Санжар Кошбай уулу, ырчы:«ЖЕҢЕЛЕРДИ» ОРОЙ ДЕГЕНДЕР ЖАҢЫЛЫШАТ»

«Ай, жеңелер, аппак жеңелер» деп жеңелерге тийишип обон созуп жүргөн Санжар Кошбай уулу бизге чыгармачылыгы, балалыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Санжар Кошбай уулу.
Туулган жылы, күнү – 1976-жыл, 20-май.
Туулган жери – Кара-Суу шаары.
Билими – ОшТУнун энергетика факультетин аяктаган.
Репертуарында 40ка жакын ыры бар.

– Санжар мырза, чыгармачылыгыңыз тууралуу кеп козгойлу деп турам...
– Кичинемден эле ыр дүйнөсүнө аралаштым. 7-классымдан баштап айылыбыздагы тойлордун лауреаты болчумун. Айылда ким той берсе, жасап жаткан ишимди токтотуп, ошол жакка кетчүмүн. Барып музыканттарды карап отура берер элем. Аларга колонка ташышып жүрүп аралашып калдым. Ал мезгилде баары жандуу үн менен аткарылчу. Мен урма аспапта отурат элем.
Устатым Бахрам Шамшидинов мага музыка дүйнөсүнө жол ачты десем болот. Андан кийин «Бешилик» тобуна чакырышкан. Ырдап жүрүп куудул да болуп кеттим. Ошондо эл Санжар Бердибеков менен адаштырышып, «Жеңелерди» ырдап бер деп кыйнап калчу экен.

– «Жеңелер» деп калдыңыз, ушул ырыңыздын жаралуу тарыхына токтолуп кетсеңиз...
– Бул ырды көп жыл мурун айылдаш Өмүрбек деген агам ырдап жүрчү. Азыр ал киши жок, каза болуп калган. Кийин ал ырдын сөздөрүн бир аз оңдоп, мен аткарып калгам. Ал ырдын клибинин идеясы Шухрат Азимовго таандык. Негизинен анда бир тойдун көрүнүшү сүрөттөлөт. Күйөө баланын ролун досум Жеңишбек Айтиев, ал эми жеңенин ролун филармониянын артисти Венера Назаралиева аткарышкан. Клип бир аз орой тартылып калган дешет экен. Мен андай деп деле ойлобойм. «Жеңелерди» биз комедия жанрында тартканбыз. Айылдагы тойлор ошондой эле болот.

– Бул ырыңыз менен дагы кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
– Азыр эстесем, бул ырдын арты менен мен Орусиянын 28, Казакстандын 4 шаарына жана Өзбекстанга гастролго чыгып келипмин. Ташкенттик ырдап жүргөн досторум бар, ошолор концерт уюштуруп чакырышкан. Концерт «Достук» сарайында өткөн. Аябай чоң, көп адам бата турган имарат. Менин кезегим келип сахнага чакырышты, эч нерсе көрүнбөйт. Ырдап бүтүп, жарык берилгенде залды карасам, өзбек кыздарды кыргызча кийиндирип, бийлетип коюптур. Көрүп алып катуу таасирленгем.
Бир жолу гастролдоп Орусияга баратканбыз. Казакстандын чек арасынан бизди текшерип калышты. Анан алар ырдап бергиле дешти. Эмне кыларды билбей аккордеонду алып «Жеңелерди» ырдай баштасам ары жактан бирөө кыйкырып, чакырып жатат. Барсак ошол учурда DVD`ден менин ырымды көрүп жаткан экен. «Сен чын эле ырчы турбайсыңбы» деп дароо коё беришкен. Өнөрлүү өлбөйт дешет тура.

– Келиңиз, кеп нугун башка жакка буралы. Сизди айылдык кеңештин депутаты деп угуп калабыз.
– Туура эле угупсуңар. 2012-жылдын ноябрь айында шайлоодо 21 талапкердин ичинен 5 кандидат депутат болуп шайланганбыз. Учурда эл кызматындабыз.

– «Депутат болуп муну жасадым» деп мактана ала турган ишиңиз барбы?
– Аз убакытта «мобу ишти жасап жибердим» деп айта албайм. Азыр биздин айылдын көчөлөрүндө жарык жок. Түнүндө же болбосо таң заардан мечитке бара турган аксакалдарыбыз кыйналбасын деп учурда ушул иштин үстүндө иштеп жатабыз. Бүтө элек, буюрса, 10 күн аралыгында жыйынтыгын көрүп каласыздар.

– Азыр шуулдаган жигит бала кезде кандай болду экен?
– Бала кезде тентектикти жакшы эле жасадым окшойт. Эсимде, бир жолу мектепте окуп жүргөндө бизди пахта теримге жөнөтүштү. Чынын айтайын, пахтаны жакшы тере албайм. Мени көбүнчө классташтар «сен сүйлөп эле бер, биз сага пахта беребиз» дешчү. Бир күнү планды көп жазып коюптур. Мен толтура албай калдым. Жерде үйүлүп турган пахтанын өзүмө ылайыктуусун алып, этегимди толтуруп келе бердим. Тапшырдым. Бир кезде апам келди аз пахта көтөрүп, ал жерде иштегендер «пахтаңыз бүгүн аз го» дешет. Антсе апам «көп эле терген болчумун, бирөө уурдап кетиптир» дейт. А мен апамдын пахтасын уурдап алган экем да, көрсө.

– Депутат болуп жүрүп кайра тойлордо ырдап калуу ыңгайсыздыкты жаратпайбы?
– Жок, депутат эл адамы болгон сыяктуу ырчылар деле ошондой да. Тескерисинче, элге жакыныраак боломбу деп ойлойм.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Үй-бүлөдө 8 бир туугандын эң кенжеси, эң эркеси элем. Азыр үй-бүлөлүүмүн, эки кыз, бир уулум, бир аялым бар (күлүп). Куудул Рахман Разыковдун эң улуу күйөө баласымын.

Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
gooool
2013-06-03 12:44:13
Ийгилик сизге!!!
0
altinim
2013-06-03 13:18:21
жакшы ыр тойдун коркун аччу, жадакалса озбектер тойлорунда койуп алып бийлешчу "вай женгелер ай женгелер " деп тили келбесе деле
0
menedjer
2013-06-04 11:42:23
ийгилик
0
Kg.lady
2013-06-04 13:29:46
Рахман Разыковдун куйоо баласы экенин билбептирмин.....Азамат таланты бар...ж
0
flavor
2013-06-05 09:31:00
Jenelerdi kunugo ugup klibin kaitalaar elek aiabai sonun ir Ishinizge yigilik
0
Gsuita
2013-06-05 14:13:24
Бул ыр менен биздин тоюбуз откон.Той башталганда *Женелер* менен башталып той буткучо ушул ырды ырдашыптыр.Азыр коруп аябай кулобуз баарыбыз.Чындыгында сонун аткарган.
0
mila9
2013-11-20 23:44:28
Кара-Суунун Савайынан болом дегенге арданганбы дейм да
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан