Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж


(Башы өткөн сандарда)

Ошентип, учактагы таанышуу Адилеттин пайдасына чечилгенсиди.
– Жерге конгон соң кездешпейлиби?- деген жигиттин суроосуна «жок» деп жооп берген Асман андан оңой кутулчудай эмес. Учак «Манас» аэропортуна конор замат жүк алуучу бөлүмгө жүткүндү Асман. Адилет дале жанынан жылбай жүрөт. Жан-жөкөрлөрү көп окшойт, кучак жайып машина даярдап тосуп алышты, 3-4 бала Адилетти. Асман таксиге отурарда чемоданын шап кармады да, сүйрөп жөнөдү жигит.
– Асман, коркпо, мен жеткирип коём сени. Биз турганда сендей карындаштар такси менен жүргөнү болбойт го?
– Жок дебедимби, жок, кандай немесиңер? Жабышкан бүргөдөй болуп?!
Ушул жерден жигит аргасыз жылмайды, «мейли, бүргө дейсиңби, башка дейсиңби, баары бир жеткирем да кетем».
Канчалык кагып-силкпесин, Асман акыры Адилет менен кошо машинага отурду. Жолдо катар сүйлөп кирди эле:
– Сиз чарчаган жоксузбу? Асманда деле, жерде деле оозуңуз тынбайт экен да! Мен чарчадым алыс жолдон!
– Макул, макул, дарегиңди айт, ошол жакка буралы рулду.
– Ахунбаев көчөсүндө.
– Бир сөзүң, болду.
Карачы, тагдыр деген ушул белем, канчалык качпасын Адилет Асмандын көңүлүн оорутпай, көксөгөн буюмун алып берип, көңүлүн алганга жетишти. Айлар өттү, баягы Москвадагы
уруштан соң Мирзат башка кыздын колун кармап кетти. Аны дароо эле чогуу баргандар жеткиришкен Асманга.
– Сен кетериң менен эле Мирзатка бир кыз жабышып, экөө бир жума чапталышып чыкпай жүрүштү...- деп сөз кылып кала беришти. Асмандын жообу даяр.
– Ха-ха, бактылуу болушсун. Мен ал экөөнө бакыт каалайм!
Ушинтип сыртынан айтканы менен, ичи – жалын, сырты – чок. «Акмак, саткын, эки жүздүүлөр» деп кекенет аларга. «Муну чыныгы сүйүү деп деле болбойт» деп жооткотот өзүн.
Анткен менен жашоосунда Тилектен баштап Мирзатка чейинки мырзалар болду. Алардын кимисин чындап сүйдү, азырынча муну айтууга эрте. Балким, бирөөсү балалык сүйүү, кээ бирлери тоок сүйүүдүр, ким билсин? Ушинтип жүргөндө жолунан жолуккан Адилет Асман үчүн баарын жасады, башка жигиттердей коркоктук кылып ара жолдо калтырбады кызды. Сахнадабы, башкадабы, колдоп-коштоду сулууну.
Адилеттин бир уулу бар. Бирок байып кеткенде жубайы баласын алып төркүнүнө кетип калган. Асман менен сүйлөшүп баштаганда эле мунусун ачык айткан. «Уулум бар, аялым жок» деп. Асман болсо Адилет менен ашыктык отуна күйбөсө да, жөн гана жанында жүргөнүнө кайыл. Жан дүйнөсүндөгү будуң-чаңды ошол жигит сапырып салгансый берет. Кайсы учурда, кандай кырдаалда болбосун ал дайыма жанында, чакырса жетип келет, баарын камсыз кылат. Анын үстүнө жалгыз башын Асман бага албай эмне болуптур. Мындай күндөрдө «Мирзат үйлөнөт экен, өзүнүн жердешин алат имиш» деген кеп угуп калды. Андан да жаманы, анча-мынчалардын «Мирзат Асманды таштап, ырчы эмес, башка кыздын колун кармады» дегени кыжырды келтирди. «Тимеле мен ага өзүм ашык болгонсуп» деп тиштенип, моюнга алгысы келбейт. Бирок бугу бар, махабат отунан күйгөн. Бул учурда Адилет АКШга кеткен болчу. Интернеттен Асман менен сүйлөшүп отуруп, «чет өлкөдө болдуң беле?» деген суроо салды.
– Ммм, болгом.
– Кайсы жерлерде?
– Талас, Ош, Нарын, ха-ха-ха! Россия, Казакстан, Өзбекстан!
– Мен бир жумадан соң Дубайга барам! Дубайды көргүң келеби?
– Кимдин эле көргүсү келбесин? Концертим бар да, бирок.
– Отмена кыл да. Жомоктогудай эс алып кайтасың, кандай, жактыбы сунушум?
– Ммм, ойлонуштурайын. Бул жуманын аягында клип тартмакмын.
– Клипти Дубайдан тартабыз!
Мынакей, бул күтүлбөгөн сюрприз болду. Көңүлү жайында эмес жүргөндө минтип эс алганы баратат. Чемодан камдаш керек! Ушинтип бактылуу болуп бүтө электе Меку деген
менеджер чалды.
– Асуля, бир жаңылык уктуңбу? Мирзатчы...
– Э, аны менен менин ишим эмне, мага демектен президенттин кызын албайбы, мага баары бир! Апасы тандаган кызга үйлөнүптүр. Бактылуу болсун!
– Койчу. Чын элеби?
– Ооба. Элдин баарына айтып кой. Мен Дубайга кетип жатам! Эс алганы, ураа!
Ошентип, Мирзаттын тою деген күнү Асман Дубайга учуп кетти. Кулак-мээсин жеген ушак сөздөн бир чети кутулгансыды, бир чети жыргап эс алганы баратат. Өзүнө катуу талап
койгон: «Кайгырба, бака, саз биздики» деген ураан астында баарын жеңем, жетпегенге жетем!» деп.
Дубай. Укмуштуудай эс алуу. Куму сапырылган ысык чөл, баарын кол менен жасап койгонсуп көрктүү, кооз жер. Жанында жигит, күнүгө ар кандай сюрприздер, белектер! Кыскасы, керемет эс алышууда Асман менен Адилет. 10 күндүк эс алуу учурунда клип тартканга да жетишишти. Мыкты актёрлор, сулуу бийкеч, анан ага корогон оңбогон акча... Кыргызстанда ырчы жигиттин тою кепке алынса, Асмандын аты тынчып калгансыды. Дубайдан эле кызды коё бергиси келбеген Адилет Лондонго алып жөнөдү. «Ал жактын да кооздугуна суктан, эл көрүп, жер көрүп эс алып келесиң» деди.
Жаздын илеби Лондондо. Күнүгө дыбырап жамгыр жаап жиберет да, кайра ачылат. Кыскасы, кызык табият менен кошо кыз Лондондун көчөлөрүндө сейилдеп, өткөндү унутуп, бүгүнкү куунак күн менен жашоодо. Абасынанбы же эс алуунун таасириненби, айтор, Асман бир аз толуп алды. Мына ушинтип эстен кеткис эс алуудан соң кайтып кичи мекенине келди. Келсе, кайрадан баягы ушак сөздөр, чыгармачыл чөйрөдөгү бүтпөс интригалар чордону. Теле, радио, гезит, журналдын баарында Мирзат жүргөндөй сезилди. Көргөн-билгендин баары эле Асманды тиктешет «ой, ачылып кетипсиң, толуп кетипсиң» дешип кытмыр жылмайып. «Мени силер баккансыбай жөн тургулачы» деп кагып коёт анткендерди. Асман да тим турбай Дубайдан тарткан клибин монтаждап бүтүрө салды. Көңүлү эми жайына түшкөнсүдү. Өзү достошуп жүргөн журналисттин бирине чалып, «сонун маек куруп берейинби, менде жаңылыктар море» деди. Журналист мындайды кантип колдон чыгарсын, ошол эле күнү аны маектешүүгө чакырды.
Дубайдагы, Лондондогу сүрөттөрүн алып, катуу даярдык менен интервью берүүдө. Ар кайсыны айтып мактанып да, болгонун болгондой айтып да отурат. Бир убакта баягы эски тема козголду эле «давай, өткөн өттү, кеткен кетти, мен алдыңкы пландарым, азыркы сүйгөн адамым, чыгармачылыгым тууралуу сүйлөп берем» деп көшөрүп болбой койду.

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

Жакында...

ТАГДЫР ОЮНУ-3
Окурман, гезитибизде орун алып, кызыгуу жаратып келген «Тагдыр оюну» чыгармасы али аягына чыга элек. Үч муундун башынан өткөн сыноолордун эң толкундатуучу учуру эми келди. Мурун эгиз жигиттердин жүрөгү бир бийкечке байланса, эми өздөрүн бир туугандарбыз деп эсептеген Аскат менен Айданектин ууз сүйүүсү баяндалат. Эки жаштын сүйүүсү ата-энесиникиндей армандуу болуп кала береби же жеңип чыгышабы? Ал эми сүйүктүү каармандарга айланган Азирет менен Бегимайдын жолдору биригеби? Жооп жакында... Аз калды... Каармандарыңыз менен бирге болуңуз!

Жолдошбек Кудайбергенов



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Башка сандарда:
Комментарийлер(36)
10.06.2013. 11:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
08-10-2012
Соӊку аракети:
24-05-2016 18:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KYRGYZSTAN
+1
Emi emne bolot eken...
10.06.2013. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
20-04-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 02:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жаштардын шаары Жалал абад
0
Эми точна эле Бадыева экени белгилуу болду окшойт ээ.Урмат Усеновду мындай деп ойлобогом. Бакуля эжеге ийгилик каалайм. Жолдошу ким элеее Адилетпи ошол менен бактылуу болсун ээ
10.06.2013. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
304
Катталган:
23-04-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 00:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
сооонун жерине келгенде бүтүп калыптыр гоооо...кооптон эле жазгылааачыыы....даааагы бир жумааа:((((
10.06.2013. 11:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
21-10-2013 09:37
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урмат Усенов эмес окшойт, анткени ырчыга эмес башкале бироого апасы тандаганга уйлонду деп атпайбы???
10.06.2013. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
25-08-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 08:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aslana, урмат эле эмнеге дегенде аяш эжеси айткан эле неля менен бактыгул урматтын уйуно барганда апасы неляны жактырган экен. Эми кичине чыгармага озгортуу кийирет да.
10.06.2013. 11:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
10-06-2013
Соӊку аракети:
12-07-2013 01:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik
10.06.2013. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-05-2013
Соӊку аракети:
31-07-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх Бакуля сени элестетип атып эс ооду а баса торогон жерин жазат болду бекен ошол эс алууда боюнда болуп толуп келген дешет ко баягы денизге арманын айткан клиби да э
10.06.2013. 12:51 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
24-04-2013
Соӊку аракети:
28-02-2018 01:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Балалыгым өткөн жерде.
0
Ооба мен дагы ошол клибин элестеттим. Бирок,жаман кылыптыр ээ, боорум ачып кетти байкуш кыздын ошондогу абалын элестетип алып.
10.06.2013. 13:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
18-05-2009
Соӊку аракети:
15-10-2013 14:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул эмес бул. Мирзат ырчыга уйлонгон жок деп жатпайбы демек ал эмес. калп эле бироонун жугун которо бербегилечи. чыгарма да
10.06.2013. 14:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
12-08-2013 21:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
0
ИИИй мынча кызык болуп баратат.бир жума качан бутот.Супер инфо дагы канча сериал калды.айтып койгулачы сураныч.
10.06.2013. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
29-06-2011
Соӊку аракети:
24-08-2018 16:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап эле Бактыгул, Урмат анан Неля окшойт. Себеби Бакулянын Журок тагы ыры Дубайда 2009-жылы тартылып чыккан. Ушул эле 2009-жылы Урмат менен Неля уйлонгон. А Адилет мумкун азыркы куйоосу
10.06.2013. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-05-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 12:27
Жынысы:
Белгисиз
0
bakulya bakulya dey berip siler,okugan sayin Badyevany elestetem
10.06.2013. 17:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
17-05-2013
Соӊку аракети:
26-04-2014 19:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
super info silerden surany4 zakirovanyn ozunon malymat alyp bergile4i bizdi jurok orlu kylbai
10.06.2013. 17:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы келесоо "ооба ошондогу менмин" деп айтат эй. Бул деген чыгарма деп эле козду жумуп алып окуп атам мен
10.06.2013. 18:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
05-08-2013 19:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бадыеванын эле дал озу.Просто Мирзатты ырчы кызга уйлонгонун буруп коюптур.
10.06.2013. 20:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
23-11-2012
Соӊку аракети:
25-09-2014 03:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет азыркы куйоосу дда россияга жынцы ташыйт биринчи носки сатып байыган клибимди жигитим болуп тарттык деп айткан ошол клибинде биринчи жолу толук болуп чыккан,жигитим мн саякаттап келдим эле дей берчу Акшдан жигитим тюльпан узуп берди деп суротк мн супер инфого чыккан неля мн урматтын свадьбасынан кийин точноооо Бактыгул
10.06.2013. 21:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
13-05-2012
Соӊку аракети:
02-06-2014 20:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Адилет деген азыркы куйоосу эмес, ал жигитин таштап азыр башкага тийип кеткен. Ал жигити Новосибрден бизнесмен болчу. Бакуля учун коп нерсе кылган. Кийин тангалыштуу болунуп кетишти.Чыгармачылыгына чоон жардам берген. Экоо уйлонот го деп жургом. Кийин генералдын баласына тийип кетти го :(((
10.06.2013. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
15-04-2013
Соӊку аракети:
23-02-2018 07:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaisi Generaldin balasi?
11.06.2013. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
20-05-2013
Соӊку аракети:
20-01-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Дааа Бактыгуль, Урмат, Неляларды эле окугандай эле болуп жатам!
11.06.2013. 14:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
10-05-2013
Соӊку аракети:
14-06-2013 16:09
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык болуп барататко...
11.06.2013. 20:25 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
+3
унчукппай окусанар еуув , автор чё та чыгарманы озгортуп койду силер урмат неля дей берип)))
11.06.2013. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
09-09-2011
Соӊку аракети:
05-02-2017 14:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh-Кара-Кулжа - ЖАШОО!!!
0
altinim, чыын, унчукпастан окуштары керек эле, озгоруп кетти бул жагы
11.06.2013. 23:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
02-06-2013
Соӊку аракети:
06-10-2013 02:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Урааа тагдыр оюну уланат турбайбы, менин жактырган чыгармам
12.06.2013. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
03-12-2008
Соӊку аракети:
16-11-2018 13:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Эми уй-було очогуна суу буркпош учун чыгармада Мирзат ырчыга эмес башкага уйлонгон деп жазып койсо керек.Бирок бул жерде Урмат,Неля,Бактыгул жонундо соз болуп жатса керек.Чыгарма супсак жазылган.Бул жерде Асманды эле куноолойм шыйпандап турса кайсы эле эркек жон турмак беле.Ошон учун да Мирзат таштап кетсе керек.
12.06.2013. 20:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
25-11-2012
Соӊку аракети:
01-03-2015 22:58
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдыр оюну жакшы чыгарма кутобуз
12.06.2013. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
22-11-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КG
0
кызыксыз эле болу калды го... андан коро тагдыр оюнун кутойун )))
13.06.2013. 19:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-12-2012
Соӊку аракети:
30-01-2016 22:47
Жынысы:
Белгисиз
0
эми эмне болот экен
14.06.2013. 00:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
302
Катталган:
19-12-2012
Соӊку аракети:
14-06-2018 17:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Urrraaaa. Tagdyr oiunuuuu. Ehhheeeei TAGDYR OIUNUUUU. Uraaa
14.06.2013. 10:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-05-2013
Соӊку аракети:
18-12-2013 00:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул точна бадиева менда бир интервьюсун округам жигитим мен учун баарын кылат америкада эс алып жургондо бир чондун уйунон тюльпан урдап берген деп. Ээй тагдыр оюуну уланат экенда мен 1 Жана 2 серясын окуп буткончо ыйлагам Бул серясында Байкуш Бегимай Эмне болот болду экен
14.06.2013. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
17-11-2018 10:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
0
бакуля лондондо жургондо жигитим гул уурдап мага берген дегени бар эле го.кытай менен дубайды алмаштырып койуптур го.кытайда клип тарттыле го
14.06.2013. 13:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-06-2013
Соӊку аракети:
30-01-2014 00:50
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ийгилик
15.06.2013. 19:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
16-06-2012
Соӊку аракети:
01-06-2016 16:26
Жынысы:
Белгисиз
0
иииййй дагы кутуш керек.коптон эле жазгылачы.ушул чыгарма учун кирем да сайтка.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: