ЖЫЛЫНА 300дөй КЫРГЫЗСТАНДЫК ЧЕТ ЖЕРДЕ КАЗА БОЛОТ...

  • Кыргызстанда бир жыл ичинде 15 жашка чейинки балдардын ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРГА чалдыкканы боюнча 100дөй факты катталат. Бул тууралуу «Мээримдүүлүк» фондунун жетекчиси Елена Конева билдирди.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө учурда каттоодон өткөн, баңгизатка көз каранды 10 МИҢ ЖАРАН бар.
  • Мэриянын басма сөз кызматынын айтымында, 30-майда саат 10:00дө Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү-237 дареги боюнча «50+» аттуу кызматтык бош орундардын жарманкеси өттү.
  • Учурда Кыргызстанда 38 мамлекеттик, 12 жеке менчик кинотеатр бар.
  • Ак үйдүн алдында НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ. Чогулгандардын талабы – сырттан алынып келинген дары-дармектерге тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана кымбат баадагы дарылардын баасын арзандатуу.
  • Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылында артыкчылык аттестатына 209 БҮТҮРҮҮЧҮ татыктуу болуп табылгандыгын билдирди.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча С вирустук гепатитин алып жүргөн 220 МИҢДЕЙ адам жашайт. Бул тууралуу «Партнёрская сеть» ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев маалымдады.
  • Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын 49 МИҢ БҮТҮРҮҮЧҮСҮ катышканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
  • Жыл сайын чет жерде иштеп жүргөн мекендештердин 300дөн АШУУНУ ар кандай себептер менен каза таап, сөөгү Кыргызстанга алынып келинет.
  • Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев «ЖЕР-ҮЙ» алтын кенин иштетүү боюнча экинчи жолу тендер жарыялана тургандыгын билдирди.
  • Бишкекте жерлердин мыйзамсыз сатылышына каршы митинг өттү. Анда жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков шаар тургундарынын дооматын айтып жаткан учурда мэр ИСА ӨМҮРКУЛОВ токтотуп, аны сотко бере турганын айтты.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurik9090
2013-06-04 05:13:03
мен иштеген Екатеринбург шаарынан да былтыр 1айдын ичинде 5-6 адамдын соогу жонотулгон Кыргызстанга,
анан елдер чогулуп кан чыгарып кудай откорушкон азыр жакшы тынч.

0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан