«БАЛДАРЫМ МЕКТЕПТЕН ЭМЕС, МЕДРЕСЕДЕН БИЛИМ АЛЫШАТ»

Динди ар ким ар кандай түшүнүүгө акысы бар. Бирок азыркы күндө дин менен мектепти барабар коюп, тандоо кылган жагдайлар кездешүүдө. Мындай түшүнбөстүктөр боло берсе, акыры эмне болот деп коңгуроо кагууну чечтик.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Күрмөнтү айылынан бир үй-бүлөнүн мектеп жашындагы эки баласы мектепке барбай жатканына бир жылга жакындап калды. Аталган айылдагы Жээнбай Муканбаев атындагы орто мектептин директору АДЫЛБЕК ТАКАЕВ буларды белгиледи:

– Айылда дин жолуна түшүп, намаз окуган үй-бүлөлөр бар, алардын арасында Бекбоосун Шакенбаев. Ал мектеп жашындагы бир уул, бир кызын мектептен окутпай жатат. 15 жашар Адинай 7-классты аяктап, мектепке келүүнү токтотсо, 1-класста эки ай гана окуган Бекназар тамгаларды деле тааныганга үлгүрбөй калды. Бул үй-бүлөнүн үч баласы мектепти өзгөчө жетишкендиктер менен аяктап, бир уулу шахмат боюнча республикалык мелдештерге катышып жүрчү. Жогорку окуу жайларына да өз күчтөрү менен өтүшкөн эле. Алар да билим алууну токтотуп коюшуптур.
Башында балдар класс жетекчилер үйүнө барса, кучактап ыйлап ийишчү экен. Азыр болсо «мектепке баргыбыз келбейт, биздин апабыздын кесиби мугалим. Биз үйдөн эле окуйбуз» деп таң калтырышууда. Мыкты окуган окуучулар мектептен четтеп калганына ичибиз ачышат. Алар сөзсүз түрдө мамлекетке пайдасы тие турган келечек ээлери болчу.

Мугалимдердин мындай сөздө­рүн угуп, мектептен баш тарткан окуучуларга жолугууну көздөп, алар жашаган үйгө бет алдык. Балдардын атасы БЕКБООСУН ШАКЕНБАЕВ:

– Мектепте кыз-балдар аралашып бирге жүрүшөт. Бири-биринен жаман сөздөрдү үйрөнүп, терс көрүнүштөрдү көрүшөт. Анын баарын билип туруп, балдарыма андай шартты түзүп бере албайм. Уул-кыздарыбызды мектептен эмес, медреседен окутабыз. Кызыбызды Ислам университетин аяктаган келинибиз үйдөн окутат. Уулубузду болсо аракет кылып Бангладешке жиберсекпи деп жатабыз.

Бул маселеге байланыштуу Ысык-Көл облусунун казысы АЛМАЗ САГЫНДЫКОВ мырзага кайрылып, жооп алдык:

– Облус боюнча ушундай онго жакын үй-бүлө бар. Кыргызстандагы медреселерге 9-классты аяктап, колуна күбөлүк алган улан-кыздар кабыл алынат. Себеби балдар мектептен да билим алуусу керек. Мектептен туура эмес нерселерди үйрөнөт деген түшүнүктөн ата-энелер алыс болушса дээр элем.
Окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып келүүсү боюнча чындап түшүнбөстүктөр көп. Билим берүү министрлиги «окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып келүүсүнө каршы эмеспиз» деген буйрук чыгарган. Буга байланыштуу учурда жоолук салынган мугалимдер иштеп, окуучулар окуп эле жүрүшөт. Балким, убакыттын өтүшү менен мектеп формасына ылайыктуу бир түстөгү жоолуктар тигилип калар деп үмүттөнүп туралы.
Кээ бир ата-энелер «пайгамбарыбыз мындай кылган эмес» деп балдарын үналгы, сыналгы, компьютер деген нерселерге жакындатпайт экен. Компьютер менен иштеп киреше тапса, үналгыдан тарбия бере турган берүүлөрдү угууга неге болбосун, таң калычтуу. Илимсиздиктен акмакчылыкка барып, өзүбүздү пайгамбарга теңеп жиберип жатабыз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
manas1987
2013-05-27 10:36:31
Мектеп Медресенин алдында эмне болуп калыпыр
бул Медресеге мектепти кошпой эле койгула
+2
manas1987
2013-05-27 10:42:52
Инщаллах ыйманынар кучой берсин.Хвало Всевышнего Аллах субхаана таля с нами
+3
aza90
2013-05-27 12:17:26
кызын мектепке жоолукчан жиберсе болмок
+1
Мэри
2013-05-27 12:22:45
Казы жакшы жооп бериптир. Кээ бир дин жолунда жургондор телевизор коргонго, суротко тушконго, ырдаганга, ыр укканга болбойт дешет. Мен муну туура эмес дейм. Анткени өнөр да, талант да Жараткандан берилет го, анан ал өзү берген нерсеге кайра өзү каршы болмок беле... Андыктан бул адамдардын эле ойлоп таап алган эрежелери болсо керек...
Анын сынарындай, кээ бири билип-билбей, тушунуп-тушунбой эле бир нерселерди кыла беришет (дин маселесине келгенде).
+2
Shekerbek
2013-05-27 14:36:29
илимдин чеги жок! мектептеги билим ашыктык кылбаса керектир дейм
+3
ainabaz82
2013-05-27 16:09:40
Чала молдо дин бузатдеп коет беле. Маалыматты туура кабыл алуу, оз алдынча анализ жургузу, туура баа беруу. Мына ушунун баары адам баласынын алган билимине, жашоо тажырыйбасына байланыштуу болот. Ал эми мына ушул нерсеге тийешеси жок адамдар сабатсыздыктын айынан ар кандай угутторго оной жетелениши толук ыктымал. Ал бетте кудайды журогубуз менен туюп акылыбыз менен тааныйбыз, бирок китеп окуба, музыка укпа, сыналгы корбо сыяктуу агымдардын арты коотондурбай койбойт.
0
ainabaz82
2013-05-27 16:35:57
кооптондурбай
0
bosmos7
2013-05-27 17:30:40
Дин кызматкери туура айтыптыр!! Рахмат!! Ата энелер мобу Бангладешке жонотобуз жатышыптыр ! Бангладеш жонундо толук маалымат барбы ??? Бангладеш дуйнодогу эн жакыр мамлекет. Ал жерде билим алабы же тамагын эптеп жейби??Оздору тоок менен куручтон башка эч нерсе жебесе!Ал дагы болсо !!! Билим менен динди айырмалоо керек!!
0
manas1987
2013-05-27 18:59:05
Телевизор радио компютер бул нерсе амал болуп саналат. Буларды жакшы нерсеге колдонсо да болот жаман нерсеге да.
0
Kg.lady
2013-05-27 22:14:18
Анан кочо-койдо кантип журот болдукен кыздары.Маршыруттук каттамдарга ошондо тушупойбу,аял.эркек аралашып тушушотго...Мектептен жаман нерселерди уйронот дегенге карышымын.Мугалимда,даарыгерида,профессор,президентида мектептен чыккан.Анан кантип сабаты жоюлуп ,билимге суугарылчуу жерди жаман дегенге болсун.А бирок дин жолуна тушуп кудайга моуюн сунуп жаткандары эн туура,бирок ашкере фанатизимдин кереги барбы?
+2
Rustam25
2013-05-28 02:24:19
Kg.lady, кылмышкерлердида кошуп жазсан, жалан гана профессор президентти жазбай, мектеп баланы жакшы жагынада жаман жагынада тарбиялайт,(мугалим дебедим) мектеп, азыркы учурда кобунчо жаман жагына ооп баратат, контрольдон 60-70% чыгып кеткен, экинчи же учунчу класстын эле окуучуларын алып королу колунда телефон, телефон болгондон кийин азыр любой дурак интернетке кире алат, ал жактан кандай информация алып жатат ал ата энесине белгисиз, бул жерде мугалимдер эле эмес ата энеда куноолуу!!!
-1
Rustam25
2013-05-28 02:28:53
Rustam25, дин жолунда жургон мусулман бир туугандарыма жалан ийгилик каалаймын,Аллахым сиздерге туз жол коргозгон болсун, азгырылып адашкандан сактасын!!!!
+1
Kapitan
2013-05-29 12:27:00
Мен да андайга каршымын ал адам крышасынан тайып калганго не озу жаш кезинде мектепте кыздар балдар болуп классташтары менен журбоптурбу мектеп деген мектеп да убагында окуу керек анан окууну буткон сон каалаган медресесине берсин балдарын бангладеш имиш ал жака бут дин бузуучулар барат
+1
jonokoi_myrza
2013-05-30 18:30:00
Чындыгында мыдай нерселер олкобуздогу чон проблемалардын бири. Ошентсе дагы ар бир кыз-баланын дээринен болот.Хиджаб кийип алып кафеде пиво ичип, "ойсоктоп" бийлеп жургонун оз козум менен коруп, тан калгамын.А ата-эне болсо хиджаб кийп журот, жаман жолго барбайт деп ойлошот..Ошондуктан намаз окуй албаса дагы туз журуш керек.Озгочо кыздааар
0
batonchik
2013-05-31 10:17:52
Ар адамдын дээринен болот!
0
№ 551, 24-май-30-май, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан