«Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок...» деген керемет обондор кимге арналууда? Кимди сүйгөн менен пайда жок? Нурматтын күйөрмандарына бул суроолорго жооп алыш, албетте, кызык болсо керек.
Толук аты-жөнү – Садыров Нурмат Садырович
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 19-октябрь
Кичи мекени – Токтогулдун Торкен айылы
Бою – 171 см
Билими – М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүн аяктаган. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуйт.
Хоббиси – Ыр жазуу, эргүү издөө
– Нурмат, «Мен сүйгөн менен пайда жок» деп сыздап калыптырсың, ким анчалык айлаңды кетирди?
-Негизи, өмүрүмдө бир гана жолу сүйгөм. Аны айтып эле келатам. Бул ыр сыздагандан эмес, жөн гана чыгармачылык эргүүдөн пайда болгон. Бирок турмушумдун бир үзүмүн чагылдырып турган жайы бар.
– «Нурмат кыздарды четинен алмаштырат, ал «бабник» деген сөздөрдү кулагым чалды эле...
-Кудай сактасын, анчалык кыздарды сүйдүрүп алып, анан сыздатып таштап кеткен учур боло элек. Чындыгында, эркекмин да, өзү кылгырып карап «повод» берип жатса, эмнеге сүйлөшпөшүм керек? Интернеттен жазышат «жолугалы» деп, жолугам. Эч бир кыздын көңүлүн калтыргым келбейт. Бир убакта мени теңсинбей кеткен кыздар, ырдагандан кийин чалып калышат, түн жарымда. Алар менен деле сүйлөшүп коё берем. Көңүлү калбасын дейм да. Жакшы мамиле кылып койсом, жыргап калышат окшойт да, жигитим деп.
– Жумшактыгыңдын айынан сулуулардын капканына түшүп калып жүрбө...
-Кана эми, көптөн бери түгөйүмдү издеп жүрөм. Былтыр сокулуктук Айпери деген кыз менен сүйлөшүп жүрдүм. Сүйөм дебегем, бирок «жактырам» десем, такыр ишенбей койду. Ошол кыз мага «сени менен бирге болуу да кыйын, сенсиз жашаш да кыйын» деди эле. Ушул сөздүн маңызын дагы да болсо түшүнө элекмин. Балким, менин чыгармачылыгым тоскоол болуп койду окшойт. Андан кийин эч ким менен мамиле курган жокмун. «Мени, ырчыны эмес, жөнөкөй Нурматты чындап сүйө турган жар кайдасың?» деп издеп жүрөм. Айланамда кыздар толтура, бирок алардын баарына ырчы Нурмат керек. Менин жашоом, көйгөйлөрүм менен бирөөсүнүн да иши жок. Болгону «Нурмат менен жүргөм, таштап кеткем, ишенбесеңер мына, чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз» деп мактана беришет экен, тобо. Менин оюмча, мээси бар кыз антип айтпашы керек.
– Байкашымча, турмуш курса да мурунку кызыңды унуталбай жүрөт окшойсуң...
-Мен табиятымдан сүйүүгө туруктуумун. Бир сүйсөм болду, бул өмүр бою. Ошондуктан болсо керек, алгачкы сүйүүмө баарын салыштыра берем, андай жароокер, мээримдүү кызды табалбай койдум. Аны сүйгөн менен пайда жок, билем.
– Анда кайрылып келсе үйлөнгөнгө даяр турбайсыңбы?
-Жо-ок, андай ишке баралбайм. Ал кызды сыйлайм, ошондуктан бакыт каалайм, кайрылбай эле жолдошу менен жашай берсин. Мени да арзып күткөн айым бардыр, мына ошого жолугуп, турмуш жолуна аттанам. Жаштык жайым калган жок, ашып кетсе 2 жылдын ичинде үйлөнөм. Өзүм катуу сүйгөн кызга гана башымды байлайм, болор-болбос арзууга алданбайм. Анан ысытма-суутма кылып алам деген кыздар, эч үмүттөнбөгүлө, баары бир болочоктогу келинчегимди өзүм тандайм. Жадакалса апам да «бул артистке биз тапкан кыздар жакпайт, ырдап жүрүп өзү табат» дейт (күлүп).
– Сенин оюңча, кыз бала биринчи сүйүүсүн билдирсе болобу?
-Эгерде бала чечкиндүү эмес болуп жатса, эмнеге болбосун? Ар бир адам өз бакыты үчүн күрөшүүгө укуктуу.
– Кызык, анда эркектердин бири-бирине болгон сүйүүсүнө кандай карайсың?
-Итиркейим келет, өздөрү менен өздөрү жыргаша берсин, мага тийбесин. Мен айылда, күнгө күйүп, кыздарды эле сүйүп, аларга кат жазып, чыныгы эркектердей чоңойгом. Бир жолу Таласка гастролдоп барганбыз, анан концерттин уюштуруучуларынын бири келип мага көйнөк берип жатпайбы. Эркек башы менен кылжыңдап тийишип. Ошондогу абалымды айта албайм, тумшукка бир коёюн дедим. Бирок «байке, не болуп жатасың, бар ары» деп айдап салдым. Андайдан Кудай сактасын.
– Дагы кандай адамдардан алысыраак болгонго аракет жасайсың?
-Тез арада жакын дос болууга умтулгандардан. Өзүм ачык-айрым адаммын, бат эле тил табышып кетем. Ушунумдан пайдаланып тез эле дос болуп чыга келишет. Анан жабышып телефон чала беришет. Ошолор канча жакындаган сайын, качканга аракеттенем.
– Артисттер айтмакчы, өмүрүң дөңгөлөк үстүндө өтүп жатабы анан?
-Ооба. Той, концерттерде жүрөбүз да. Былтыр бир тойдон келатып автокырсыкка учурагам. Негизги кан тамырым көрүнүп калган, аябай оор абалда ооруканага түшкөм. Дарыгерлерди таң калтырган нерсе – тамырымдын үзүлүп кетпегени. Кудай өзү сактаптыр да мени. Моюнумдагы тырык өзүмө да такыр жакпайт. Алдырып салам деп канча аракет жасадым. Бирок кайра тырык чыныгы эркектиктин белгиси деп өзүмдү-өзүм сооротуп койдум.
– Үйдөгүлөр сени кантип эркелетет?
-Эң кичүүсү болгондуктан, болгон таттуу сөздөр менен эркелетишет, анан апамдын бир сонун эркелетмейи бар «сары, сары, сапсары, солдаттардын аттары» деп эле жиниме тие берет (күлүп).
– Ичимдик ичип, тамеки тартасыңбы?
-Жок, андайга такыр жолобойм. Улуу агаларым да андай шайтандын ишине жакын эмес. Муну менен сыймыктанам. Мында апамдын эмгеги чоң болуш керек. Себеби ал өмүр бою мектепте иштеген адам, бизге тарбияны да мыкты берди десем жаңылышпайм.
– Кайсы күндү чыдамсыздык менен күтөсүң?
-Баарынан мурда апамдын туулган күнүн күтөм, анан өзүмдүн туулган күнүмдү. Белектерди алып жыргап калам да.
– Сенин оюңча, шоу-бизнестен ордуңду таптыңбы?
-Чыгармачылыкты баштаганыма көп болгон. Ортодо көпкө чайналып калдым. Же атым чыкпайт, же ырым чыкпайт. Башкалардай аткаруучулукту гана тандаган эмесмин, чыгармачылыктын болгон түйшүгүн моюнума алдым. Жалгыз бардык нерсеге жетишиш кыйын, ошондуктан азырынча ордумду таптым деп айта албайм.
– Маегиңе ыраазычылык.
-Рахмат, сиздерге да албан ийгиликтер келсин!
Нуркыз Курманбек кызы
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg