Бул жолу 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай Каракол шаарындагы «Ирада» балдар үйүнө сапар алып, балдар менен жакындан таанышууну көздөдүк.
Караколдогу «Ирада» аттуу балдар үйү 2007-жылы уюшулган. Тагдыр балдарды бул жерге ар кандай жол менен алып келген. Алар ата камкордугун, эне мээримин балдар үйүнөн тапкандай сезилди. Маегибизди балдар үйүнүн жетекчиси АЙНАГҮЛ ӨМҮРБАЕВА менен баштадык.
– Мен балдар үйү ачылгандан үч айдан кийин келдим. Учурда тарбиячы, медайым жана директор болуп үч кызматкер иштейбиз. Негизи, бул балдар үйү 12 балага ылайыкталып, 3 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдү кабыл алуубуз керек. Бирок айрым учурда 1 жашка чыга элек балдарды да кабыл алуубузга туура келет. Кыш мезгилинде кароосуз өспүрүмдөрдүн саны көбөйүп кеткендиктен, 12 балага ылайыкталган үйгө 20сын багууга туура келет. Балдар үйү ачылганына беш жыл убакыт өтүп, ал убакытта 168 бала тарбиялап чыгардык. Азыр бизде 12 бала тарбияланып жатат. Алардын төртөө кыз, сегизи эркек.
Жергиликтүү бюджет тарабынан бөлүнгөн каражат кийим-кече, оюнчук, балдардын тамак-ашына сарпталат. Андан тышкары жергиликтүү тургундар балдарга колунан келген кийим-кече, оюнчуктарды белек катары алып келишет. 17 жашка чыккан алгачкы бүтүрүүчүлөрдү жакында узатабыз. Быйылкы жылы биринчи тарбиялануучу мектепти аяктап жатат. Ал бала ашпозчу болом деп эңсеп жатканын көрүп, ашпозчулук окууга өткөрөлү деп аракет кылуудабыз.
Жетекчи менен сүйлөшкөндөн кийин балдарды кепке тарттым. Өспүрүмдөр колумдагы фотоаппарат, диктофонго тигиле карашып, «мен сүйлөп берем» деп талаша да кетишти. Земфира: – Балдар үйүнө жакын жайгашкан мектепте 3-класста окуйм. Мектепте жакшы окуйм, бүгүн грамота алып келдим. Чоңойгондо Неля эжедей ырчы болгум келет. Ата-энем тирүү экенин билем. Бирок мени үч жашымда бул жакка таштаган боюнча келбей жатышат.
Бакыт: – Мени кичине чагымда ата-энем балдар үйүнө өткөрүшкөн экен, бирок эмне себептен экенин билбейм. Ата-энемди көргөн жокмун. Айрым учурда алар кандай адамдар болду экен деп ойлоп кетем. Балдар үйүндө жашап жүргөндө, 11 жашымда Ак-Суу айылынан бир үй-бүлө мени багып алышкан. Бирок ал жакка такыр көнө албай койдум. Эртеден кечке жумуш жасап, бутум менен ылай эзем. Ойногонго убакыт табылбай, кичине бир нерсе болсо эле жеме угуп, таяк жейм. Акырында чыдай албай бул жерге кайра кайтып келдим.
Асема: – Мен 14 жаштамын. Апам каза болуп калган, атам тирүү, бирок кайда экенин билбейм. Учурда убактылуу мектептен окубай элемин. Себеби тийиштүү документтеримди жоготуп алгам. Жакында кайра мектепке барам.
«Өлүм айтып, кырсык күттүрүп келбейт» демекчи, ата-энени баладан айрыган ажалга арга жок. Ал эми балдарды ара жолго таштоо, тирүү ата-энеси туруп, жетим балдар үйүндө тарбияланышы – коомдун көйгөйү.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg