарынын Москва аймагындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин 550 чарчы метр, 12 турак үйдүн 743 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Нарын шаары боюнча жалпы материалдык чыгым 722 782 сомду түздү. Мындан сырткары Нарын, Ак-Талаа райондорунда да ондогон үйлөрдүн чатыры кыйраган.
Учурда Жарандык коргоо комиссиясы жеринде тактоо иштерин алып барууда. Бактыга жараша, катуу шамал адам өмүрүнө зыян алып келген жок. Ошол эле түнү саат 03:00 чамасында катуу шамал жана чагылган болуп, чатырларын алып кеткен турак үйлөрдүн үстүнөн тамчы тамып, жашоочуларга бир топ эле түйшүк жаратып жатат.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg