УЧАК КУЛАП, 3 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ

Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Чүй облусунда «Манас» транзиттик борборунун май куюучу учагы кулап, 3 адам өлгөн эле. 24-май күнү Аксы районунда чегирткелерге каршы дары сээп жүргөн учак кулап, бул кырсык 3 кишинин өмүрүн алып кетти.

КЫРСЫКТЫН АР ТҮРДҮҮ СЕБЕПТЕРИ АЙТЫЛУУДА
№ЕХ 02-015 борттуу АN-2 учагы Аксы районундагы Жыл-Кол айылынан болгону 1-1,5 чакырым алыстыкка кулаган. Кырсык болгон жерге тиешелүү орган кызматкерлери келип, кароо жүргүзүлүп баштаган экен. Учак айыл тургунуна караштуу короодон 40-50 метрдей алыстыкка кулап, өрттөнүп кеткен. Айыл тургундары «учак айылдын үстүнө кулабаганына шүгүр» дешүүдө. Учакты эртең менен дезинфекциялоого даярдап жатканын көргөн бирөө «учактын үнү башкача чыгып жаткан болчу» десе, дагы бири «эски учак болсо керек» деп ар ким өз божомолун айтышты. Дагы бири «учкуч мас экен, ошон үчүн бирде бийик, бирде жапыз айдап жүргөн» дейт.
Биз барганда ошол жерден өткөн электр зымында учактын дезинфекция жасоого керектелген дары чачуучу түтүкчөсү зымга жармашып, асылып турганын көрдүк. Ал эми электр зымынын 1-1,5 метрдей аралыктагы жери чыйралып калган. Кароо жүргүзүп жаткан учурда ал жерде турган укук коргоо кызматкерлери электр зымы да үзүлүп кетүү коркунучу бар экенин эскертип жатышты.

«УЧАК ЖЕРГЕ ЖАКЫН УЧУП ЖҮРГӨН»
Учактын кулаганын эң алгачкы болуп көргөн күбө, Жыл-Кол айылынын Катыраңкы-Сай аймагында жашаган НУРБАЯН САМАРБЕКОВАнын айтымында, учак жерге аябай эле жакын учуп жүргөн.
– Биз жашаган аймакта мурдагы жылдары чегиртке аябай көбөйүп кеткен. Эгиндерибизди кадимкидей кыркып, оюп жеп салышчу. Ошондуктан буга чейин деле чегирткелерге каршы учак менен дары сепкенин көрүп жүргөм. Учак дары сээп жүргөн убактарда балдарыма ошол жерлерден алыс болушун айтып турчумун.
Кырсык болгон күнү адаттагыдай эле жумушумду жасап, сыртта кир жууп отургам. Учак учуп баратканын да көргөм, жерге жакыныраак учуп бараткан. Аңгыча эле «баң» деген катуу үн чыгып калды. Алгач түшүнө бербедим, тандырдын үстүнө жаап койгон калай тунуке шамалга учуп кетти окшойт деп ойлоп кеттим. Бирок «даң-дүң» деп эле жарылуунун дабышы чыгып жатты. Ошондо эсиме келдим да, дөңсөөнү карай чуркап жөнөдүм. Дөбөгө баратып уюлгуган капкара түтүндү көрдүм. Дөңсөөгө чыгып баратсам, электр зымдары чайпалып жатыптыр, ошол айланада учак алоолонуп күйүп жатат. Мен эмне кыларымды билбей, дендароо болуп туруп калдым. «Ичиндеги адамдар кантти экен?» деп ойлоп, учакты көздөй чуркадым. Мен жеткенче анын ичинен дагы кандайдыр бир нерселер сыртты көздөй атылып, жарылып жатты. Барсам, учактын жанында бир адамдын денеси жатыптыр. Дене учактан 1,5 метрдей аралыкта эле, а мен 10-15 метрдей аралыктан карап турдум. Ал адамга жардам берейин десем, өлүп калыптыр, такыр кыймылдабай койду. Элди жардамга чакырайын деп айылды көздөй баратсам, эки киши велосипед менен шашып келе жатыптыр. Алар «биз ошол жакка баратабыз» дешкенинен, мен бешиктеги баламды ойлоп, үйгө кайттым. Дагы деле жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү басыла элек, аябай коркуп калыпмын.

«КҮЙҮП ЖАТКАНДАРГА ЖАКЫН БАРА АЛБАЙ КОЙДУК»
Дал ошол Нурбаян айым айткан, велосипед минип жардам берүүгө ашыгып келе жаткан айылдыктардын бири КЫЯЗ АКМАТОВду да жолуктурдук. «Күйүп жаткан адамды көрсөң жаман экен, азыр да көңүлүм айланып жатат» деген күбө төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Талаага коон чапканы чыккан болчумун. Учактын дары сээп жүргөнүн көргөм, бир убакта шеригим экөөбүз катуу жарылган үндү уктук. Уюлгуп чыккан кара түтүндү көрүп эле ошол жакты көздөй жөнөдүк. Биз барганча учак күйүп бүтүп, бирок жанындагы адам дале күйүп жаткан экен. Жакын бара албай койдук. Аңгыча элдер да келе башташты. Өлгөн адам дагы деле күйө берди. Бир айылдашыбыз автоунаасы менен келип калып, ал өрт өчүргүчү менен күйүп жаткан денеге чачып кирди. Дене бир аз түтөп өчүп барып, кайра күйө берди. Күйгөндө адамдын ичи да жарылып кетет экен. Ошону көргөндөн бери азыркыга чейин жүрөгүм айланып жатат.


 

«УЧАК ЗЫМГА УРУНУП, ЖАРЫЛЫШЫ МҮМКҮН»
Учактын эмне себептен кулаганы азырынча так белгисиз. Бирок алгачкы божомол айтылган, ал – күчтүү чыңалуудагы электр зымына тийип кулаган деген пикир.

Учактын кулоо себептери боюнча билели деп ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, ыкчам нөөмөт кызматкери АКБАРАЛИ СЫДЫКОВдон жооп алдык.
– Аксы районуна караштуу Катыраңкы-Сайда чегирткелерге каршы дезинфекция жасап жүрүп, «Валор Эйр» компаниясына тиешелүү АН-2 учагы кулап түшкөн. Учактагы 3 адам көз жумду. Каза болгондор: Алимжан Токтосунов – 1965-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган, Сапарбек Алымбеков – 1953-жылы туулган, Кербен шаарынын тургуну, Владимир Матвеев – 1951-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну. Ошол эле күнү Таш-Көмүрдөгү биздин №2-издөө, куткаруу отряды кырсык болгон жерде милдетин аткарышты. Ал эми учактын кулоосунун эң негизги себеби катары учак Аксы районунун Катыраңкы-Сай аймагын аралап өткөн Кристалл-Кызыл-Рабат чыңалуусу 220 кВт электр зымына тийип, абада эле жарылууга дуушар болуп, күйүп кеткени айтылып жатат. Толук себебин транспорт прокуратурасы иликтөөдө.

Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aibars
2013-06-04 19:27:15
Kudai ozun bir saktai kor...
0
Nora
2013-06-07 03:05:23
Kudai saktaa, kokustuk aittyrbai kelet tura, otoo okunuchtuu okuya boluptur, Saparbek Alimbekov menin klastashymdyn atasy eken, jatkan jeri jannattan bolsun!
0
№ 552, 31-май-6-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан