Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КУЛПУНАЙ АРЫКТАТЫП, ЭС-ТУТУМДУ ЖАКШЫРТАТ

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж


ТАРЫХЫНАН
Кулпунайдын (клубника) мекени – Түштүк Америка. Европа бул таттуу жер жемиши менен 16-кылымда таанышкан. Француз офицери өлкөсүнө чили кызылгатынын бир нече түбүн ала келет. Кийинчерээк аны Түндүк Америкадан алып келинген кызылгат менен кыйыштыруудан азыркыдай кулпунай пайда болуп, дүйнөгө тарай баштаган.

ПАЙДАЛУУ КАСИЕТИ
Мөмөсү B, C, PP витаминдерине бай. Ошондой эле темир, калий, фосфор, жез, кремний, йод, фтор жана фолий кычкылынын да чоң өлчөмүнө ээ.

ОРГАНИЗМГЕ ТИЙГИЗГЕН ОҢ ТААСИРИ

  • Кулпунай организмди вирустардан коргойт. Сасык тумоо менен суук тийүүнүн алдын алууда колдонулат.
  • Тиштин бүйлөсүнүн сезгенүүсүндө (парадонтоз) жана башка ооз көңдөйүнүн ооруларында кулпунайдын кайнатмасы менен оозду чайкоо сунушталат.
  • Жогорку кан басым жана кан тамырдын, склероз оорусунда ширесин ичсе жакшы. Бул иммунитетти чыңап, тамырды бекемдейт.
  • Ичтейди ачып, ашказан-ичегини жакшы иштетип, алардагы оорулардан айыгууга көмөктөшөт.
  • Курамында аспириндин курамындагыдай заттар болгондуктан, баш ооруну басууда жана температураны түшүрүүдө керектелет.
  • Жаңы кан клеткаларынын жаралышын шарттайт, андыктан каны аздар үчүн мыкты дары.
  • Чарчоону жазып, чыңалуудан арылтат.
  • Тердетүүчү жана заара кубалоочу таасири болгондуктан, табарсык, бөйрөктүн иштешин калыпка келтирет.
  • Арыктоого жардамчы, анткени зат алмашууну жакшыртат жана 100 грамм кулпунайда болгону 30 калорий бар. Анын үстүнө 88 пайызы суудан турат.
  • Антиоксиданттык таасиринен улам ракка каршы касиетке ээ жана организмди картаюудан сактайт.
  • Виагранын ордун алмаштыруучу табигый каражат. Данынын курамындагы цинк аялдардын да, эркектердин да сексуалдык жөндөмүн арттырып, бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн 25 пайызга жогорулатат.

ТЕРС ТААСИРЛЕРИ ЖЕ КИМДЕР ЭТИЯТ КОЛДОНУШУ КЕРЕК

  • Аллергиясы барлар. Бирок адистер мындай оорусу барлар кулпунайды аз гана жеп, артынан сүт же айран ичсе, аллергиясы козголбойт дешет.
  • Жогорку кан басым оорусунан жабыр тартып, дары ичип жүргөндөр.
  • Ашказандын жарасынан жана гастриттен жапа чеккендер.

Ашкана
КУЛПУНАЙ КОКТЕЙЛИ
Мындай коктейль сергитип гана тим болбостон, организмге пайдалуу жана ток кармайт. Сүт ичкиси келбеген балдар да коктейлдин арты менен сүт ичип калат. Кулпунайдын коктейлин эрте менен ичсе энергия менен камсыз болуп, көңүлү көтөрүлүп, сергек тартып калат
.

Керектүүлөр:
Кулпунай – 70 грамм
Сүт – 200 грамм
Пломбир балмуздагы – 3 аш кашык
Кант пудрасы – 20 грамм (муну кулпунай кычкыл болсо гана кошуу керек!)

Жасоо ыкмасы:
Кулпунайды жууп, сабактарын алып салуу кажет. Блендерге балмуздакты, сүттү, кулпунайды салып, аралаштырыңыз (блендер жок болсо кашык жардамга келет). Сиз эңсеген коктейль даяр!

Косметика
МАСКА

  • Косметикалык мыкты каражат. Маска катары колдонсо, беттеги майда бүдүрлөрдү кетирип, теридеги тешикчелерди кичирейтип, бетти агартат. Терини чыңап, сепкилди кетирет.
  • Майлуу тери үчүн жаңы үзүлгөн кулпунайды эзип, бетке жаап, 20 мүнөттөн соң жылуу суу же муздак сүт менен жууп салуу керек.
  • Териси абдан сезимтал жана кургак бетке эзилген кулпунайдын үстүнө 2 чай кашык бал, 1 чай кашык быштак кошуп коюулары керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Элизанын "кулпунай" коктейли адамды сергитет

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(16)
Super TV
03.06.2013. 09:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
15-12-2014 19:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм..жегим келип кетти
03.06.2013. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
03-05-2012
Соӊку аракети:
08-06-2018 02:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Abu Dhabi UAE
0
en paydaluu keneshter! chonm rahmat! jana dagy kop-kop ushul siyaktuu keneshterdi kutobuz.
03.06.2013. 14:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
0
Блендерге кулпунай менен бананды анан кум шекер салып даярдаса да соонун парфе болот.
Super TV
03.06.2013. 14:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
11-06-2012
Соӊку аракети:
09-09-2016 17:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуп калат экен. ичким келтат)))
04.06.2013. 11:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
22-04-2013
Соӊку аракети:
05-11-2016 15:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
stockholm
0
Jakshy kenesh jazylyptyr.balama kokteil jasap berein.
Super TV
04.06.2013. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
05-01-2012
Соӊку аракети:
03-12-2017 14:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
mm jakshiii,,бирок Елизанын оозуу кантет
05.06.2013. 16:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
18-01-2014 19:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat!Sonun kengeshter eken!
05.06.2013. 23:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-05-2013
Соӊку аракети:
31-10-2016 22:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенеш жазылыптыр. Чооооон рахмат. Бирок чындап эле сепкилди кетиреби?
09.07.2013. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-07-2012
Соӊку аракети:
22-08-2018 17:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
ice_baby, сепкил тубаса болсо конечно кетпейт да.
06.06.2013. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
06-02-2013
Соӊку аракети:
26-06-2018 13:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
0
ой ииий кулубниканы суйуп жеймин, бирок бетке кою мени учун жаль андан коро тоюп жегеним жакшы го хе-хе-хе.
Super TV
06.06.2013. 18:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
29-04-2013
Соӊку аракети:
10-10-2014 11:19
Жынысы:
Белгисиз
0
озуну жаман кыйнап суйлоптургоо
07.06.2013. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
331
Катталган:
19-11-2012
Соӊку аракети:
13-04-2018 08:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
0
Менин эн жакшы коргон жемишим бишкеке товарга барганда 1челек алып жейм а кактейлди рахмат айтканынарга пайдвлуу экен
10.06.2013. 15:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
583
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
06-09-2016 10:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
бетке чын эле жардам берет мен жылына колдоном
Super TV
10.06.2013. 18:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
851
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
08-05-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогондо жакшы эле суйлой экен! ырдаганда ото эле оозун кыйшайта берет! ошону ондосонуз жакшы болот!
18.06.2013. 11:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
29-06-2012
Соӊку аракети:
09-05-2016 14:44
Жынысы:
Белгисиз
0
En paidaluu maalymattar, rahmat!
Super TV
22.06.2013. 01:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
11-01-2012
Соӊку аракети:
28-08-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу кыйшык болсо да байдын баласы суйлосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: